КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Экспорт-импорт

2016 - жылдын жыл жыйынтыгы

Тышкы соода жүгүртүүдө 2016-жылдын январь-ноябрь  айларында облус дүйнөнүн 32 өлкөсү менен соода жүргүздү. Экспорттук жөнөтүүлөр 3181,6 млн. сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1222,0 млн. сомго көбөйдү. Облустун продукцияларынын негизги керектөөчүлөрүнөн болгон алыскы чет өлкөлөрдөн:

Европа өлкөлөрүнүн ичинен: Болгарияга – 203,4 млн.сом, Босния жана Герцеговинага 12,9 млн. сом, Германия – 1,3 млн. сом,  Литва – 1,9 млн.сом, Польша – 69,0 млн.сом, Румынияга - 8,9 млн.сом, Сербияга – 232,6 млн.сом, Словения – 2,8 млн.сом,  Великобритания – 1,5млн.сом, Финляндия – 0,002 млн. сом, Хорватия – 1,4 млн.сом, Черногория – 41,2 млн.сомдук продукциялар жөнөтүлдү.

Азия өлкөлөрүнүн ичинен Афганистан – 1,2 млн.сом, Ирак – 8,3 млн.сом, Грузия – 107,6 млн.сом, Турцияга – 1710,6 млн.сом, Иранга- 43,7 млн.сом,  Малайзия – 0,044 млн.сом, Кытай – 0,1 млн.сомдук продукциялар жөнөтүлдү.

Экспорт боюнча облустун негизги өнөктөштөрү болгон КМШ өлкөлөрүнүн ичинен  Россияга – 271,7 млн.сом,  Казакстанга – 18,5 млн. сом, Туркменстанга – 4,1 млн сом, Беларусияга – 4,3 млн.сом, Молдова – 3,0 млн.сом, Узбекистан – 431,1млн. сомдук продукциялар жөнөтүлдү.

Импорттук түшүүлөр облус боюнча 1525,6 млн. сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 98,8 млн. сомго азайды.

 

2017- жылдын жарым жылдык иштеринин жыйынтыгы

2017-жылдын 1-июнуна карата экспорттун көлөмү облус боюнча 575,1 млн. сомду (8,4 млн.доллар) түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 926,4 млн. сомго азайган. Экспорттук жөнөтүүлөрдүн азайып кетишинин негизги себеби, төө буурчактын аз экспорттолушу болуп эсептелет. Алсак, өткөн жылдын ушул мезгилинде 14,5 млн.долларга 29,2 миң тонна төө буурчак экспортко чыгарылса, үстүбүздөгү жылы 8,1 млн.долларга 10,2 миң тонна төө буурчак экспорттолгон. Экспорттук товарлар негизинен төө бурчак, жашылча-жемиштер. Экспорттук өнөктөштөр негизинен Түркия, Болгария, Македония, Сербия, Орусия, Казахстан ж.б. өлкөлөр болду.

Импорттук түшүүлөр 51,4 млн сомду же 749,4 миң долларды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 44,9 миң долларга же 875,8 млн. сомго азайган. Импорттун негизин машиналар, жабдыктар, ошондой эле атайын бир тармакка багыталган механизмдер, күйүүчү-майлоочу майлар, химия өнөр жайынын продукциялары жана күнүмдүк керектелүүчү товарлар түздү.

 

Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь