КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Айыл чарбасы

2016 - жылдын жыл жыйынтыгы

Облустун негизги тармагы болгон айыл-чарба секторунда 17 млрд. 799 млн. сомдук дүң продукция өндүрүлүп, салыштырмалуу баа менен алганда өсүү темпи 101,6 пайызга аткарылды, анын ичинде райондор боюнча алсак: Талас району 100,0%га, Бакай-Ата району 99,4%га, Кара-Буура району 102,9%га, Манас району 104,2%га жана Талас шаары 101,0%га камсыз кылышты.

2016-жылдын түшүмү үчүн Талас облусу боюнча 104790 га жер аянтына айыл чарба өсүмдүктөрү себилип, өткөн жылга салыштырмалуу 471 га жерге (104319), же 101 % көп себилди. Анын ичинен  92665 га жер аянты сугат жерлер болсо, 12125 га жер аянты кайракы жерлер болуп эсептелет.

Ал эми, 2016-жылы дан эгиндеринин жалпы аянты облус  боюнча 13714 гектарды түзүп, 2015-жылга салыштырмалуу 481 га  көп айдалып, салыштырмалуу өсүү темпи 103,6 % түздү. Анын ичинен:  7088 гектар буудайдын аянттары жыйналып, 2015-жылга салыштырмалуу 317 гектарга көп себилген. Түшүмдүүлүгү 25,2ц айланып, дүң жыйым  17866,0 тоннаны түздү же 2015-жылга салыштырмалуу 1791,9 тоннага көп жыйналып, өсүү темпи 111,1% түздү. Арпанын 2238 гектар аянттары жыйналып, 2015-жылга салыштырмалуу 201 гектарга көп себилген. Түшүмдүүлүгү 18,8ц айланып, дүң жыйым  4215,6 тоннаны түздү же 2015-жылга салыштырмалуу 648,4 тоннага көп жыйналып, өсүү темпи 118,2% түздү. Сүлүнүн 11гектар аянттары жыйналып, түшүмдүүлүгү 18,5ц айланып, дүң жыйым  20,4 тоннаны түздү же 2015-жылга салыштырмалуу 5,0 тоннага көп жыйналып, өсүү темпи 132,5% түздү. Дан жүгөрүнүн 4377 гектар аянттары жыйналып, 2015-жылга салыштырмалуу 29 гектарга аз себилген. Түшүмдүүлүгү 63,6ц айланып, дүң жыйым 27838,4 тоннаны түздү же 2015-жылга салыштырмалуу 105,9 тоннага аз жыйналып, өсүү темпи 99,6% түздү.

Ал эми, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн башка түрлөрүнө токтолсок, 52832 гектар төө буурчактын аянттары жыйналып, 2015-жылга салыштырмалуу 204 гектарга аз себилгендигине карабастан, түшүмдүүлүгү 17,3ц айланып, дүң жыйым  91469,2 тоннаны түздү же салыштырмалуу 1744 тоннага көп жыйналып, өсүү темпи 101,9% түздү. Ошондой эле, 987 гектар май өсүмдүктөрүнүн аянттары жыйналып, 2015-жылга салыштырмалуу 87 гектарга аз себилген. Түшүмдүүлүгү 10,8ц айланып, дүң жыйым  1061,3 тоннаны түздү, салыштырмалуу 107,1 тоннага аз жыйналып, же 90,8% түздү, 493 гектар кант кызылчасынын аянттары жыйналып, түшүмдүүлүгү 317,5ц айланып, дүң жыйым  15653,9 тоннаны түздү, 13571 гектар картошканын аянттары жыйналып, 2015-жылга салыштырмалуу 1182 гектарга аз себилген. Түшүмдүүлүгү 173,5ц айланып, дүң жыйым  239711,4 тоннаны түздү, салыштырмалуу 18357,2 тоннага аз жыйналып, же 92,9% түздү. Жашылчанын 3932 гектары жыйналып, 2015-жылга салыштырмалуу 175 гектарга көп себилген. Түшүмдүүлүгү 193,5ц айланып, дүң жыйым 84074,3 тоннаны түздү, салыштырмалуу 3998,2 тоннага көп жыйналып, же 105,0% түздү. Бакча өсүмдүктөрүнүн 48 гектары жыйналып, 2015-жылга салыштырмалуу 4 гектарга көп себилген. Түшүмдүүлүгү 206,0ц айланып, дүң жыйым 988,6 тоннаны түздү, салыштырмалуу 78,7 тоннага көп жыйналып, же 108,6% түздү. 20664 га көп жылдык чөптүн түшүмдүүлүгү 65,7 ц түзүп, дүң жыйым 135743,8 тонна түздү. Мындан тышкары  төөбурчактын, жүгөрүнүн, самандын бакалы кошулуп (220702,9тн), жалпы 356446,7 тн.   тоют топтолду.

Жалпы облус боюнча 350,0 миң тоннанын тегеригинде тоют керектелсе, учурда базарда чөптүн бир таңгагы  (пресстелген) 100-120 сомдон сатылып жатат. Өткөн жылы    100 -110   сомдон сатылган же өткөн жылга салыштырмалуу чөптүн баасы таңгагына 10 сомдон 20 сомго чейин арзан.

Мөмө жемиштердин 2983 гектары жыйналып, 2015-жылга салыштырмалуу            34 гектарга аз себилгендигине карабастан, түшүмдүүлүгү 68,9ц айланып, дүң жыйым 20555,8 тоннаны түздү же салыштырмалуу 410,8 тоннага көп жыйналып, өсүү темпи 102,0% түздү. Негизги продукциялар алма, кара өрүк жана кулпунайдын түшүмүн жергиликтүү дыйкандар коромжусуз жыйнап алышты. (Жалпы 7454,189 кг жемиштер жана 404,158 кг мөмөлөр Казакстан өлкөсүнө экспорттолгон). Айыл чарба продукция негизинен Казакстандын Тараз жана Чымкент, Россиянын Сибир шаарларына сатылып жатат.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фондусу тарабынан илешкектиги 23% түзгөн III кластагы аштык буудайын 13 сомдон сатып алууга Талас облусуна квота иретинде  460 тонна бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө, облусубуздун дыйкандары III кластагы аштык буудайын толугу менен анализден өткөрүшүп, “Дан-Азык” ААКна сатып өткөрүштү.

Талас облусу боюнча 2016-жылы облус боюнча пайдаланылбай калган жер аянттары 12643 гектарды түзүп, өткөн 2015-жылга салыштырмалуу ( 13209га) 566 гектарга азайган жана Кара-Буура, Манас райондорунда көп жылдык чөптүн аянттары көбөйтүлгөн. Өздөштүрүлгөн жерлерге Манас районунун дыйкандары картошка, жашылча, бахча өсүмдүктөрүн себүүгө басым жасашууда. 

Облустун айылдык товар өндүрүүчүлөрү жыл ичинде минералдык жер семирткичтер менен негизинен   камсыз болушкан (2015-ж 10,2%).   Айыл чарба сугат жерлерине 2016-жылы минералдык жер семирткичтер 24400 тонна керектелет. Анын ичине 13400 тонна азот, 10500 тонна фосфор, 500 тонна калий минералдык жер семирткичтер кирет. Бүгүнкү күнү облуста минералдык жер семирткичтердин 511 тоннасы бар. Анын ичинен: азоттук -355 тонна,   фосфордук –150 тонна жана 6тонна калий кирет. Мындан башка 12000 гектар айыл чарба өсүмдүктөрүнө органоминералдык жана биоорганикалык жер семирткичтер жалбырак аркылуу берилери планга коюлган. 2016-жылда минералдык жер семирткичтерди жана пестициддерди  кардарларга сатуу боюнча облуста  17  соода  түйүндөрү  иштеп облусубуздун айылдык товар өндүрүүчүлөрүн өз убагында камсыздап турушту. Алар; Кызыл-Адыр айылында 7, Бакай-Ата районунда 6, Манас районунда 1,  Талас шаарында 3 соода түйүндөрү.  Аммиак селитрасынын  1 кг 18-19 сомдон, хлористый калий 1кг 25 сомдон, аммофостун 1кг 25-26 сомдон жана суперфосфаттын 1кг12-13 сомдон  сатылууда.

2016-жылында  ирригациялык суу системаларын оңдоо-түзөө багытында аткарылган жумуштарга токтолсок, Кара-Буура районунун  Сарымсак каналында жалпы долбоордун суммасы 450 млн. сом менен каралса, 2012-жылы Кара-Буура районундагы ОсОО «Нарктоо» ишканасы тендердик лотту утуп алып, 27,165 млн. сомго реконструкциялык иштерди башташкан, бирок сапатсыз реконструкциялык иштерди аткарышкандыктан, курулуш иштери токтотулуп, кайрадан 2014-жылы  өткөзүлгөн тендердик лот №1 менен 98,6 млн.сом коюлуп, «Талассуукурулуш»  жабык акционердик коому бирикмеси утуп алган. Бүгүнкү күнгө реабилитациялык жумуштар 122,5 млн.сомго аткарылды. (2013-жылы- 10,0 млн.сом, 2014-жылы- 39,0 млн.сом, 2015-жылы-  44,5 млн.сом). 2016-жылы аткарылган жумуштардын көлөмү 29,0 млн.сомду  түздү. Жалпысынан реабилитация долбоорунда 450,0 млн. сом  каралса, бүгүнкү күнгө аткарылган жумуштардын көлөмү 147,165 сомду, же жалпы долбоорлук баанын 33 % түздү.

 Кара-Буура районунун  Күркүрөө  дарыясынын «Бахты-Ногой» каналынын курулушу 1992-жылы токтотулуп, финансалык каражаттын жоктугунан консервацияга коюлган. Долбоор боюнча каналдын суу өткөрүү жөндөмдүүлүгү 8,0м3/с өлчөмүнө эсептелген. Сугат суу топтоо көлөмү 400 000м3 болгон суткалык жөнгө салуучу бассейн (БСР) бүтпөй жана каналдын Г- түрүндөгү блоктор менен 1,7км аралыгы курулбай калган. Ошондой эле, каналдын башкы суу алуу курулмасы жана каналдын 1,0км аралыктагы бетон менен өтүүчү уландысы, каналдын «Ногой» каналына куючу курулмасы курулбай, токтотулуп калган. «Бахты-Ногой» каналынын башкы суу алуу курулмасы менен  толук реконструкциядан өткөрүү аркылуу жаңы 250 гектар сугат жерлери киргизилип, 2807 гектар жер аянттарынын суу менен камсыз болушуна көмөк берилет. Бүгүнкү күнү Бишкек шаарынан келген  ОсОО «Геоконсалт» бирикмеси, жетекчиси Ким А. Г. жана анын адистери менен биргеликте «Бахты-Ногой»  каналын толугу менен геодезиалык-чалгындоо иштери жүргүзүп жатышат.

Талас районунда Талды-Булак а/аймагына тиешелүү ички чарба каналдарын  реабилитациялоо долбоору боюнча 19,992 млн.сомго механикалык тазалоо жана гидротехникалык курулмаларды оңдоо иштери каралган. Подряддык мекеме катары Бишкек шаарынан ОсОО «ДОН» бирикмеси иштеп жатат. Учурда аткарылган жумуштардын көлөмү 18,0 млн. сомду же 90% түздү.   Ички чарба каналдардын  периметри боюнча   2,45 км аралыгында  монолиттик бетондоо иштери жасалды.

Долбоор боюнча каралган «Ак-Коргон» ички чарба аралык каналдын 2-катмарын бетондоо иштери, «Уч-Кошой» өзөнүнөн акведук аркылуу суу куйманы куруу иштери аткарылышы керек болууда. Азыркы күнү финансалык каржылоо  болбогонунан  реабилитациялык иштерди толугу менен бүткөрүүгө мүмкүнчүлүк болбой жатат.

Бакай-Ата районунун Шадыкан а/аймагындагы «Туйте» айылында   тамчылатып сугаруу ыкмасын колодоонуу максатында суу сордуруп чыгаруу скважиналарын  куруу жана  орнотуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  №121 буйругунун негизинде  сметалык- долбоордук баасы 13,73 млн.сом менен тендер өткөзүлүп,  ОсОО «Строительная компания КАК» утуп алып, подряддык ишкана катары аныкталган. Долбоор боюнча  «Туйте» айылынын 100 га жерине  3 даана скважиналар курулмасы менен  тамчылатып сугаруу  жүргүзүлөт. Аткарылган жумуштардын баасы 13,73 млн.сомду же 100% түзөт, 1-скважинаны куруу иштери  бүткөрүлүп, 2-3- скважиналардын орнотуу иштери бүткөрүлгөн. 

Мелиорация багытындагы иштерге токтолсок, Талас районунун Бекмолдо а/аймагында 4,1 км коллектордук суу-сарыктырма тармагында  тендер өткөзүлүп, Бишкек шаарынан «Гидрострой» бирикмеси  741,1 миң сомго утуп алып, 644,0 миң сомго же 87% аткарды. Кара-Буура районунун Бейшеке а/аймагында 0,950 км коллектордуук суу-сарыктырма тармагында 251,2 миң сомго тендер өткөрүлүп, Бишкек шаарынан «Гидрострой» бирикмеси утуп  алып,  иштеп жатышат. Кара-Буура районундагы Аманбаев а/аймагында 1,740 км коллектордук суу-сарыктырма тармагында  300,1 миң сомго тендер өткөрүлүп, «Кен Арал Айыл Курулушу» бирикмеси  утуп алган.  Келишим түзүлүп, жумуштардын башталышы күтүлүүдө. Бакай-Ата районунун Шадыкан а/аймагында Түйтү айылында 1,0км коллектордук суу-сарыктырма тармагында 172,2 ми. сомго тендер өткөзүлүп, «Кен Арал Айыл Курулушу» бирикмеси  утуп алган. Келишим түзүлүп, жумуштардын башталышы күтүлүүдө.

Талас облусу боюнча вегетация мезгилине суу берүү планы 789,4 млн.м3 түзүлсө, иш жүзүндө 906,5 млн.м3 суу берилди же 115% түздү. Вегетация мезгилинде Сугат суу маселеси «Киров» суу сактыгычынан Казак Республикасына график боюнча 537,6 млн.м3 сугат суу берилиш керек болсо, иш жүзүндө 553,5 млн.м3 сугат суу берилди же 103% түздү. Манас районуна «Киров» суу сактагычынан план боюнча 139,5 млн. м3 сугат суу пландаштырылса, иш жүзүндө 139,6 млн.м3 же 100% түздү.

Обулус боюнча бардыгы 553,3 км узундуктагы суугат каналдары бар. Быйылкы жылы чарбалар аралык каналдардын ремонт иштерине план боюнча 8222,76 миң сом каралса, 8891,86 миң сомго жумуштар аткарылып же 108,2% түздү. Анын ичинде 18,67 км. узундуктагы каналдардын ремонту планда каралса, иш жүзүндө 19,3 км канал ремонттолгон же 103,4 % түздү. 584 суу чарба курулуш обектисинин ичинен планга 99 ремонттоо талап кылынса, бул багыттагы иштер 101,0 % аткарылган. Ошондой эле, 210 даана суу чарба тоскоолдорунан план боюнча 65 даанасынын ордуна 66 даанасы ремонттон өткөрүлүп же 101,5 % аткарылган.

Суу алуу планы 598,3 млн.м3 суу болсо, иш жүзүндө 606,6 млн.м3 сугат суу алынды же болбосо 101% түздү. Быйылкы жылы  баардык айыл чарба өсүмдүктөрү керектүү көлөмдө толугу менен  сугарылды: көп жылдык чөп 3 сугаттан, дан эгиндери 2 сугаттан, төө буурчак 3 сугаттан, жашылча жана мөмө-жемиштер 4 сугаттан өткөрүлдү.

Мындан тышкары, Өнүгүүнүн Улуттук стратегиясына кирген  Кыдыралы, Сарымсак, Бакты Ногой, Кызыл Жар  каналдары боюнча материалдар даярдалып, КР сугат системаларын өнүктүрүү 2017-2025-жылдар тизмесине киргизилди.

Талас облусунда 2016-жылга коюлган милдеттери боюнча планда жалпы аянты 7500 чарчы метрдин тегерегинде 26 күнөскана ачуу каралган. Белгилеп кетсек, 2015-жылы (Манас, Кара-Буура, Бакай-Ата, Талас району) дыйкандарыбыз гүл, помидор, бадыраң, укроп жана петрушка өстүрүү боюнча 1450 чарчы метрди түзгөн 9 күнөскананы ишке беришкен. Бүгүнкү күндө, белгиленген 26 күнөсканалардын ичинен 13 күнөскана ачылып, элге кызмат кылууга даяр (Кара-Буура районунунда 6 күнөскана, Манас районунда             2 күнөскана,  Бакай-Ата районунда 2 күнөскана, Талас районунда 3 күнөскана). Анын ичинен, Манас районунун Кайыңды айыл аймагындагы 1000 м2 түзгөн күнөсканада жеке ишкер Нуржанов Бакыт козукарын өстүрүп, өндүргөн продукциясы Казак Республикасынын Тараз шаарынын базарларында сатылууда. 

Облусубуздун аймагында МТСтерди түзүү боюнча иштерге токтолсок, Талас району боюнча 8 айыл аймакта 7 даана МТСтер ишке киргизилди. Бул МТСтерге (Өмүралиев-7 техника, Осмонкулов-8 техника, Көк-Ой-1 техника, Бердике-Баатыр-1 техника, Жергетал-6 техника, Кууганды-4 техника, Долоно-2 техника, Арал-11 техника) учурда 4 - даана комбайн, 9 даана - трактор, 3 даана – камаз автоунаасы, 2-даана чиркегич, 2 даана - прессподборүик, 4 даана - чөп чапкыч, 4 даана - үрөн сепкич, 1 даана - «Нива» комбайнынын кыймылдыткачы, 3 даана - 5 дөңгөлөктүү грабли, 2 даана – мала сатылып алынды. Жалпысынан 53 769,0 миң сомго 40 техника сатылып алынды.     

2016-жылы Талас облусунун аймагында Ветеринардык эпизоотиялык абал туруктуу болду. Айыл-чарба малдарынын арасында жугуштуу (сибирь жарасы, койлордун чечек оорусу, шарп) ылаңдар катталган жок. Айыл-чарба малдарын  жугуштуу ылаңдарга каршы алдын ала изилдөө жумуштары 30 позицияда жылдык планда 124836 башка белгиленсе, аткарылганы 137126 баш же 110% түздү. Жугуштуу ылаңдарга каршы алдын ала эмдөө, дарылоо жумуштары 16 позицияда жылдык план 1285080 башка белгиленсе, аткарылганы 1339526 башка же 104% түздү. Жалпы мал башын тейлөө планда 1319916 башка белгиленсе, аткарылганы 1476652 башты же 112% түздү. 2016-жылы мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясы тарабынан 3млн. 683 миң 777 сомго дары дармектер бөлүштүрүлүп берилди. 2017-жылдын 12-январына карата Талас облусу боюнча төмөндөгү дары дармектер бар: В. Яшурга каршы-52 миң 650 доза, В. Чумага каршы кой-эчкиге-37 миң 160 доза,    В. кой-эчкинин Оспага каршы- 231 миң 500 доза, В. Сибир кулгунасына каршы-47 миң 400 доза, В. Антирабическая-43 миң 880 доза, Маллеин-1 миң 500 доза. Мамлекет тарабынан 2017-жылдын 6 айына белгиленген биопрепараттар жетиштүү көлөмдө берилген.

Талас облусунда жалпысынан 3 мал союучу жай курулган. Азыркы учурда Турдубаев Самсалынын мал союучу жайы убактылуу токтоп турат, себеби жер багытын өзгөртүү боюнча арыз жазып, анын жообун күтүүдө.  Бегалиев Аскаттын мал соючу жайынын ачылуусу жакынкы арада күтүлүүдө. Ал эми, Жолдошев Русландын мал союучу жайы бүгүнкү күндө иштеп келүүдө. Мындан тышкары, Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылына 10,0 млн. сомдук мал союучу жайды курууга порталга жарыя берилди.

Малдарды идентификациядан өткөзүү боюнча Талас облусунан Кара-Буура району республика боюнча пилоттук район болуп киргизилген. Биринчи кезекте саан уйларга жана 3 айдан жогорку ургаачы торпокторго идентификациялоо иштери жүргүзүлөт. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан 2016-жылдын 17-18-19-мартында 5 тренер келип, идентификация жүргүзүүнү атайын системага киргизүү боюнча 55 кишини окутушту. Окууга 17 жеке ветсервистердин жетекчиси, 22 айылда иштөөчү оператарлор, 10 жайыт комитеттеринин жетекчилери, 6 ветеринардык башкармалыгынын инспекторлору катышып, окушту. Ар бир айыл аймактарында атайын компьютер орнотуучу кабиналар даярдалган. 2016-жылдын жылдын 2-июнунда малдарды идентификациясын өткөрүүгө жалпы 42 даана компьютердик техника алынып келип, облусубуздагы 37 айыл аймакка райондук ветбашкармалыктары тарабынан таратылып берилди. Мындан тышкары, Кара-Буура району боюнча 1-фазадагы иштер аткарылып, 11173 субьект, 11159 обьект, базага киргизилди. Ошондой эле, 2016- жылдын 12-декабрнан баштап 2017-жылдын 5-январга чейин КРӨ караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан окуулар өткөрүлүп, жалпы облус бонча 64 операторлор жана 122 каттоочулар (регистратор) окуудан өтүштү (186). 

2017-жылдын 11-январында КРӨ караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан Талас облусуна 78 даана телефон (смартфон), 78 даана ноутбук, 24600 комплект бирка жана 58 даана апликатор алынып келип берилди.

   2017-жылдын 12-январында Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы “Эмилия” сыр заводунун базасында облустук семинар өткөрүлдү. Семинарга КРӨ Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, райондук мамлекеттик администрацияларынын өкүлдөрү, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын, райондук ветеринардык башкармалыктарынын адистери, жеке ветеринардык сервистин башчылары жана айыл аймактардагы операторлор, каттоочулар катышышты.

Семинарда идентификация өткөрүү боюнча толук түшүндүрмө берилип, “Эмилия” сыр заводунун базасындагы 15 уйга идентификацияны жүргүзүү боюнча практикалык көрсөтмө берилип, аткарылган иштер боюнча жумасына 2 жолу маалымат берүү жагы милдеттендирилди.

2017-жылдын 17-январында 37 айыл аймакка райондук ветеринардык башкармалыктары аркылуу накладнойдун негизинде идентификациядан өткөрүү боюнча жабдуулар таратылып берилип, ИММ идентификациядан өткөрүү  иштери башталмакчы.

Малдар жана үй канаттуулары бир жолку санактан өткөрүлүп, жалпы облус боюнча алдын ала мал санактын  маалыматы төмөндөгүдөй:

2015-жылы ИММ 67243 баш болсо, 2016-жылы 66991 башты түзүп, өткөн жылга  салыштырмалуу 99,6% түздү. Кой-эчкилер 526465 баш болсо, 2016-жылы 537550 башты түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 102,1% түздү. Чочколор 415 баш болуп, 2016-жылы 415 башты түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 99,8% түздү. Жылкылар 24978 баш болсо,  2016-жылы 25311 башты түзүп, салыштырмалуу 101,3% түздү. Үй канаттулары 249654 башты түзсө, 2016-жылы 255364 башты түзүп, салыштырмалуу 102,3% түздү.

Талас облусунда жайыт маселеси орчундуу маселелердин бири. Негизинен, Талас облусунун малчылары Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүнө жана Жалал-Абад облусунун Чаткал жайлоолоруна чыгышат. Жалал-Абад облусунун Чаткал жайлоолоруна чыккан малчыларга Чаткал району тарабынан инфратүзүм (жол, көпүрө) маселеси чечилип, ыңгайлуу шарт түзүлгөн.

Бирок, өзүңүздөргө белгилүү болгондой, 2659 баш жылкылары, 2567 баш уйлары жана 143154 баш кой-эчкилери менен Суусамыр жайлоосундагы 93203 га жайытка чыккан облусубуздун малчыларынан чогултулган жайытынын салыгы  Панфилов районуна  төгүлүп, инфратүзүм (жол, көпүрө) маселеси каралбай, тилекке каршы бүгүкү күндө жайыт боюнча бардык көйгөй маселелер Талас облусу тарабынан чечилүүдө.

Белгилеп кетсек, үстүбүздөгү жылы “Мадылбектин сайына өтүүчү” “Казак” көпүрөнүн жанындагы 2012-жылы курулган көпүрөнү 350,0 миң сомго оңдоп түзөөдөн өткөрүлүп, инвестор изделүүдө. Мындан тышкары, 20 жылдан бери  оңдолбой келе жаткан Суусамыр жайлоосундагы сметалык наркы 750,0 миң сомду түзгөн “Казак” көпүрөнү оңдоо иштери башталып, бүгүнкү күндө 350,0 миң сомго иштер аткарылып, жайыт пайдалануучулардын жол каттамдарына ыңгайлуу шарт түзүлүүдө.

Ошондуктан, эки облустун тиешелүү жетекчилери жолугушуу өткөрүп,             2017-жылга карата Суусамыр жайлоосу боюнча пайда болгон көйгөйлүү маселелерди жеринен чечип, малчыларга ыңгайлуу шарт  түзүү берүүсү зарыл экендигин белгилеп кетүү абзел.

 Облусубуздун жайыт пайдалануучуларынын жайыт төлөмдөрүн  төлөөсүнө токтолсок, болжол менен планда каралган сумма 7716784 млн. сом болсо, иш жүзүндө 7070490 млн. сом чогулуп, 91,6% түздү. Анын ичинен, Бакай Ата району боюнча 1 580 000 сом төлөнө турган болсо, иш жүзүндө 1 606 852 сом жыйналып, 101,6%түзгөн. Талас району боюнча жалпы төлөнүүчү жайыт акысы 2 601 784 сомду түзсө, төлөнгөн сумма 1 717 638 сомду түзүп, 66%түздү. Кара Буура районунда болжолдуу бюджет 3 535 000 сом болсо, жалпы өндүрүм 3 746 000 сомду түзүп, 105% түзгөн.

Жайыт төлөмдөрүнөн түшкөн ачка каражаттарынын эсебинен, Кара-Буура району боюнча жалпы инфратүзүмдөрдү жакшыртуу багытына жалпысынан 1 220 000 сом жумшалган,  анын ичинде 174 км жол, 16 даана көпүрө, 9 даана каптаж жана 1 даана купка салынган.

Евразиялык экономикалык биримдиктин аймагына кирүү менен алардын талаптарына ылайык, облусубуздун аймагында заманбап, аталган аймактын бирдиктүү талаптарына жооп берүүчү лабороториялардын болуусу шартталган. Ага ылайык, учурда Талас район аралык ветеринардык дарт аныктоо борборунун куруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Алсак, 2016-жылдын 5-сентябрында тендер өтүп, анда T.G.A. (ТИ-ДЖИ-ЕЙ) ЖЧКму архитектуралык пландоо чиймесин утуп алган. 2016-жылдын 29-декабрындагы Республикалык Ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борборунун жетекчиси       М. С. Тороевдин №467 сандуу каты менен берген маалыматы боюнча T.G.A. ЖЧКу архитектуралык пландоо чиймеси бүтүп, заказчике-Талас облустук капиталдык курулуш боюнча башкармалыгына 2016-жылдын 27-декабрында тапшырган. Аткарылган иштер үчүн T.G.A. ЖЧКна 199,377 миң сом которулуп берилген.  Баткен, Каракол, Балыкчы жана Талас шаарларына ветеринардык 4 жаңы лабораторияларды куруу үчүн 82,8 млн. сом жана жаңы заманбап жабдуулар менен жабдууга 20,0 млн. сом, жалпы 102,8 млн. сом акча каражаты каралууда.

Мындан тышкары, Кара-Буура районундагы фитосанитардык лаборатория боюнча 8,200 млн. сомго тендер өтүп, 15-сентябрдан баштап “Табандын” ЖЧКму тарабынан оңдоп түзөө иштери жүргүзүлүүдө. 40-50 күндө оңдоп түзөө иштерин бүтүрүүгө талап коюулган. Бүгүнкү күнгө, оңдоп түзөө иштери бүтүп, брусчатка төшө жумуштары жүрүп жатат. Жалпы жумуштар 97% аткарылды.

Фитосанитардык лаборатория Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаментинин балансына өткөрүлүп берилген. Лабораториялык жабдуулар  жана башка зарыл болгон шаймандар менен камсыздоого 5353897 миң сом өлчөмүндө акча каражаты каралган. Мындан тышкары, департамент менен “Сапат Пром” эмерек фирмасынын түзгөн келишиминин негизинде, 2017-жылдын 11-январында“Сапат Пром” эмерек фирмасы тарабынан  лаборатарияга 5 стол, 4 тумба, 13 шкаф алынып келинип, дагы келүүсү күтүлүүдө. Ошондой эле, лабораториянын жабдуулары 1-февралында Россиядан алынып келүүсү күтүлүүдө.

Талас облусундагы 2017-жылдын түшүмү үчүн күздүк айдоо, себүү иштерине токтолсок, 2017-жылдын түшүмү үчүн кылкандуу дан эгиндерин күздүк себүүнү жүргүзүүнүн сунуш кылынган облустун программасы бекитилген. Ага ылайык, Талас облусуна 2017-жылдын түшүмү үчүн 5770 гектар  күздүк буудайдын жана 180 гектар  жерге арпаныны үрөнүн себүү каралган. Анын ичинен: Бакай- Ата районуна  150 гектар буудай, Кара-Буура районуна 2370 гектар буудай, 80 га арпа, Манас районуна 3200 гектар буудай,100 гектар арпа жана Талас районуна 50 гектар буудай каралган. Учурда, Кара-Буура району боюнча 2513 гектар буудай себилип, программанын 106,0 %, 80 гектар арпа себилип, программанын 100,0 % түздү. Манас району боюнча 1936 гектар буудай себилип, программанын 60,5%, 51 гектар арпа себилип, программанын 51,0 % түздү. Бакай-Ата району боюнча 89 гектар буудай себилип, программанын 59,3%,түздү, Талас  району боюнча 56 гектар буудай себилип, программанын 112,0 % түздү. Жалпы облус боюнча 4594 гектар буудай себилип, программанын 79,6 %, 131 гектар арпа себилип, программанын 72,7 % түздү.

2017-жылдын түшүмү үчүн күздүк айдап-себүүгө, облустун айылдык товар өндүрүүчүлөрү кылкандуу дан эгиндеринин  үрөнү менен  негизинен  камсыз болушкан. Мындан тышкары, облусубуздун 5 үрөн чарбасында сортторуна, репродукцияларына жараша баалары 13-20 сомдон 90 тонна күздүк буудайдын үрөндөрү бар. Ошондой эле, коомдук үрөн фонду аркылуу облусубуздагы 8 коомдук үрөн фондуна 64 тонна I-репродукциядагы “Интенсивная” сортундагы күздүк буудайдын үрөнү бар.

 Облусубуздагы айыл чарба техникаларынын  күздүк айдап, себүүгө даярдыгы боюнча белгилеп кетсек, облустун  айылдык товар  өндүрүүчүлөрү  2017-жылдын түшүмү үчүн күздүк айдоо, себүү жумуштарын агротехникалык мөөнөттөрдө бүткөрүү үчүн, колдо болгон тракторлорун  жана  айыл чарба техникаларын  ремонттон  өткөрүшкөн. 2016-жылы күздүк айдоого 1882 даана   ар кандай үлгүдөгү  тракторлордун 1556 даанасы  даярдалып, даярдык 83 пайызды түздү. Ошондой эле бүгүнкү күндө техникаларды толук, сапаттуу даярдоо иштери кызуу улантылууда. Алардын ичинен 1262 соколордон 1075 даярдалып 85 пайызды, 402 малалардан 347 даярдалып 86 пайызды, 281 үрөн себүүчү агрегаттардан 225 даярдалып 80 пайызды, 121 тегиздегичтерден 110 даярдалып 91 пайызды, 1029 трактор чиркегичтердин 863 даярдалып 84 пайызды түзүп, катышты.

Бардык райондордо 2017-жылдын түшүмү үчүн күздүк айдап, себүү  план-графиктери иштелип чыгып, күздүк айдап, себүү иштери облус боюнча   план-графиктин негизинде  башталды. Облусубуздагы 5950 га жер аянтына 2017-жылдын түшүмү үчүн күздүк айдоого, себүүгө иштерин жүргүзүүгө 238  тонна  дизелдик күйүүчү майы жана 12 тонна автол керектеле турган болсо, облустун аймагындагы “Газпром” жоопкерчилиги  чектелген  коомдун   жана жеке менчик май куйуучу жайларында керектүү көлөмдө  күйүүчү  жана  майлоочу  майлардын  запасы бар. Азыркы  учурда  облустун аймагында  жайгашкан  жеке  менчик  май куйуучу  жайларда  1 литр  дизель  отуну  29 сомдон, ал  эми  “Газпром”  ЖЧКнун  май куйуучу  жайларында  1 литр  дизель отуну 32  сомдон сатылууда. 1 литр автолдун баасы колдо-70 сомдон сатылууда.

 

2017 - жылдын жарым жылдык иштеринин жыйынтыгы

Облустун айыл чарба тармагы боюнча жүргүзүлгөн иштерге токтолсок, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-февралындагы “2017-жылы жазгы-талаа жумуштарын жүргүзүүгө даярдык көрүүнүн жүрүшү жөнүндөгү” болгон жыйынынын №2 сандуу протоколун жана 2017-жылдын 15-мартындагы “Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, 2017-жылы айыл чарба талаачылык сезондук жумуштарын өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндөгү” №75-б буйругун аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан 2017-жылдын 21-февралында “2017-жылы айыл чарба талаачылык сезондук жумуштарын өз убагында жана уюшкандык менен өткөрүү, азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо жөнүндө” №30-б сандуу буйругу кабыл алынган.

2017-жылдын январь-июнь айларында айыл чарба тармагында 3284,6 млн сомдук продукция өндүрүлүп, план тапшырма 100,9 %, ал эми физикалык көлөмдүн индекси менен алганда өсүү темпи өткөн жылга салыштырмалуу 100,7 %га өскөн. Өндүрүүнү натуралай алып карасак, облус боюнча 11873 тонна эт өндүрүлүп өткөн жылга салыштырмалуу 100,7 пайызга, 34291 тонна сүт өндүрүлүп 100,3 пайызга, 1467,9 тонна жүн кыркылып 103,0 пайызга жана 11907 миң даана жумуртка өндүрүлүп 103,9 пайызга аткарылды. Ар бир уйдан орточо 1031 кг сүт саап алынды. Ар бир мекияндан орточо 64 даана жумуртка алынды.Ар бир койдон орточо 2,8 кг жүн кыркылып алынды. Жалпы 70,4 пайыз жүн дыйкан жана фермердик чарбалардын үлүшүнө туура келет.

2016 - жылдын 1-сентябрынан 2017-жылдын 7-июлуна чейин алыскы жана жакынкы 23 чет өлкөлөргө 58,2 миң тонна фасоль  экспорттолгон.

Ал эми 2017-жылдын түшүмү үчүн 105180 га жер аянтына айыл чарба өсүмдүктөрү себилип, өткөн жылга салыштырмалуу 390 га жерге, же 100,3 % көп себилген. Анын ичинен: 92839 га жер аянты сугат, 12341га жер аянты кайракы. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Талас облусуна 5950 гектар күздүк эгин айдоого тапшырма берилсе, 4737 гектарга күздүк эгиндер себилип, өткөн жылга салыштырмалуу 81,6 пайызга аткарылган. Анын ичинен 4636 гектарга күздүк буудай себилген.

Облус боюнча жалпысынан 5809 га жерге буудай себилип, өткөн жылга салыштырмалуу 1279 га аз себилип, же 82,0 % түздү, 2770 га жер аянтка  арпа себилип, өткөн жылга салыштырмалуу 508 га көп себилип, же 122,5 % түздү, 15 га сүлү себилип, салыштырмалуу 7 га көп себилип, 163,6 % түздү, жүгөрүнүн  4504 га себилип, салыштырмалу 127 га көп себилип, 102,9 % түздү, чанактуу дан өсүмдүгүнүн 54836 га  себилип, салыштырмалуу 1985 га көбөйгөн, же 103,8 % түздү, себеби Талас, Бакай-Ата райондорунда көп жылдык чөптүн жана Манас, Бакай-Ата райондорунда буудайдын  аянтары кыскарган. Кант кызылчасы 448 га жер аянтка себилип, 90,9 % түздү, май өсүмдүгүнүн 700 га жер аянтка себилип, 297 га азайган же  70,2 % түздү, картошканын 13419 га  жерге  себилип, өткөн жылга салыштырмалуу 152 га жерге аз, же 98,9 % түздү, жашылча  3936 га  себилип, өткөн жылга салыштырмалуу 4 га жерге көбөйүп, же 100,1 % түздү, бакча өсүмдүгү 50 га себилип, салыштырмалуу 2 га көбөйүп 104,2 % түздү,  тоют өсүмдүктөрүнүн бардыгы 18686 га түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 474 га жерге азайып, же 97,5 % түздү, анын ичинен көп жылдык чөп 2924 га себилип,  өткөн жылга салыштырмалуу 892 га жерге аз, же 76,6 % түздү.

Облустун айылдык товар өндүрүүчүлөрү дан жүгөрүнүн, төө буурчактын, май өсүмдүктөрүнүн, картошканын, жашылчанын  жана бахчанын уруктары менен  негизинен  камсыз болушкан.

Белиглей кетүүчү маселе, 2017-жылдын 13-мартындагы “Талас облусу боюнча 2017-жылга карата жазгы талаа жумуштарына даярдыктардын  жүрүшү” тууралуу коллегиялык отурум болуп, анда №4-ч сандуу чечими кабыл алынган. Ага ылайык, райондук мамлекеттик администрация башчыларына, тийиштүү мекеме-уюумдардын жетекчилерине тиешелүү тапшырмалар берилип, бүгүнкү күндө жазгы талаа жумуштары уюшкандыкта жана өз убагында аяктаганы менен, пайдаланылбай калган жер аянттарын 10 пайызга кыскартуу боюнча берилген тапшырма тийиштүү деңгээлдерде аткарылган эмес.

Алсак, Талас облусу боюнча пайдаланылбай калган жер аянттары 2017-жылдын 1-июлуна карата 12365 га түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 278 га жалпысынан азайгандыгы менен (2016-жылы 12643 гектарды түзгөн), райондордо пайдаланылбай бош калган жер аянттарын 10 % кем эмес кыскартуу боюнча тийиштүү деңгээлде иштер жүргүзүлбөгөндүгү байкалып турат.  Райондор боюнча алып карасак:

Талас району боюнча 2016-жылы пайдаланылбаган жердин аянты 4968га түзсө, 2017-жылы 4934 га түзүп, 34 га азайган же 0,7%.

Бакай Ата району боюнча 2016-жылы пайдаланылбаган жер 179 га болсо, 2017-жылы ал 160 га түзүп,19 га азайды же 10,6%.

Кара-Буура районунда пайдаланылбаган жер 2016-жылы 4686 га болсо, 2017-жылы 4473 га түзүп, салыштырмалуу пайдаланылбай калган жер  213 га азайган же 4,5%.

Манас районунда 2016-жылы 2801 га жер пайдаланылбай калса, 2017-жылы 2787 га жер пайдаланылбай калган, же 14 га азайган же 0,5 %.

Жалпысынан алганда жогорудагы белгиленген тапшырма бир Бакай-Ата районунда аткарылып, калган райондордо аткарылбай калган.

2017-жылга обулус боюнча 24400,0 тонна минералдык жер семирткичтер керектелсе, 29-июнга карата 7260,5 тонна ташылып келип, болгону 30,0 пайызга камсыз болду. Анын ичинен азот 13400 тонна керек болсо, болгону 5189,5 тонна болуп, 38,7 пайызга камсыз болду, анын ичинен 4930,0 тонна аммиак селитрасы, карбамид-295,5 тонна жана нитроаммофос-204 тонна. Фосфор 10500 тонна керек болсо, болгону 2015 тонна болуп, 19,2 пайызга камсыз болду, анын ичинен аммофос 1968,0 тонна, суперфосфат-40 тонна. Калий 500 тонна керек болсо, 510 тонна келип, 102,0 пайызга, анын ичинен АФКУ-457 тоннага жана хлор.калий 53 тоннага камсыз болду.

Ал эми пестицид обулус боюнча 44648,0 кг керек болсо, 44648,0 кг болуп, 100,0 пайызга камсыз болду.

Бүгүнкү күндө, минералдык жер семирткичтерди жана пестициддерди  кардарларга сатуу боюнча облуста  5  соода  түйүндөрү  иштеп жатышат жана бул точкаларда дыйкандарыбызга керектүү болгон минералдык жер семирткичтердин көлөмдөрү жетиштүү өлчөмдөрдө бар. Алар; Кызыл-Адыр айылында 2, Ак-Дөбө айылында 1,Талас шаарында 2 соода түйүндөрү. Селитранын 1кг 16-17 сомдон, аммофостун 1кг 20-21 сомдон жана карбамид 1кг 21-22 сомдон  сатылууда.

Облустун  айылдык товар  өндүрүүчүлөрү  алдыда турган 2017-жылдын жазгы талаа жумуштарын агротехникалык мөөнөттөрдө бүткөрүү үчүн, колдо болгон тракторлорду  жана  айыл чарба техникаларын күз-кыш мезгилдеринде  ремонттон  өткөрүшкөн.

Үстүбүздөгү жылы 1882 даана   ар кандай үлгүдөгү  тракторлордун 1653 даанасы  даярдалып, даярдык 88 пайызды түздү. Ошондой эле бүгүнкү күндө техникаларды толук, сапаттуу даярдоо иштери кызуу улантылууда. Алардын ичинен 1262 соколордон 1113 даярдалып, 88 пайызды, 402 малалардан 373 даярдалып, 93 пайызды, 281 үрөн себүүчү агрегаттардан 245 даярдалып, 87 пайызды, 121 тегиздегичтерден 116 даярдалып, 96 пайызды, 1029 трактор чиркегичтердин 863 даярдалып, 84 пайызды жана 882  культиватордон  794 даярдалып, 90  пайызды түздү.

Облустун аймагындагы “Партнер-Нефт” жоопкерчилиги  чектелген  коомдун   жана жеке менчик май куйуучу  жайларында керектүү көлөмдө  күйүүчү  жана  майлоочу  майлардын  запасы бар. Азыркы  учурда  облустун аймагында  жайгашкан  жеке  менчик  май куйуучу  жайларда  1 литр  дизель  отуну 35 сомдон, ал  эми  “Партнет Нефть”   ЖЧКнун  май куйуучу  жайларында  1 литр  дизель отуну 36,4 сомдон сатылууда.

Суу чарбасы боюнча маселеге токтолсок, облус боюнча бардыгы 560,3 км узундуктагы суугат каналдары бар. Бүгүнкү күнү 560,58 км суу каналдары тазаланып оңдолуп суу берүүгө даяр болду же 100,1 %. Анын ичинен Талас районунун суугат тармактар башкармалыгы аркылуу 131,15 км, Бакай-Атада - 82,24 км, Кара-Буурада- 220,445 км, Манас районунда -56,08 км жана Бассейндик суу чарба башкармалыгы аркылуу 70,665 км.

2017-жылдын жазгы талаа иштерине карата чарбалар  аралык сугат  тармактарын суу  берүүгө  даярдоонун  графиги иштелип чыгып, Бассейндик суу чарба башкармалыгы боюнча жазгы сугатка даярдык көрүү максатында  оңдоо-түзөө жумуштарын аткаруу үчүн  ири чарба аралык каналдардын 16,30 км  аралыгы  оңдоо пландаштырылса, 16,3 км оңдолуп, план 100,0 % аткарылган. 17,60 км  аралыгын   механикалык тазалоо иштери пландаштырылса, 17,80 км тазаланып, 101,1 %га, 78 даана  гидротехникалык  курулмаларды  оңдоо пландаштырылса, 78и оңдолуп, 100,0 % га, 74 даана  суу ченөө чектерин  оңдоо пландаштырылса, 78 и оңдолуп, 100,0 % га жана  4  даана  насостук  станцияларды  оңдоо каралса, 4 даанасы оңдолуп, 100,0 %га аткарылган. Жогорудагы  каналдарды оңдоого жана механикалык  тазалоого, гидротехникалык  курулмаларды жана  суу  өлчөгүчтөрдү  оңдоого,  насостук станцияларды оңдоого  жалпысынан  13067,0  миң  сом каралса, 13067,0  миң сомдук көлөмдө же 100,0 % оңдоо жумуштары  аткарылды.

Жалпы облус боюнча 69 СПА уюшулуп, 92281 га сугат аянтын сугат суу менен  камсыз кылып келүүдө.

Жалпы сугат аянтын тейлөө максатында узундугу 1872.5 км   канал болуп анын 1465.2 км жер канал, 40.2 км бетондолгон, 98.8 км Г блоктон, 260.8 км лоток каналдары жана 74 даана БСР, 958 даана сугат түйүндөрү  болуп эсептелет.

2017-жылдын жазгы сугат иштерине даярдык көрүү максатында СПАлардын өздүк  бюджетинен 3636.8 мин сом  каражаты каралса, бүгүнкү күнү мерчемделген жумуштар 3726,0 миң сомго, же 102% аткарылды.  Жалпысынан 593,4  км ички чарба аралык каналдарды тазалоо, оңдоп түзөө  планга коюлса  597 км тазаланган; А.и. механикалык тазалоо планда 64,2 км каралса, иш жүзүндө 64,8 км тазаланып 100,1 % аткарылган, кол менен тазалоого планда 529,2 км болсо иш жүзүндө 592,4 км тазаланып же 102 % аткарылган.

Кырыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы №58 сандуу токтому менен кабыл алынган “Айыл чарбасын каржылоо-5” долбоорунун алкагында облус боюнча жалпысынан 804 дыйкан-фермерге 222,3 млн. сом жеңилдетилген насыялар берилген, анын ичинен жер иштетүүгө жана айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрүүгө 221 дыйканга 45,3 млн сом, мал чарбасын өнүктүрүүгө 600 фермерге 179,1 млн сом женилдетилген насыялар берилген. Анын ичинен райондор боюнча алып карай турган болсок, Бакай-Ата району боюнча -146 дыйкан-фермерге 42,9 млн сом, Кара-Буура району боюнча -209 дыйкан-фермерге 60,1 млн сом, Манас району боюнча -109 дыйкан-фермерге 20,7 млн сом, Талас шаары жана Талас району боюнча – 340 дыйкан-фермерге 98,6 млн сом женилдетилген насыялар берилген.

 

Облус боюнча өнөр-жай продукцияларын өндүрүү энергетика ишканаларынын продукцияларын эсепке алганда 597,6 млн. сомго өндүрүлүп, өткөн жылга салыштырмалуу физикалык көлөмдүн индекси менен алганда өсүү темпи 106,3 пайызга аткарылды. Ал эми энергетика ишканаларынын продукцияларын эсепке албаганда 309,2 млн. сомго өндүрүлүп, өсүү  темпи 109,1 пайызга аткарылды. 2017-жылдын 6 айында облус боюнча калып идиштерге куюлуп чыгарылган каймак жана сүт азыктары -379,1 тонна, журулган май- 340,9 тонна, катуу түрүндөгү сырлар -379,2 тонна,  ун -1012,4 тонна өндүрүлгөн.

Облустун өнөр жай тармактарында физикалык көлөмдүн индекси:

  • тамак-аш продукцияларын өндүрүүдө -115,5 %
  • кайра иштетүү өнөр жайында -114,4 %
  • энергетика тармагында (электр энергиясын өндүрүү.бөлүштүрүү, суу, газ) – 104,3 %
  • кийим тигүү жана текстил өндүрүшүндө -102,6 %
  • жыгачты кайра иштетүү, жыгачтан буюмдарды жазоодо–100,3 % ж б.

Азыркы күндө 8 өнөр жай ишканалары тынымсыз иштеп келүүдө. Алар,

Талас шаарынан:

  • ЖАК “Талас-Сут”;
  • Талас жылуулук ишканасы;
  • МИ “Таза-Суу”;
  • “Түндүкэлектр” ААКунун Талас филиалы;
  • УЭТ ААКунун Талас филиалы;

Кара-Буура районунан:

  • Кара-Буура сууканал ишканасы;
  • “Үмүт” Бишкек компаниясынын филиалы;

Манас районунан: “Гортис” ЖЧК.

Ал эми 5 ишкана убактылуу токтоп турат. Анын ичинен “Талас-Дан-Азык” АК жыл башынан бери буудайдын жоктугунан жана Казакстан Республикасынан алынып келинген ундун көптүгүнөн убактылуу токтоп турат. КР Мамлекеттик резерв фондунун буудайынан КРӨнүн уруксаты берилип, сапаттуу унду чыгаруу зарыл, ал эми сапаты жакшы болгондуктан жергиликтүү калк негизинен Казак Республикасынын Жамбул обулусунун унун пайдаланып жатат. ЖЧК “Туюк-Жар” жана АК “Алмаз” ишканалары негизинен курулуш материалдарын чыгарганына байланыштуу сезон убагында гана ишке киришет же болбосо жылдын 2-чи жарымынан баштап иштей башташат. Кара-Буура районундагы “Эжигей” ЖЧК өзүнүн чыгарган продукцияларын сата албагандыктан убактылуу токтоп турат. Ал эми “Элдик-Нан” МИ Талас шаарындаг №5 мектептин бир имаратында убактылуу иш жүргүзүшүп келишкен, азыркы күндө ишкана имараты жок убактылуу токтоп турат, эгерде Талас шаарынын мэриясы таап берсе ишкана ишке кирет.

Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь