КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Манас району

Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын дареги:

Талас облусу Манас району

Байланыш телефондору: (3459) 2-25-47, факс (03459) 2-25-47

Мамлекеттин коду +996

Е-mail: manasadm@mail.ru

 

Райондук жетекчилик

 

Дүйшөбаев Бектеналы Бошкоевич

Манас райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким

 

 

Аты, фамилиясы, атасынын аты

Ээлеген кызматы

Байланыш телефону

1

Дүйшөбаев Бектеналы Бошкоевич

Манас райондук мамлекеттик  администрация башчысы-аким

2 26 44

2 25 34

2

Джолдошева Тамара Рысбековна

Манас райондук мамлекеттик  администрация башчысы-акимдин орун басары

2 23 32

3

Айнабеков Алымбек Акматбекович

Аппарат жетекчи

2 28 41

4

Муктар уулу Тилек

Айыл чарба, экономика, өнөр жай жана инвестиция тартуу секторунун башчысы

2 21 71

5

Масалбекова Алмагүл Токтосуновна

Социалдык маселелер секторунун башчысы

2 23 45

6

Уюштуруу иштери боюнча башкы адис

Уюштуруу иштери боюнча башкы адис

2 21 71

7

Бузурманкул кызы Гүлшайыр

Иш кагаздарды жүргүзүү боюнча башкы адис

2 25 47

2 25 47(факс)

8

Өзүбеков Медербек Сагынбекович

чарба, экономика, өнөр жай жана инвестиция тартуу секторунун жетектөөчү адиси

2 21 71

9

Батырбеков Уланбек Тавылдыевич

Социалдык маселелер боюнча секторунун жетектөөчү адиси

2 23 45

10

Шабданбекова Зулайка Шабданбековна

Башкы эсепчи

 

11

Кочкунбаев Сыргатай Амантаевич

Чарба бөлүмүнүн башчысы

 

 

 

Манас району жөнүндө тарыхый маалымат

  Талас облусу төрт район, бир шаардан турат. Ошол төрт райондун бири легендарлуу Манас атабыздын атын алып жүргөн Манас району Талас өрөөнүнүн түндүк – батыш бөлүгүнөн орун алган.

  Манас району 1944 – жылдын 14 – апрелинде Киров районунан бөлүнүп, өзүнчө район болуп уюшулуп, 1958 – жылдын 26 – октябрында жоюлуп кетип, 1980 – жылы Манас району болуп кайра уюшулган.

  Манас  району Кыргыз Республикасынын түндүк-батыш тарабында, Талас облусунун батыш бөлүгүндө жайгашкан. Түндүк жана батыш жактарында район Казак Республикасы менен чегаралаш, чыгыш тараптан Талас, түштүк тараптан Кара-Буура райондору менен чектеш. Административдик борбору Покровка айылы. Манас району 5 (беш) айыл аймакка бөлүнөт. 5 айыл аймагында 22 айыл жайгашкан. Облустук борбор жана райондун айыл аймактары каттамдар Покровка-Нылды, Покровка-Тараз жана республикалык маанидеги Тараз-Талас жолдору аркылуу жүргүзүлөт.

Климаттык шарттары

  Райондун аймагы Талас өрөөнүнүн Кыргыз  Ала – Тоосу менен Эчкили  - Тоо, Ак – Таш тоолорунун аралыгында жаткан бөлүгүндө жайгашкан. Жеринин бети негизинен түндүк – батышты карай бир аз жантайынкы. Кен байлыктары: боз жана кызгылт түстүү гранит, чопо жана башка курулуш материалдары кездешет. Бала – Саруу айылынын түштүк – чыгышында курулушка керектелүүчү майда кумдун запасы 300 – 400 жылга эсептелинген. Ири суусу райондун түштүк чек арасы болгон Чон – Капкадан Казакстан Республикасына агып кирген Талас дарыясы. Андан башка Талас районуна агып кирген Нылды, Кичи – Кайынды, Улуу Кайынды, Кара – Арча, Алмалы, Кичи – Капка куймалары бар. Аймагында боз шалбаа, тоо этектеринде ачык күрөн, тоо шалбаа топурактары басымдуулук кылат.

Белгилүү инсандар

  • Турсуналиев Эстебес(1931—2005) — төкмө-акын, СССР эл артисти (1988)
  • Женижок Кокоев (Өтө Көкө улуу)(1860—1918) — акын.
  • Үсөнбаев, Алымкул (1894-1963) – төкмө-акын.
  • Үсөнбаев, Замирбек (1951) - төкмө-акын.
  • Туткучев, Аалы (09.12.1983) - төкмө-акын.
  • Анатай Ибраимов (1948-1989) – Спорт чебери.
  • Анатай Өмүрканов (02.06.1945) – акын
  • Анарбек Шамкеев (1947-2006)-генерал майор
  • Болот Шер –экс депутат
  • Садык Шерниязов- ЖК депутаты
  • Алымбай Султанов- Банги затка каршы мамлекеттик кызматынын экс башчысы
  • Шералы Абдылдаев – Мамлекеттик мүлк фондунун экс башчысы
  • Таалай Айдаралиев- Айыл чарба министрлигинин экс министри
  • Кенеш Карачалов – Талас облусунун экс губернатору
  • Абдылда Нуралиев-төкмө-акын

Геграфиялык абалы, территориянын аянты.

  Манас  району Кыргыз Республикасынын түндүк-батыш тарабында, Талас облусунун батыш бөлүгүндө жайгашкан. Түндүк жана батыш жактарында район Казак Республикасы менен чегаралаш, чыгыш тараптан Талас, түштүк тараптан Кара-Буура райондору менен чектеш. Административдик борбору Покровка айылы. Манас району 5 (беш) айыл аймакка бөлүнөт. 5 айыл аймагында 22 айыл жайгашкан. Облустук борбор жана райондун айыл аймактары каттамдар Покровка-Нылды, Покровка-Тараз жана республикалык маанидеги Тараз-Талас жолдору аркылуу жүргүзүлөт.

  Райондун аянты 1045- км2, Талас облусунун 9,1% аянтын түзөт.

  Манас району түштүк тарабынан чеги Ак-Таш (бийиктиги 1288-м) жана Эчкили-Тоо (2160 м) тоолору, түндүк-чыгыш тараптан Кыргыз Тоо кыркасынын өтөт (1913 м). Райондун  өрөөн жерлери аянтынын 29% чейин түзөт. Деңиз деңгээлден бийиктиги  750 -1150- м. чейин өзгөрүлүп турат.

  

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

 Айылдык кенеш, айыл

Кайынды  а\к

  1. Арал
  2. Кайынды
  3. Нылды
  4. Сары-Булак
  5. Чеч-Дөбө

Кыргызстан  а\к

  1. Талас
  2. Көк-Дөбө
  3. Манас

Май а\к

  1. Май
  2. Новодонецк

 

Покровка  а\к

  1. Покровка
  2. Жайылган
  3. Бала-Саруу
  4. Кара-Арча
  5. Сөгөт

Үч-Коргон  а\а

  1. Кызыл-Жылдыз
  2. Ак-Таш
  3. Таш-Башат
  4. Жийде
  5. Кенеш

6.Чоң-Капка

  1. Үч-Коргон

 

Айылдык кенештин аты

 

Депутатардын саны

 

1

Покровка

21

 

2

Үч-Коргон

21

 

3

Май

11

 

4

Кыргызстан

11

 

5

Кайынды

11

 

 

Жалпы:

75

 


 

Манас району тууралуу кыскача маалымат:

 

Категория

Бирдик

 

Көрсөткүч

01.01.2015

Район (шаар) боюнча жалпы маалымат

Жалпы территориясы

км2

1045

Айыл аймактардын саны

бир

дик

5

Айылдардын саны

бир

дик

22

Түтүндөрдүн саны

бир

дик

6253

 Демография

Туруктуу калктын саны

миң адам

32081

Алардын ичинен шаардыкы

миң адам

-

Айылдыкы

миң адам

32081

2016-жыл ичинде табигый өзгөрүү

алардын ичинен жаңы төрөлгөндөр:

адам

618

алардын ичинен өлгөндөр:

адам

13

Табигый өсүш (азайуу)

адам

Калктын миграциясы

     398

ички

адам

279

тышкы

адам

119

 Балдар, үй-бүлө

Үй-бүлөлөрдүн саны

бирдик

534

Социалдык коргоого муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн саны

бирдик

534

алардын балдарынын саны

адам

1780

Жалгыз бойлордун саны

бирдик

-

алардын балдарынын саны

адам

-

жетимдер

адам

14

жарым жетимдер

адам

235

мүмкүнчүлүгү чектелген көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары

адам

183

аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары

адам

1780

Кедейчиликтин деңгээли:

Үй-бүлөлөрдүн саны

1584

0-800 сомго чейин

900

800-1465 сомго чейин

810

1465-2485 сомго чейин

533

2485 сомдон жогорку

241

Билим берүү

Жогорку жана атайын орто билим берүү мекемелери

бирдик

жогорку билим берүү окуу жайлар

бирдик

-

атайын орто билим берүү

бирдик

1

анын ичинен студенттердин саны

адам

Мугалимдердин саны

Орто мектептердин саны

бирдик

21

анын ичинен окуучулардын саны

адам

6353

мугалимдердин саны

546

Бала бакчалардын саны

бирдик

5

анын ичинен балдардын саны

адам

587

тарбиячылардын саны

адам

42

мектепке тартылбай калган балдардын саны

адам

-

ИДНде каттоодо турган балдардын саны

адам

16

Жумушсуздук

Жалпы жумушсуздар

адам

518

эркектер

адам

326

аялдар

адам

192

мүмкүнчүлүгү чектелгендер

адам

2

Пенсионерлер

пенсионерлер

адам

3253

алардын ичинен:

жашы курагы боюнча

адам

2278

майыптыгы боюнча

адам

726

иштеген пенсионерлердин саны

адам

236

Жеңилдиктерге укугу бар жарандар

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери

адам

5

Оруктун ардагерлери

адам

12

Ооган согушунун ардагерлери

адам

13

Советтик армиянын майыптары (ИСА)

адам

9

Чернобыльцы

  адам

       9

Баатыр энелер

адам

288

Реабилитация болгон жарандар (Сталиндик режимден)

адам

106

Эмгектин ардагерлери

адам

7

Майыптар

Инклюзивдик окууга тартылбаган майып балдар (18 жашка чейин)

адам

15

Саламаттыкты сактоо

Ооруканалар

бир

дик

1

Поликлиникалар

бир

дик

1

Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу

бир

дик

5

ФАП

бир

дик

      15

Аптекалар

бир

дик

7

Персонал

Врачтар

адам

     24

Медайымдар

адам

    216

Райондун, шаардын “Ардактуу атуул” наамын алган жарандар

адам

7

 

Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь