КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Таластагы туризм жөнүндө

 

Облустун аймагында туризмди өнүктүрүү боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалымат

 

        Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туризм чөйрөсүн өнүктүрүүнүн 2020-жылга чейинки программасы жөнүндө” №192 токтомун  аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2020-жылга чейинки туризм тармагын өнүктүрүү боюнча бекитилген иш-чараларынын планы  райондук мамлекеттик администрацияларга, Талас шаардык мэриясына жана тиешелүү мекеме-уюмдарга жеткирилип,  аткарууга алынып  алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө.

Туризм тармагын жакшыртуу максатында облустун аймагында жайгашкан тарыхый-маданий эстеликтер, музейлер, жайкы эс алууга ыңгайлашкан туристтик базалар жана келген туристтерди жайгаштыруучу объекттер боюнча маалыматтар такталып, жер-жерлерде ишмердүүлүгүн жүргүзгөн мейманканалар, мейман үйлөр, кафе-ресторандар келген конокторго жогорку деңгээлде уюштурулган шарттарды түзүүнүн үстүндө иш алып барышууда.

Ички туризмдин маршруттарын өнүктүрүү боюнча аймактарда жайгашкан туристтерди тейлөө багытында сунушталган кызматтардын  сапаттуулугун жогорулатуу максатында авто жолдордо, массалык эс алуучу жайларда жол эрежелерин, жол кыймылынын коопсуздугун жана коомдук тартипти сактоо тууралуу  жеке ишкерлер, жалпы коомчулук арасында түшүндүрүү иштерин жергиликтүү аткаруу органдары райондордун жана Талас шаарынын укук коргоо органдары менен биргеликте иш аракеттер жүргүзүүдө. Мындан тышкары магистралдык жолдордо жана массалык эс алуучу жайларда туристтердин коопсуздугун коргоо максатында патрулдук милиция кызмат кылууда.

2017-жылга жайкы туристтик өнүктөгүн даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу максатында 2017-жылдын 22-майында  № 07-19/1000 сандуу каты райондук мамлекеттик администрацияларга, Талас шаардык мэриясына жана мекеме-уюмдарга жөнөтүлүп, аталган мекемелердин башчылары тарабынан туристтик объектерге жакын жашаган  калк арасында чыр-чатактарды болтурбоого ылайыкталган оперативдүү профилактикалык иштери жүргүзүлүп турат.

Ошондой эле, мейманкаларда конокторду кабыл алуу боюнча шарттарынын, деңгээлин жогорулатууга көмөк көрсөтүлүп, техникалык кызматтарын (суу канал, электр, коммуналдык тейлөө ж.б. башкармалыктары) камсыздоо жагы  райондор, шаар жетекчиликтери тарабынан көзөмөлгө алынган. 

Облуста мамлекеттик жана жеке менчик мекеме-уюмдар өздөрүнүн ишмердүүлүгүнө ылайык сырткы жана ички туризмди өнүктүрүүсүнө багыт алышкан. Ар бир уюштурулуп өткөрүлгөн жарманкелерде чыгарылган продукциялар боюнча маалымат берилип, даяр продукциялары сатыкка коюлат.

Облуста  негизинен “Эдельвейс-Тур” ЖЧК, “Байбол-Ата” ЖЧК, “Земля легенд” ЖЧК, “Беш-Таш” МЖП,  КУ “Манас Ордо” К,  “Кишимжан” ЖЧК, “Барчын” БДЧБ,  “Ак-Шумкар” БДЧБ, “Мамлекеттик резиденция” МИ туристтик  фирмалары иштешип туристтерди  кабыл  алышат.

“Беш-Таш” мамлекеттик жаратылыш  паркы – уникалдуу табигый  токойлорду жана  бийик  тоолуу  шалбааларды сактап  калуу  үчүн  уюштурулган. Анда  Семенов-Тянь-Шаньский карагайы  өсөт, ошондой  эле, Кыргыз Республикасынын кызыл китебине  киргизилген флора  менен фауна  топтолгон: илбирс, бүркүт,  евразия сүлөөсүнү,  гималай жорусу,  ителги жана  көк жору бар. Беш-Таш  өзөнүндөгү “Короо кайыңды” эс алуу жайы, “Арашан” мазары  ижарага  берилип  иштеп  жатат. Мындан тышкары,  паркка  караштуу жай  мезгилине  карата  “Кашканын  сазы” эс  алуучу  жай көлмөсү  менен  уюштурулуп, 4 эс  алуучу  жайларда  боз  үйлөр орнотулуп, бээнин сүтү менен дарылоо, эс алуу уюштурулуп, туристтерди  кабыл  алууга шарттар түзүлгөн. 2017-жылдын 2-июлунда “Парктын маршы-2017” атту Эл аралык акциянын алкагында Талас мамлекеттик университетинин табият таануу факультетинин студенттери туристтик жана рекреациалык маанидеги иш-зоналарды тазалышып, 1 000 тонна таштандылар чыгарылып, тийиштүү жерлерге жеткирилди.

Облустун деңгээлиндеги ички туристтердин негизги бөлүгүнө, өзгөчө өсүп  келе  жаткан  жаш  жеткинчектерге Кыргыз Улуттук  “Манас Ордо” комплексине  барып  зыярат  кылуу, залкар  жазуучу Чыңгыз Айтматовдун  кичи  мекени Шекер айылындагы  музейи жана  “Ачык асман”  алдындагы  экспонаттары  менен  таанышуу, Советтер  Союзунун  баатырлары Ч.Түлөбердиевдин, А.Оторбаевдин мемориалдык  эстеликтерине  барып, музейлери  менен  таанышуу, Т.Герцендин, А.Үсөнбаевдин  жана Талас шаарындагы №2 Р.Рысакова атындагы, Талас районунун Көпүрө-Базар айылындагы Р.Айдаралиев атындагы, Кызыл-Туу айылындагы А.Огонбаев атындагы жана башка  мектептерде  жайгашкан  көрүнүктүү  инсандардын  өрнөктүү өмүр  таржымалын  чагылдырган  музейлерге  барып, экспонаттар  менен  таанышуу  сунушталып,  кесиптик  лицейлерде,  орто  жана  жогорку  окуу  жайларда  облустун  аймагындагы  белгилүү  жайларга  барып, Талас  жергесин жакындан  таанытуу  колго  алынган.

Облустун аймагындагы эс алуу жайларына сырттан келген туристтерге  жана жергиликтүү жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү үчүн  эс алуучу жайлардын айланасын көрктөндүрүү, тамак-аштарынын сапаттарын жакшыртуу боюнча эс алуу жайларынын ээлерине окутуу семинарлары, тренингдер уюштурулуп өткөрүлүүдө.   Кыргыз Республикасында туризм тармагын өнүктүрүү боюнча 2017-жылга иш-чаралар планын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм алдындагы туризм департаменти менен биргеликте 2017-жылдын 29-мартында “Айылдык мейман үйлөрү – Талас облусундагы туризмдин өнүгүүсүнүн келечектүү багыты катары” аттуу тегерек стол, семинарлар өтүп,    иш-чаранын негизинде 3 мейман үйлөрү ачылып,  облус боюнча жалпы 25 үй  мейман үйлөрүн даярдоо боюнча баштапкы аккредитациядан өткөрүлүп, анын ичинен 15 үй тандалып алынып Ысык-Көл облусуна практикалык тажрыйба алмашуу иретинде баруу пландаштырылууда.

Туристтик объекттерге жетүү үчүн реконструкциялоого муктаж болгон жолдорду республикалык маанидеги жолдорду реконструкциялоонун жана куруунун жалпы пландарына киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштар берилүүдө.

Талас-Тараз автожолдун жээктеринде коомдук тамактануу пункттары ачылып, алардын даярдаган тамак-аштары райондук санэпид көзөмөлдөөчү борбору тарабынан текшерилип турат. Санитардык жана санитардык – гигиеналык талаптарга жооп бербеген жайларда коомдук тамактанууну уюштуруу үчүн тиешелүү кызматтардын уруксаты жок боз үйлөрдү, убактылуу бастырмаларды орнотууга болбойт экендигин  жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.  Мындан тышкары жол жээктеринде бээлердин саамал, сүттөрү жана кымыз пункттары ачылып элдерге кызмат көрсөтүүдө. Туристтик базаларда атайын календар, баракчалар уюштуруп, китептерге маалыматтар чыгарылды. Жергиликтүү массалык маалымат каражаттары,  телевидение аркылуу  эс алуучу жайлар боюнча маалыматтар берилүүдө. Жайкы мезгилинде балдар ден соолугун чындоочу  “Барчын”,  “Ак Шумкар”  аттуу борборлоруна  жолдомолорду алып эс алып келишүүдө.                  

Кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплекси-маданият, туризм, илимий-изилдөө мекемеси болуп саналат. Комплексте Манас ата күмбөзү, Манастын Кароол чокусу, “Манас” эпосунун музейин жана анын алдындагы Тарыхый археологиялык- этнографиялык музейи жана бул музейдин бөлумү катары “Орхон-Эне-Сай-Талас жазуу эстеликтери” музейи,  ачык асман алдындагы таш эстеликтер музейи, “Манас Ата” гүлзар багы, “Айкөл Манас жана Кырк Чоро” архитектуралык-скульптуралык ансамбли жана башка административдик, маданий имараттар орун алган.

Комплекстин аймагындагы объектилер боюнча жана “Каныкей апа” булагында, жазгы көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери, ошондой эле актоо, сырдоо иштери жүргүзүлүп, Ордо борборунда туристтердин туура алып жүрүү боюнча паннолор орнотулду. “Манас Ата” гүлзар багына 800 түп роза гүлдөрүнүн көчөттөрү, 1000 түп кара өрүк көчөттөрү отургузулган.  “Каныкей апа” булагына 5 даана Тянь-Шань карагайы эрте жазда тоңу менен комплекстин аймагынан булактын аймагына көчүрүлүп, 50 даана ак кайыңдын, 40 даана роза гүлдөрүнүн көчөттөрү отургузулду. Булактардын аймагы ыраатка келтирилип, зыяратчылар жана түлөө берүүчүлөр үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөн.

Кароол Чокуга чыгуучу жолдогу отургучтар оңдолуп, чокуга чыгуучу жолдун курулушу аяктоонун алдында турат. Кырк-Чоро көпүрөсүнө, билет сатуучу кассанын жанына боз үйдү чагылдырган дарбаза жасалып, орнотулуп, Түлөөканада Ордо борборунда тамак бышыруучу навестер, түлөө берүүчүлөргө зарыл болгон казан аяк. идиштер ж.б. буюм-тайымдар менен толукталып, сатылып алынган.  

Кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплекси жыл өткөн сайын элдик зыяраттын жана Эл аралык туризмдин борборуна айланууда. Буга далил, жыл ичинде мекеме-уюмдардан келген топтор, студенттер, мектеп окуучулары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка шаар, облустарынан келип жаткан зыяратчылардан тышкары, алыскы жана жакынкы чет мамлекеттерден да Манас Атабыздын Ордосуна кызыгуу артып келгендердин саны арбын. Мисалга алсак, 2016-жылы республикабыздын ар тарабынан келип кетишкен зыяратчылардын  саны 118 000 адамды түзсө, ал эми 2017-жылдын 1-июлуна карата 45 000 зыяратчы келип кеткен. Алыскы жана жакынкы чет мамлекеттерден  Германия, АКШ, Кытай, Япония, Корея, Индия, Турция, Швейцария, Франция, Канада, Англия, Голландия, Индонезия, Бразилия, Орусия, Казакстан, Белоруссия  жана башка өлкөлөрдөн 156 турист келишкен.

Талас  облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган тармактардын бири – туризм болуп саналат. 2017-жылдын 3 айында туристтердин жалпы саны 5 985 адам болуп, алардын ичинен Кыргыз Республикасынын башка шаар, облустарынан келип кеткендердин саны 5 900 адам,  сырттан башка мамлекеттерден келип кеткен туристтердин саны 85 адам.   Туристтерден түшкөн кирешенин көлөмү 872 003 сомду түзөт, анын ичинен чет элдик туристтерден 142 007 сом, ички туристтерден  729 006 сомду түзгөн.   

 

Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь