КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Инвестициялык мүмкүнчүлүктөр

Облус боюнча  2016-жылдын январь-декабрь айларында негизги капиталга 1765,0 млн.сомдук инвестициялар тартылып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 465,7 млн. сомго, же 135,8 пайызга көп тартылды. Анын ичинен райондор боюнча:

-Талас району 2015-жылдын 11 айында 246,3 млн. сом инвестицияларды тартса, 2016-жылдын 11 айында 554,3 млн. сом тартууга жетишкен же өсүү темпин 225,0 пайызга камсыз кылган;

-Бакай – Ата району 2015-жылдын 11 айында 184,1 млн. сом инвестицияларды тартса, 2016-жылдын 11 айында 211,0 млн. сом тартууга жетишкен же өсүү темпи 114,5 пайызга камсыз болгон;

-Кара-Буура району 2015-жылдын 11 айында 327,0 млн. сом инвестицияларды тартса, 2016-жылдын 11 айында 461,1 млн. сом тартууга жетишкен же өсүү темпин 141,0 пайызга камсыз кылган;

-Манас району 2015-жылдын 11 айында 116,2 млн. сом инвестицияларды тартса, 2016-жылдын 11 айында 104,0 млн. сом тартууга жетишкен же өсүү темпин 89,3 пайыз болуп камсыз болбой калган;

-Талас шаары 2015-жылдын 11 айында 425,2 млн. сом инвестицияларды тартса, 2016-жылдын 11 айында 434,2 млн. сом тартууга жетишкен же өсүү темпин 102,1 пайызга камсыз кылган.

Жалпы тартылган инвестициялардын ичинен ички инвестициялардын эсебинен 1149,0 млн. сом, тышкы инвестициялардын эсебинен 616,0 млн. сом тартылган.

Ички инвестициялардын ичинен республикалык бюджеттин эсебинен “Талас-Тараз-Суусамыр” магистралдык автожолун калыбына келтирүү иштерине 57,4 млн. сом, мектептердин курулушуна 169,8 млн. сом каржыланган. Ишкана жана уюмдардын каражаттарынын эсебинен электр энергиясын, газ менен сууну өндүрүү жана бөлүштүрүү обьекттеринин курулушуна 233,6 млн. сом, калктын каражатынын эсебинен соода Объектилерин курууга 34,6 млн. сом жумшалды. 578,6 млн. сомго  жалпы аянты 44,8 миң кв. метр  болгон  402 турак жай  курулуп бүтүп, пайдаланууга берилди.

Тышкы инвестициялардын ичинен чет өлкөнүн насыяларынын эсебинен “Талас-Тараз-Суусамыр” магистралдык автожолун калыбына келтирүү иштерине 232,2 млн. сом, мектептердин курулушуна 15,6 млн. сом, Талас шаарынын музыкалык драмтеатрынын курулушуна 18,3 млн.сом жумшалды. Курулуш республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө.

Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь