КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Бакай-Ата району

Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын дареги:

Индекс – 723800

Талас облусу Бакай-Ата району Бакай-Ата айылы Манас көчөсү № 83

Байланыш телефондор: 0996 (3457) 3-22-02, факс 0996 (3457) 3-22-07

E-mail admbakaiata@mail.ru, orghbakaiata@maiI.ru

 

Райондук жетекчилик

 

Осмонбеков Канымет Бийзакович

Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими

 

 

Ф.А.А.

Ээлеген кызматы

Кызматтык телефону

Уюлдук телефону

Кайсыл мезгилден бери эмгектенет

Жарандарды жекече кабыл алуу күндөрү

1

Осмонбеков Канымет Бийзакович

Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими

03457 3-22-01

0773 613260

Июнь 2014

Ар жуманын бейшемби күндөрү саат

14-00дон 17-00 чейин

2

Табылдиев Молдалы Жалилович

Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары

03457 3-22-03

0773 103041

Март  2013

Ар жуманын шаршемби күндөрү саат

14-00дон 17-00 чейин

3

Шамбетова Айжамал Эсенбековна

Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары

03457 3-22-04

0772 841371

 

Ар жуманын шейшемби күндөрү саат

14-00дон 17-00 чейин

 

  1. Адиминистртивдик аймактык түзүлүш.
  • Бакай-Ата району 9 айыл аймактан жана 19 калктуу конуштан турат. Анын ичинде
  1. Бакай-Ата айыл аймагы – Бакай-Ата жана Наматбек айылдары;
  2. Акназаров айыл аймагы – Кызыл-Октябрь, Маданият, Таш-Кудук, Көк-Таш, Үрмарал айылдары;
  3. Шадыкан айыл аймагы – Ынтымак жана Түйтө айылдары;
  4. Кең-Арал айыл аймагы – Кең-Арал айылы;
  5. Өзгөрүш айыл аймагы – Өзгөрүш айылы;
  6. Ак-Дөбө айыл аймагы – Ак-Дөбө, Кызыл-Сай, Кызыл-Чарба айылдары;
  7. Миң-Булак айыл аймагы – Миң-Булак айылы;
  8. Боо-Терек айыл аймагы – Боо-Терек айылы;
  9. Оро айыл аймагы – Кыргызстан, Биринчи май, Жон-Коргон айылдары;

 

  • Административдик борбору – Бакай-Ата айылы.
  • Калкынын саны (01.01.2016-ж карата) – 49473 адам;

 

  1. Бакай-Ата району тууралуу кыскача маалымат.
  • Талас облусуна караштуу Бакай-Ата району Кыргыз ССРин Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен 1936-жылдын 2-сентябрында Ленинполь району катары уюшулуп, 1992-жылдын 26-майында Бакай-Ата району болуп аты өзгөрүлүп которулган.
  • Климаты континенталдык, кургак. Июль айында абанын температурасы орточо 15-25°С, январда -6...-14°С. Жылдык жаан-чачындардын көлөмү орточо 300-400 мм. Жайы кургак, кышы суук, жаз жана күз мезгилдери жаанчыл; өрөөнүндө кар декабрда, тоолуу аймактарда ноябрда жаайт. Жайдын экинчи жарымы көбүнчө кургакчыл.
  • Бакай-Ата районунун территориясы 2317,8 чарчы километрди түзүп, Талас областынын территориясынын 20,3 пайызын түзөт. Бакай-Ата району Талас өрөөнүнүн борбордук бөлүгүндө жайгашып, чыгышынан Талас, батышынан Кара-Буура райондору, түштүгүнөн Талас тоо кыркасы, ал эми түндүгүнөн Эчкили тоо кыркалары менен чектелет. Райондун аймагы боюнча түндүктөн түштүккө Урмарал жана Күмүштак дарыялары агып, Талас дарыясына куюшат. Деңиз деңгээлинен 1200-1400 метр бийиктикте жайгашкан.
Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь