КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Ишканалар

2016 - жылдын жыл жыйынтыгы

 Мындан тышкары, жогоруда белгиленип өткөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  “Стабилдүүлүк, ишеним жана жаны мүмкүнчүлүктөр” программасынын иш чараларынын алкагында облуста 2016-жылга 255 жаңы жумушчу орунун түзгөн 41 чакан жана орто ишканаларды ачып ишке берүү пландаштырылса, 2016-жылдын  январь-декабрь айларында 49 ишкана ачылып, 292 адамга жаңы жумушчу орун түзүлгөн.

Район-шаар боюнча белгилеп кетсек: Бакай-Ата району боюнча 7 чакан жана орто ишкана ачылган. Жалпы  26 адамга жаңы жумушчу орду түзүлүп, бүгүнкү күндө райондун тургундарына өз кызматтарын көрсөтүүдө. Кара-Буура району боюнча 13 чакан жана орто ишкана ачылып. Жалпы 50 адамга жаңы жумушчу орун түзүлүп, бүгүнкү күндө райондун тургундарына өз кызматтарын көрсөтүүдө. Манас району  боюнча 10 чакан жана орто ишкана ачылган. Жалпы 28 адамга жаңы жумушчу орун түзүлдү. Белгилеп кетсек, Манас району негизинен жашылча-жемиштердин мекени болуп саналат. Ошондуктан, бул районду жашылча-жемиштерди, анын ичинде помидорду, болгар калемпирин жана башка жемиштерди кайрадан иштетүүчү чакан ишканаларды ачуу райондун дыйкандары өндүргөн продукцияларын сатып-өткөрүүгө жакшы шарттарды түзүп бермек. Талас шаары боюнча бүгүнкү күндө 6 чакан жана орто курулуш иштери  бүткөрүлүп, ишке берилип, 36 адам жумушчу орун түзүлдү. Ал эми Картошканы кайра иштетүү заводу ишке кирсе 60 адамга жаңы жумушчу орун түзүлмөкчү.  Талас району боюнча 13 чакан жана орто ишкана, 7 техникалык сервис  ачылды.  Жалпы 58 адамга жаңы жумушчу орун түзүлдү.

 

Жеке ишкердикти анын ичинде чакан жана орто бизнести өнүктүрүү багытында аткарылган иштерге токтолсок, 2017-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Талас облустук башкармалыгынын маалыматы боюнча облустун аймагында коммерциялык банктардын 18 филиалы өз иштерин алып барган, аларга: "Оптима Банк» ААКнун Талас шаарындагы филиалы, "РСК Банк" ААКнун Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас райондук жана Талас шаарындагы филиалдары,"«Айыл Банк” ААКнун Талас шаарындагы жана Кара-Буура районундагы филиалдары жана райондордогу өкүлчүлүктөрү, "Коммерциялык банк Кыргызстан" ААКнун, ААК "Росинбанк", РК "Аманбанк" ААКнун, "Дос-Кредобанк" ААКнун, "Бакай Банк" ААКнун, «Бай-Түшүм» Банкы ЖАКнун, “ДКИБ” ЖАКнун жана «КИКБ" ЖАКнун Талас шаарындагы филиалдары, “Финка Банк” ЖАКнун Талас шаарындагы жана Кара-Буура районундагы филиалдары, “Банк Компаньон” ЖАКнун Талас шаарындагы филиалдары кирет. 2016-жылдын 1-январына салыштырмалуу 1 филиалга өскөн.

Мындан тышкары, 2016-жылдын 1-июлуна карата областта коммерциялык банктардын 23 сактык кассасы иштеген (2016-жылдын 1-январында – 21 сактык касса).

“АБН” микрофинансылык компаниясы ААКнун 1 филиалы жана 3 микрокредиттик компаниянын филиалдары жана офистери ("Ишкердикти өнүктүрүү фонду" МКК ААКу, "Мол-Булак Финанс" МККсы ЖЧК, "КенАй Файненс" МККсы ЖЧК) өздөрүнүн кызматтарын көргөзүп келишет.

Улуттук банктын областтык башкармалыгы аркылуу лицензия жана күбөлүк алып 9 кредиттик союз, 2 микрокредиттик компания (МКК), 4 микрокредиттик агенттик (МКА) жана 13 акча алмашуу бюросу (жылдын башына салыштырмалуу 4 даанага көп) иштөөдө.

Улуттук банктын областтык башкармалыгы аркылуу 2016-жылдын 1-жарым жылдыгында 4 акча алмашуу бюросуна лицензия берилген.

Банктар жана чакан кредиттик мекемелеринин облустун чакан жана орто бизнести өнүктүрүү багытында иш алып барган жарандарын насыялар менен эффективдүү камсыз кылуусу боюнча белгилеп өтсөк, 2016-жылы 15449 жаранга жалпысынан – 1515,9 млн сомдук насыялары берилген, же өткөн 2015-жылга салыштырмалуу 149,1 млн сомго көп берилген. Экономиканын тармактары боюнча алсак, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Талас облустук башкармалыгынын маалыматы боюнча берилген насыялардын негизги үлүштүк салмагы: айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө (48,7 %) туура келсе, 25,1 % - соода сатыкка, курулуш тармагына – 4,9 %, өнөр жай товарын өндүрүүчүлөргө – 0,4 % жана башка тармактарга 20,8 % туура келет.

 

Облустун басымдуу көпчүлүк калкы айыл чарба тармагында эмгектенет, ошого байланыштуу  айыл чарбасын, анын ичинде дыйканчылыкты колдоо жана өнүктүрүү биздин ишибиздин эң негизги  багыттарынын бири.

Кырыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы №25 сандуу токтому менен кабыл алынган “Айыл чарбасын каржылоо-4” долбоорунун алкагында жыл ичинде жалпысынан 1046 адамга 318,4 млн. сом жеңилдетилген насыялар берилген, анын ичинен жер иштетүүгө жана айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрүүгө 94 дыйканга 27,5 млн сом, мал чарбасын өнүктүрүүгө 950 фермерге  279,6 млн сом жана кайра иштетүүгө 2 ишкерге 11,4 млн сом женилдетилген насыялар берилген. Райондор боюнча алсак, Бакай-Ата районунда-60,9 млн. сом, Кара-Буурада-105,2 млн. сом, Манаста-44,3 млн. сом, Талас шаары жана Талас районунда 108,0 млн. сом суммасында насыялар берилген. Ал эми, банктык мекемелер боюнча карай турган болсок, 2016-жылы “Айыл банк” ААК тарабынан 390 адамга 134,0 млн. сом, “РСК” ААК аркылуу 473 адамга 148,0 млн. сом, Кыргызстан КБ ААК аркылуу 35 адамга 7,0  млн. сом, “Бакай банк” ААК аркылуу 108 адамга 20,0 млн. сом жана KICB ЖАКу аркылуу 40 адамга 9,4 млн. сом жеңилднтилген насыялар берилген.

 

2017 - жылдын жарым жылдык иштеринин жыйынтыгы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  “Ишеним жана биримдик” программасынын иш чараларынын алкагында облуста 2017-жылга  жалпысынан 190 жаңы жумушчу орунун түзгөн 22 чакан жана орто ишканаларды ачып ишке берүү пландаштырылса, алардын 18 жумушчу орунду түзгөн 5 ишканасы ишке берилген.

Район-шаар боюнча белгилеп кетсек:

Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл аймыгынын жеке ишкери М.Джанчыкулов тарабынан темир ширетүүчү чакан цех ачылып, 4 адамга жаңы жумушчу орду түзүлдү.

Талас шаарынын жеке ишкери А.Эралиев тарабынан мал соючу чакан цех ачылып, 6 адам жумушчу орун  менен камсыздалды.

Манас районунун  Нылды айылынын жеке ишкери Б.Алымбаев тарабынан жем тартуучу ишкана ачылып, 2 жумушчу оруну, Арал айылынын жеке ишкери А.Аманкулов тарабынан жем тартуучу цехи ачылып, 2 жумушчу оруну жана Покровка айылында жеке ишкер Бердигулов Ороз тарабынан кафеси ишке берилип, 4 жумушчу орун түзүлгөн.

 

Белгиленген ийгиликтер менен бирге айрым кемчиликтер дагы орун алууда.

Салык булактары боюнча план тапшырмаларды аткаруу жана салык төлөмдөрүн  өндүрүү боюнча тиешелүү мекеме уюмдардын жетекчилеринин жоопкерчиликтерин күчөтүп, кечиктирилгис чараларды көрүү жагы шаардык мэрия жана райондук мамлекеттик администрация башчыларына тапшырылып келсе дагы, бул багытта жер жерлерде, тактап айтканда мамлекеттик салык кызматынын башкармалыктарында жана айылдык аймактарда иш чаралар толук кандуу жүрбөй жатат.

Республикалык бюджеттин киреше бөлүгү планда каралган 100,5 млн. сомдун ордуна 86,0 млн. сом түшүрүлүп 85,6 %га аткарылды. Республикалык бюджеттин салык кирешелеринин план тапшырмасын бардык райондор жана Талас шаары аткарышкан жок. Алсак, республикалык бюджетке чегерилүүчү салыктардын бардык түрлөрүнөн Талас шаары 5217,3 миң сомго, Талас району 3605,2 миң сомго, Бакай-Ата району 1459,8 миң сомго, Кара-Буура району 2924,2 миң сомго жана Манас району 1286,1 миң сомго план тапшырмаларын аткарышкан эмес. Натыйжада, рсепубликалык бюджеттин план тапшырмаларын Талас шаары 87,3%, Талас району 80,3%, Бакай-Ата району 89,6%, Кара-Буура району 82,3% жана Манас району 88,0% аткарууну камсыз кылышкан. Жалпысынан республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө 14492,6 миң сом салык кирешелери түшпөй калган.

Ал эми жалпы түрлөрүнүн аткарылышы боюнча талдоо жүргүзө турган болсок, Талас району салыктык жана салыктык эмес кирешелердин 9 түрүнөн план тапшырмаларын аткара албай бюджетке 7137,1 миң сом, Бакай-Ата району салыктык жана салыктык эмес кирешелердин 12 түрүн аткарбай бюджетке 7611,6 миң сом, Кара-Буура району салыктык жана салыктык эмес кирешелердин 11 түрүн аткарбай бюджетке 6357,0 миң сом, Манас району салыктык жана салыктык эмес кирешелердин 10 түрүн аткарбай бюджетке 2981,4 миң сом, Талас шаары салыктык жана салыктык эмес кирешелердин 7 түрүн аткарбай бюджетке 6905,7 миң сом түшбөй калган.

Натыйжада план-тапшырмалары аткарылбаган салыктардын түрлөрүнүн эсебинен облус боюнча мамлекеттик бюджетке 27962,9 миң сом салык кирешелери түшпөй калды.

Салык чогултууда толук кандуу иш жүргүзүшпөй жаткан айыл аймактарына токтоло кетсек, план тапшырмаларын Бакай-Ата районунун 9 айылдык аймактарынын ичинен Акназаров айыл аймагы 83,6%га, Шадыкан айыл аймагы 74,5%га жана Ак-Дөбө айыл аймагы 70,4%га аткарышкан. Кара-Буура районунун 10 айылдык аймактарынын ичинен салык боюнча план тапшырмаларын Аманбаев айыл аймагы 96,0%га жана Маймак айыл аймагы 98,0%га аткарышкан. Манас районунун 5 айылдык аймактарынын ичинен Үч-Коргон айыл аймагы 97,6%га жана Кыргызстан айыл аймагы 85,9%га аткарышкан. Бир гана Талас районунун 13 айылдык аймактарынын бардыгы салык боюнча план тапшырмаларын аткарышкан.

Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай, бардык  райондордо жана Талас шаарында дотациянын деңгээли жыл башына салыштырмалуу өсүп кеткен. Алсак, Бакай-Ата районунда 29,5% түзүп, 3,6%, Кара-Буура районунда  38,7% түзүп, 9,1%, Манас районунда 25,5% түзүп, 5,3%, Талас районунда 44,1% түзүп, 5,2% жана Талас шаарында 5,3% түзүп, 3,5% көбөйгөн. Айыл аймактары боюнча карай турган болсок, Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө (24,1%), Акназаров (11,9%), Бакай-Ата (4,5%) жана Шадыкан (4,0%) айыл аймактарында өсүп кетсе, Кара-Буура районунун Чолпонбай айыл аймагынан башкасынын бардыгында өсүп кеткен. Манас Кайыңды айыл аймагынан башкасынын бардыгында өсүп кеткен. Талас районунун Долоно (10,4%), Жергетал (17,5%), Калба (10,8%), Кууганды (24,4%), Нуржанов (9,1%), Омуралиев (10,0%) жана Осмонкулов (4,0%) айыл аймактарында өсүп кеткен.

 

Мындан тышкары, чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүү максатында 2017-жылдын 6 айында 658 тескеме ишкердикти текшерүү мекемелери менен макулдашылды, анын ичинен 635и пландуу жана 23 пландан тышкары текшерүүлөр. Ал эми 53 тескеме ар кандай себептерден улам макулдашылган эмес. Алсак текшерүү мөөнөтүн тобокелдик даражасын баалоонун негизинде так сактабагандыктан, мурда текшерилген датаны туура эмес көрсөтүлгөнүнөн, текшерүү мөөнөтүн туура койбогондуктан ж.б. себептерден. Негизинен 554 пландуу жана 22 пландан тышкары текшерүүлөр жүргүзүлүп, 848 мыйзам бузуулар катталып, 155 штрафтык санкциялар колдонулуп, 258155 сом суммасында айып пулу салынган.

2017-жылдын 3-кварталына «proverka.kg» порталу боюнча 325 тескеме макулдашылып, ал эми 29 тескеме ар кандай себептерден улам макулдашылган жок.

Чакан жана орто ишмердикти өнүктүрүү максатында 2017-жылдын 6 айында  облус боюнча насыялар 6-40 үстөк пайыз менен 1409,2 млн. сом, же өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 151,3 пайызга көп берилген.

Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь