КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

2015-2017-ж.ж. Облустук туруктуу өнүгүү стратегиясынын аткарылышы

2016 - жылдын жыл жыйынтыгы

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевдин Жарлыгы менен 2013-жылдын 21-январында кабыл алынган “2013-2017-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында” белгиленген иш чараларды жүзөгө ашыруу боюнча, райондун тургундарынын жашоосуна жакшы шарт түзүү, социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жогорулатуу, айылдардын инфраструктурасын жакшыртуу максатында 2013-2017-жылдарга стратегиялык өнүгүү планы иштелип чыгып, аткарууга алынып, айыл аймактарына жана райондук мекемелерге аткарууга берилген. “Талас облусун туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын 2015-2017-жылдарга Программасы жана иш чаралары” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан 2014-жылдын 8-декабрында бекитилген.

Жогоруда аталган Жарлыкты аткаруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-январындагы “Стабилдүүлүк, ишеним жана жаны мүмкүнчүлүктөр” программасын ишке ашыруу боюнча түзүлгөн ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын 2016-жылга карата кабыл алынган иш-аракеттер планынын алкагында, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2014-жылдын 8-декабрындагы “Талас облусун туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стартегиясынын 2015-2017-жылдарга Программасы жана иш чаралары” жөнүндө токтомун аткаруу максатында, туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын 2016-жылга белгиленген иш чараларынын негизинде төмөндөгүлөр аткарылган.

Программанын негизинде керектелүүчү каражаттардын көлөмү  2315,6 млн сомду түзгөн 61 инвестициялык долбоорлор кабыл алынган. Аталган инвестициялык долбоорлордун 1475,5 млн сому же 63,7 пайызы өздүк каражаттардын эсебинен бүткөрүлүүсү пландаштырылган. 2016-жылдын  12 айында жалпы суммасы 1 280,4 млн сомду түзгөн 48 долбоордун үстүндө иш алып баруу белгиленсе, 497,24 млн сомдук 22 инвестициялык долбоор бүткөрүлүп, ишке берилген. Ал эми, калган 13 долбоор боюнча азырынча акча каражатынын чечилбегендигине байланыштуу иш чаралар жүргүзүлгөн эмес.

Райондор жана шаар боюнча алсак,  Талас шаарында жалпы суммасы 697,5 млн. сомго 7 долбоор белгиленсе,  4 долбоор боюнча 358,2  млн сомго иштер аткарылууда. 5,5 млн сомду түзгөн Ч.Айтматовдун айкелинин тегерегиндеги жана К.Нуржанов атындагы аллеянын көрктөндүрүү иштери бүткөрүлгөн. Ал эми, 213,1 млн. сомду түзгөн  2 долбоор боюнча иштер аткарылды алсак 163,4 млн.сомду түзгөн К.Медетбеков атындагы музыкалык драм театырын курууга, 49,7 млн. сомду түзгөн автомобил  жолдорун оңдоо иштерине жумшалды.

Талас районунда  жалпы суммасы 198,4 млн сомго жалпы 13 долбоор белгиленсе, 32,04 млн сомдук  7 гана долбоор боюнча иштер жүргүзүлүүдө,  40,2 млн сомду түзгөн 6 долбоор ишке берилди. Алсак : 1,5 млн.сомду түзгөн А.Нуржановайылдык аймагындагы мелиоративдик жакшыртуу иштери, 19,9 млн.сомду түзгөн, Чат-Базар-Арал автожолунун асфальт иштери, 3,6 млн сомду түзгөн Чат-Базар айылындагы А.Оторбаев орто мектебинин 2-корпусунун капиталдык оңдоо иштери, 3,3 млн.сомду түзгөн, Бекмолдо айыл аймагындагы Сасык-Булак айылынын бала бакчасын капиталдык ондоо иштери, 5,1 млн сомду түзгөн Кара-Суу айыл аймагындагы спорт комплексти курууиштери, жана 6,8 млн. сомду түзгөн Калба айыл аймагындагы А.Огонбаев, Чыйырчык жана Калба айылдарынын суу түтүктөрүн   капиталдык ондоо иштери бүткөрүлүп иштери бүткөрүлгөн.

Бакай-Ата районунда  жалпы суммасы 388,5 млн сомго жалпы 7 долбоор белгиленсе, 138,9 млн сомдук  2 долбоор боюнча иштер жүргүзүлүүдө,  93,3 млн сомду түзгөн 4 долбоор ишке берилди. Алсак 12 млн сомду түзгөн Кең-Арал-Калинин автожолун асфальттоо иштери,  2,2 млн сомду түзгөн Кыргызстан айылына ФАП куруу иштери, 1,9 млн сомду түзгөн Оро айыл аймагынын Кыргызстан айылында мини футбол аянтчасын куруу иштери жана 76,9 млн сомду түзгөн Кызыл-Сай айылындагы Күроң у Шаршенбай атындагы орто мектеп ишке берилди.

Кара-Буура районунда жылга жалпы суммасы 494,4 млн сомго 22 долбоор белгиленсе, 111,79 млн сомдук  9 долбоор боюнча иштер жүргүзүлүүдө,  193,54 млн сомду түзгөн 6 долбоор ишке берилди. Алсак 0,5 млн сомду түзгөн  Аманбаев айылына унаа жуучу жай куруу иштери, 0,2 млн сомду түзгөн Шекер айыл аймагына унаа жолдорун жана көпүрүлөрдү оңдоого иштери, 127,34 млн сомду түзгүн район аймагындагы эл аралык, мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги жолорду оңдоо  иштери, 3,0 млн сомду түзгөн Бакайыр айыл аймагындагы Кара-Сай айылына 60 орундуу бала бакча куруу иштери, 62,0 млн сомду түзгөн Шекер айыл аймагындагы Арчагул айылына Дүйшөн атындагы 192 орундуу мектептин куруу иштери, 0,5 млн сомду түзгөн  Чоң Кара-Буура айылындагы ФАП ты капиталдык оңдоо иштери бүткөрүлүп ишке берилди.

 Манас  районунда   жалпы суммасы 536,8 млн сомго жалпы 12 долбоор белгиленсе, 74,3 млн сомдук  5 долбоор боюнча иштер жүргүзүлдү,  25,1 млн сомду түзгөн 5 долбоор ишке берилди. Алсак  0,2 млн сомду түзгөн Кайыңды айыл аймагындагы Арал айылына “Беккари” чуңкурун орнотуу иштери, 10,0 млн сомду түзгөн Чоң-Капка айылына май куючу жай (автозаправка) орнотуу иштери, 6,5 млн сомду түзгөн  Покровка айылына жолду асфалть төшөө иштери,7,2 млн сомду түзгөнКызыл-Жылдыз айылына мончо курууиштери жана 1,2 млн сомду түзгөн Покровка айылына мончо курууиштери бүткөрүлүп.

 

2017 - жылдын жарым жылдык иштеринин жыйынтыгы

Талас шаарында жалпы суммасы 697,5 млн. сомго 7 долбоор белгиленсе,  4 долбоор боюнча 358,2  млн сомго иштер аткарылууда. 5,5 млн сомду түзгөн Ч.Айтматовдун айкелинин тегерегиндеги жана К.Нуржанов атындагы аллеянын көрктөндүрүү иштери бүткөрүлгөн. Ал эми, 353,7 млн. сомду түзгөн  3 долбоор боюнча иштер аткарылды алсак, 188,3 млн.сомду түзгөн К.Медетбеков атындагы музыкалык драм театырын курууга, 49,7 млн. сомду түзгөн автомобил  жолдорун оңдоо иштери жана  114,7 млн. сомду төзгөн Талас шаарын таза суу менен камсыз кылуу жана калыбына келтирүү жумуштары аткарылды.

Талас районунда  жалпы суммасы 198,4 млн сомго жалпы 13 долбоор белгиленсе, 104,0 млн сомдук  7 гана долбоор боюнча иштер жүргүзүлүүдө,  39,7 млн сомду түзгөн 6 долбоор ишке берилди. Алсак : 1,5 млн.сомду түзгөн А.Нуржанов айылдык аймагындагы мелиоративдик жакшыртуу иштери, 19,9 млн.сомду түзгөн, Чат-Базар-Арал автожолунун асфальт иштери, 3,3 млн сомду түзгөн Чат-Базар айылындагы А.Оторбаев орто мектебинин 2-корпусунун капиталдык оңдоо иштери, 3,3 млн.сомду түзгөн, Бекмолдо айыл аймагындагы Сасык-Булак айылынын бала бакчасын капиталдык ондоо иштери, 4,9 млн сомду түзгөн Кара-Суу айыл аймагындагы спорт комплексти курууиштери, жана 6,8 млн. сомду түзгөн Калба айыл аймагындагы А.Огонбаев, Чыйырчык жана Калба айылдарынын суу түтүктөрүн   капиталдык ондоо иштери бүткөрүлүп иштери  бүткөрүлгөн.

Бакай-Ата районунда  жалпы суммасы 388,5 млн сомго жалпы 7 долбоор белгиленсе, 15,0 млн сомдук  2 долбоор боюнча иштер жүргүзүлүүдө,  95,4 млн сомду түзгөн 4 долбоор ишке берилди. Алсак 14,1 млн сомду түзгөн Кең-Арал-Калинин автожолун асфальттоо иштери,  2,5 млн сомду түзгөн Кыргызстан айылына ФАП куруу иштери, 1,9 млн сомду түзгөн Оро айыл аймагынын Кыргызстан айылында мини футбол аянтчасын куруу иштери жана 76,9 млн сомду түзгөн Кызыл-Сай айылындагы Күроң у Шаршенбай атындагы орто мектеп ишке берилди.

Кара-Буура районунда жылга жалпы суммасы 494,4 млн сомго 22 долбоор белгиленсе 92,8 млн сомдук  7 долбоор боюнча иштер жүргүзүлүүдө,  235,2 млн сомду түзгөн 8 долбоор ишке берилди. Алсак 0,5 млн сомду түзгөн  Аманбаев айылына унаа жуучу жай куруу иштери, 0,2 млн сомду түзгөн Шекер айыл аймагына унаа жолдорун жана көпүрүлөрдү оңдоого иштери, 150,64 млн сомду түзгүн район аймагындагы эл аралык, мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги жолорду оңдоо  иштери, 3,0 млн сомду түзгөн Бакайыр айыл аймагындагы Кара-Сай айылына 60 орундуу бала бакча куруу иштери,62,0 млн сомду түзгөн Шекер айыл аймагындагы Арчагул айылына Дүйшөн атындагы 192 орундуу мектептин куруу иштери,0,5 млн сомду түзгөн  Чоң Кара-Буура айылындагы ФАП ты капиталдык оңдоо иштери жана 18,4 млн.сомду түзгөн Аманбаева айыл аймагына караштуу Сулуу-Маймак айылына бала бакча курулуш иштери жана 0,8 млн сомду түзгөн Бакыян айылындагы ички каналдарды оңдоо иштерин бүткөрүп ишке берилди.

Манас  районунда  жалпы суммасы 536,8 млн.сомго жалпы 12 долбоор белгиленсе, 70,0 млн сомдук  3 долбоор боюнча иштер жүргүзүлдү,  25,1 млн сомду түзгөн 5 долбоор ишке берилди. Алсак  0,2 млн сомду түзгөн Кайыңды айыл аймагындагы Арал айылына “Беккари” чуңкурун орнотуу иштери, 10,0 млн сомду түзгөн Чоң-Капка айылына май куючу жай (автозаправка) орнотуу иштери, 6,5 млн сомду түзгөн  Покровка айылына жолду асфалть төшөө иштери,7,2 млн сомду түзгөн Кызыл-Жылдыз айылына мончо куруу иштери жана 1,2 млн сомду түзгөн Покровка айылына мончо куруу иштери бүткөрүлдү.

Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь