КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКУЛДҮН БЛОГУ

 

 

Урматтуу сайттын катышуучулары!

   Мен сиздер менен өзүмдүн жеке блогум аркылуу учурашып  жатканыма кубанычтамын. Азыркы учур дүйнөлүк кабар алуу айдыңында маалыматтык технологиялардын тездик менен өнүгүп бараткан убагы. Демек,  облустун жарандары интернет аркылуу республикалык, дүйнөлүк жаңылыктар менен гана жакындан тааныш болбостон, облусубузда болуп жаткан позитивдүү окуялар, аймагыбыздын социалдык-экономикалык абалы, облустун эл-аралык карым-катнашы, саясий жана коомдук жактан турукташуусу, маданий өнүгүшү, күнүмдүк турмушу жөнүндө ар дайым кабардар болуп туруусу   зарыл.

   Андыктан,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн расмий сайтын  жогоруда аталган  масаттарды  көздөп  өз ишин  үзгүлтүксүз улантууда.

   Обулстун өкүлүнүн бул расмий сайты аркылуу дүйнө эли, эгемендүү эркин өлкөбүздүн жана экономикалык өнүгүү жагынан потенциалы жогору, жаратылышы кооз Талас жергесинин, анын эмгекчил эли тууралуу кенен маалыматтарды алып, биз менен интерграциялык байланышты күчөтүүгө толук мүмкүнчүлүк алды.

   Мына ушул блог аркылуу биз менен баарлашуу үчүн  түз байланышка чыгып, өз ой-пикирлериңизди, сунуштарыңызды жазып, активдүү кабарлашып турсаңыздар болот. Сиздердин бизге болгон кайрылууңуздар көз жаздымында калбай, мен жана менин жардамчыларым ар бир сурооңуздарга жооп берип турууга бардык аракеттерди көрөбүз.

   Биз ишке киргизип жаткан блог бардыгыбыз үчүн бирдиктүү маалымат айдыңы катары кызмат кылып, ал кызыктуу жана пайдалуу болоруна терең ишенем.

   Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

Мураталиев  Марат Молдонович

Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь