КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Кара-Буура району

Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын дареги:

Талас облусу Кара-Буура району Кызыл-Адыр айылы Ч.Айтматов көчөсү №7

Байланыш телефондору: (3456) 2-62-62, факс (03456) 2-66-17

Мамлекеттин коду +996

Е-mail: kara-buura_rga@mail.ru

Почталык индекс: 723900

 

Райондук жетекчилик

 

Сыдыкназаров Баратбек Жалалбекович

Кара-Буура райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким

 

Айманбетов Таалай Урбашович - 1-орун басары

Карбозова Салкын Орунбековна -  орун басары

 

Кара-Буура району

 

  1930-жылдын 1-сентябрындагы   №61 буйругунун негизинде Кыргыз АССРнин административдик аймактык кантон болуп түзүлүп, мурдагы Александров болуштук аткаруу комитети жоюлуп, Рыков райондук аткаруу комитети болгон. 1937-жылы Рыков райондук аткаруу комитети жоюлуп, Киров райондук аткаруу комитети  болуп өзгөргөн. Киров району деген аталыш 1991-жылы Кара-Буура району болуп өзгөртүлүп, борбору Кызыл-Адыр айылы болуп эсептелинип келет. Кара-Буура районунун климаты кышкысын сууктун эң төмөнкү температурасы -33°С, орточо сууктун температурасы тоолуу өрөөндө -27°С, өрөөндө болсо -18°С чейин жетет. Ал эми жайкысын ысыктын эң жогорку температурасы 40°С чейин чыгышы мүмкүн.

  Райондун жалпы аянты 2952 км² болуп, облустун аймагынын 25,8% түзөт. 2016-жылдын жыйынтыгы менен райондун аймагында 11204 түтүн болсо, жалпы калктын саны 65274 киши. Кара-Буура району Талас облусунун батыш жагында жайгашкан административдик маанидеги район, түндүк батыш жагынан Казакстан, түштүк-чыгыш жагынан Бакай-Ата району жана түштүк жагынан Манас району менен чектешет. Райондун аймагы деңиз деңгээлинен 1200-4500 метр бийиктикте жайгашкан.

  Жалпы  район боюнча 38770 гектар айдоо аянтынын 25869 гектары сугат, 12901 гектары кайракы жерди түзөт. Кайра бөлүштүрүү фондусунун 7063 га болуп бөлүнгөн. Ал эми жайыт жерлер 170857 га. Ал эми райондун калктуу конуштары 23 айылдан туруп, 6426 гектар жерге жайгашкан.

Райондун чыгаан атуулдары;

  1. Чыңгыз Айтматов(1928-2008) - кыргыз жана орус тилдеринде жазган советтик жана пост-советтик жазуучусу, Кыргыз ССРнин эл жазуучусу (1974), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1978), Кыргыз Республикасынын Баатыры
  2. Ашым Жакыпбеков (1935–1994)- жазуучу, киносценарист жана котормочу.
  3. Райкан Шүкүрбеков – (1913-1962) Акын, драматург Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу, Ак-Чий айылында туулган.
  4. Капар Медетбеков – (1931-2012) Кыргыз эл артисти, - Кара-Буура районуна караштуу Шекер айылында туулган.
  5. Сатин Абдыкеримова (1919-1988)- кыргыз кыз-келиндеринин ичинен чыккан жана алгач колуна калем кармаган акындардын бири
  6. Сабыр Жумабеков – Врач, ортопед 1964-жылы 11-августа Кара-Буура районунун Сатыкей айылында төрөлгөн
  7. Элүүбай Отунчиев – Кыргыз эл жазуучусу
  8. Төлөбек Аманбаев - Социалисттик эмгектин баатыры 1942-жылы Кара-Буура районун Суулу-Маймак айылында туулган.
  9. Оморбай Нарбеков - медицина илимдеринин академиги Кара-Буура районун Көк-Сай айылында туулган.
  10. Дарика Жалгасынова – Кыргыз эл артистти, Кара-Буура районун Чолпонбай айылында туулган.
  11. Садыкова Сыйнат(1917-1976) -  Кара-Буура району, Чымкент айылы Социалистик Эмгектин Баатыры, КПСС мүчөсү

Негизинен район 10 айыл аймактан турат.

Жалпы 44 мамлекеттик мекемелер жайгашып  кызмат өтөп келет.

 

Калктуу конуштар: 

    Айыл аймак боюнча айылдардын аталыштары.

Бакыян айыл аймагы - село Бакыян жана Тамчы-Булак айылдары,

Бейшеке айыл аймагы - Кара-Суу, Бейшеке, Кара-Буура айылдары,

Кара-Буура айыл аймагы – Кызыл-Адыр, Чон-Кара-Буура, Уч-Булак айылдары,

Чолпонбай айыл аймагы- Чымгент, Көк-Дөбө айылдары,

Бакайыр айыл аймагы - Ак-Башат, Кара-Сай айылдары,

Ак-Чий айыл аймагы - Молдо-Асан, Жоон-Дөбө айылдары,

Маймак айыл аймагы – Маймак айылы,

Аманбаев айыл аймагы - Аманбаев, Суулу-Маймак, Ак-Жар, Куру-Маймак айылдары,

Шекер айыл аймагы - Шекер, Арчагул айылдары,

Көк-Сай айыл аймагы  - Көк-Сай, Кайнар айылдары.

 

 

 

Саны

 

Саны

 

Жынысы

 

Улуту   

 

1

эркектер

33136

Кыргыздар

58374

2

Аялдар

31603

Өзбектер

389

 

Жашы боюнча

 

Орустар

546

3

0-15 жаш

24378

Казактар

1193

4

16-59 жаш

35807

Уйгурлар

27

5

60 жаш жана жогору

4559

Татарлар

49

6

Жалгыз бой картаңдар

68

Түрктөр

687

7

Ата-энесинин бүрөөсүнөн ажырагандар

892

Украиндер

25

8

Толук үй-бүлөлөр

9798

Күрдтөр

3383

 

 Жаратылыш-климаттык шарты

  Кара-Буура району жаратылышы жагынан абдан кооз жана башка аймактарга караганда аба ырайысы менен өзгөчөлөнгөн. Тоолор, аскалар жана тоодон түшкөн өзөндөр,  арча кайың аралашкан адырлар жаратылышка өзгөчө көрк берип турат. Тоо кыркалары жайкысын  калктуу конуштарга мелүүн жел уруп, кышкысын муздак шамалдан, сууктан сактап келет.

  Райондун рельефин негизинен үч типке бөлүп карасак болот: Бийик тоолуу аймак (деңиз деңгээлинен 3500-3700 метр бийиктикте, 4482 метр бийиктиктеги Манас чокусу), орто жана жапыз тоолуу аймак (деңиз деңгээлинен 1000-1300 метр бийиктикте, мал жайылуучу бөлүктөр), жайыктагы өрөөн ( деңиз деңгээлинен 800-1700 метр бийиктикте, айдоого ылайыкташкан аймак).

  Жаратылыш климаты боюнча жайкысын күндүзү ысык жана түнкүсүн салкын, кышкысын орточо сууктун мезгилин камтыйт,  ал эми жазгысын жана күзкүсүн нымдуу аба ырайы болуп турат.

Суу ресурстары

  Райондун аймагы негизинен тоодон чыккан суулар жана ак мөңгүлүү аска зоолордон эриген мөңгүлөрдөн түшкөн өзөндөр менен толукталып турат. Сугат айдоо аянттары Сарымсак, Бахты-Ногой жана  Талас дарыясынан келген суулар  менен сугарылып келет. Ошондой эле 550 млн м³  көлөмдү  жана узундугу 258 метр, бийиктиги 83,7 метрди  түзгөн Киров суу сактагычы жайгашкан. Бул суу сактагыч кошуна Манас районун жана Казакстан Республикасынын Жамбыл облусун суу менен камсыздап турат.

Өнөр жай тармагы

  Өнөр жай тармагы жалпысынан алганда райондун аймагындагы чийки заттарды кайра иштетүү жана аларды ички керектөөчүлөргө ошондой эле кошуна мамлекеттерге сатуу жолу менен пайдаларды таап, жергиликтүү тургундады жумуш орду менен камсыздап келет. Өнөр жай тармагынын негизги көрсөткүчтөрү бул сүттү кайра иштетүүчү ишканалар, тактап айтканда “Эмилия”, “Эжигей” жана “Үмүт и Ко” ишканалары болуп эсептелет. Мындан тышкары курулуш материалдарын чыгаруу кирпич заводтору жана асфальто-бетон ишканасы бар. Ал эми бүгүнкү күндө айыл чарба продукцияларынын экологиялык тазалыгына көңүл бурулган шарттарда, экологиялык таза азыктарга кам көрүү максатында минералдык органикалык биоприпараттарды чыгарган   “Биофабрика” ишканасы ачылган. 

  Райондун аймагында өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларынын көпчүлүгү Бажы биримдигине кирген  мамлекеттерге жана Турция,  Европа мамлекеттерине экспортолуп келет. Буга байланыштуу эл аралык стандарттарга продукциялардын жооп бериши үчүн атайын фитосанитардык лаборатория курулуп,  заманбап жаңы жабдуулар менен камсыздалган. 2017-жылдын март айынан баштап бул лаборатория продукцияларды текшерүүдөн өткөрүп, эл аралык талапка жооп бере турган сертификаттарды берүүдө.   

Финансылык инфраструктурасы

  Дыйкан-фермерлерди, ишкерлерди насыялар менен камсыздоо жана акча которуулар боюнча банктык акча жүгүртүүлөр үчүн райондун аймагында банктар жана  микрокредиттик компаниялар иштеп турат. Банктарды алсак “Айыл банк”, “РСК банк”, “Кыргызстан банк”, “Бакай банк”, “Оптима банк”, “Финка банк”, “Байтүшүм банк”. Ал эми микрокредиттик компаниялар “Мөлбулак” , “Компаньон” жана “АБН”.

Транспорт

 Район боюнча жалпысынан алганда 326 км авто жолдору бар. Анын ичинен 38 км эл аралык жолдор, 148 км республикалык маанидеги жана 142 км жергиликтүү маанидеги жолдор. Негизинен жүргүнчүлөрдү жана чарбалык жүктөрдү ташуу ошондой эле башка региондор менен байланышуу үчүн автомобилдик жол аркылуу жүрүү ылайыкташкан. Райондун негизги республикалык маанидеги жолу катары Тараз-Талас-Суусамыр жолу эсептелинет. Бул жол бажы тосмолорусуз Кыргыз Республикасынын башка аймактары менен байланышунун негизги альтернативдик жолу болуп саналат. Бүгүнкү күндө Тараз-Талас-Суусамыр жолун кайрадан реаблитациялоо иштери бүткөрүлүү астында турат. Мындан тышкары Жалал-Абад облусунун  райондору менен байланышуу үчүн Кировка-Чаткал жолу аркылуу  жайкысын жүрсө болот. Ошондой эле райондун батыш тарабында Казакстан мамлекети менен чектеш Маймак айылынан узундугу 17 км аралыкты түзгөн темир жол өткөрүлгөн. Бул темир жол аркылуу 1990-жылдары  жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу процесси жүргүзүлүп келген жана бүгүнкү күндө дагы стратегиялык мааниси бар темир жол болуп эсептелинип келет.  Азыркы учурда жүктөрдү ташууга гана уруксат берилген.

 1997-жылы Жоон-Дөбө темир жол станциясынын жанында  520 гектарды түзгөн  эркин экономикалык  зонасы (СЭЗ “Маймак” )  уюштурулган.  Башка мамлекеттер менен өндүрүш жаатында байланышууга ыңгайлуу болуп жайгашкан. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бул аймакта (СЭЗ Маймак) салык, бажы жана башка төлөмдөр үчүн жеңилдиктер каралган. Бул багытта инвестицияларды тартууга, өндүрүш ишканаларын курууга ылайыктуу шарт түзүлгөн.

Айыл чарбасы

 Кара-Буура районунда жалпы калктын көпчүлүгү айыл чарбасы менен алектенип келет. Негизинен дыйканчылык жер айдоо,  бактарды тигүү жана мал багуу иштери жүргүзүлөт. Айдоо аянттарына төө буурчак, картошка, кант кызылчасы, буудай, арпа, жүгөрү жана жашылча-жемиртер тигилет. Мындан тышкары алма, кара өрүк, алмурут алча жана башка мөмө жемиштер өстүрүлөт. Дыйкандардын көпчүлүгү  төө буурчак өсүмдүгүн тигүүнү өздөштүрүшкөн. Бул өсүмдүккө суроо-талап жогору болгондуктан баасы туура келсе  сатууда кыйынчылыктар жаралбайт. 2016-жылдын жыйынтыгы менен 1 гектарынан 17,1 центнерден айланган, жалпысынан алганда 36 миң тоннанын тегерегинде түшүм жыйналган. Өндүрүлгөн продукциялар тышкы мамлекеттерге  сатылууга жөнөтүлөт.

 Мал чарбачылыгы

 Жергиликтүү тургундар мал чарбачылыгы боюнча кой-эчки, уй жана жылкыларды багышат. Райондун аймагы мал багууга ылайыкташкан аймактардын катарына кирет. Себеби жайкысын жайлоого жана кышкысын кыштоого чыгып жайып багуу жөндөмү өздөштүрүлгөн. Сатууга багытталган малдар  Кыргыз Республикасынын түштүк регионуна, Бишкек шаарына жана Казакстан мамлекетине сатылат.

  Мындан тышкары райондо “Лущихин” атындагы асыл тукум кой өстүрүү заводу бар. Ал жакта уяң жүндүү койлордун түрлөрү багылып өстүрүлөт. Жүндүн сапаты эң жогорку сапат болуп эсептелинип ишкерлер тарабынан сатып алынып кетилет. Ошондой эле таза кандуу асыл тукум жылкыларды  багуу менен алектенген фермерлер дагы  кездешет.

 

Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь