КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

ЖИА Талас


Бизнес Ассоциация «Талас ЖИА                                                 Business Association “Talas JIA”

Талас ЖИА бизнес ассоциациясы.

Талас ЖИА бизнес ассоциациясы 2013-жылдын 10-октябрында өлкөбүздөгү ишкерлердин көйгөйүн  биргеликте чечүү,ишмердүүлүктө көмөктөшүү жана өлкөбүздүн өнүгүүсү  үчүн  аракеттенген ишкерлерди колдоо максатында  жергиликтүү ишкерлердин  демилгеси менен негизделген. Бүгүнкү күндө ЖИА  тиешелүү мамлекеттик мекемелер,элчиликтер,эл аралык жана жергиликтүү уюмдар менен активдүү кызматташып,ишкердикти өнүктүрүү,инвенстиция тартуу,эл аралык кызматташуу,социалдык,маданий,билим берүү жана кайрымдуулук жаатында көптөгөн алгылыктуу иштерди аткарууда.

Биздин миссиябыз:

Кыргызстанда демократия, патриоттуулук жана толеранттуулук баалулуктарын, ишкердикти   өнүктүрүү жолу менен алдыга жылдыруу.

Биздин девиз:

Ийгиликтүү ишкер-өнүккөн өлкө!

Биздин сунган кызматтарыбыз:

Семинар,тренинг жана жолугушуулар

Бизнес форум,көргөзмө жарманкелер

«Биз өнөктөшпүз» долбоору алкагында  ишкерлердин  жолугушуулары

Бизнес саякаттар

ЖИА инвест бөлүмү алдында  инвестиция тартуу боюнча кызматтар

Коомдук маданий иш-чаралар

Кайрымдуулук

Спорттук маданий иш-чаралар.

Биздин дарек:

Кыргызстан, Талас ш., Бердике баатыр көч.,57А

Моб.:+996701145455/+996770375718

e-mail: jia.bektursun@gmail.com

web: www.jia.kg

Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь