КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Фонд

2016-жылы “Талас облусунун өнүктүрүү фондусу” түзүлүп, “Жерүй” алтын кенин иштетүүгө берилген лицензиянын эсебинен 170,3 млн.сом акча каражаты которулуп берилген. 2016-жылдын  декабрь айларында 89,1 млн. сомду түзгөн 24 айыл аймагында тендер өткөрүлүп, 11 айыл аймагына 20,5 млн сом  акча каражаты которулуп берилди. Бүгүнкү күндө  6,6 млн сомго 3  айыл аймагына техникалар алынып келинди.

Мындан тышкары, бүгүнкү күндө Фонддун башкармалыгы тарабынан 89,1 млн. сомду түзгөн 24 долбоор жактырылып, Байкоо кеңешинин кароосунан өттү. Алар: 14 айыл аймакка  38 млн. 865 миң  сомго айыл чарба техникаларын алууга, 2 айыл аймакка 6 млн. 324 миң 977 сомго айылдарды таза суу менен камсыздоого, 3 айыл аймагына 8 млн. 246 миң 482 сомго айылдарды жарыктандырууга, 1 айыл аймагына 3 млн. 200 миң 439 сомго футбол аянтчасын курууга, 2 айыл аймака 12 млн. 748 миң 352 сомго башталгыч мектебин курууга, 1 айыл аймака 6 млн. 833 миң 120 сомго бала-бакча курууга жана 2 айыл аймака 12 млн. 905 миң 670 сомго мал соючу цех курууга багытталган долбоорлор.

...

Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь