КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Тарыхы

Тарыхы терең Талас өрөөнү 

   «Жылгындуу Кең Кол, кең Талас, жер сорусу турбайбы, муну жердеген адам тунбайбы, өлкө түзүн карасаң, токою бар, талы бар, ал токойдун ичинде, жан бүткөндүн бары бар, өзөнчөдөн бөлүнүп, аккан тунук булагы, ай жаныбар, кең Талас, бейиштен артык сыягы» деп айтылат эмеспи «Манас» эпосунда. Элибиздин эпикалык  улуу  дастанында  Талас жергеси бөтөнчө даңкталып,  жамы атпай кыргыз  журтунун эркиндик, боштондук үчүн  баскынчылар менен болгон  айыгышкан күрөштөрдө башын бириктирип,  ынтымакка, биримдикке алып келген,   туу туткан  ыйык мекени, рухий ордосу катары баяндалат. Бир учу Урумга (Византия) бир кыйры кыйыры Кытайга чейин калкылдаган зор аймактар боюнча канат  жайган эпостогу окуялардын өзөгү Манастын хан ордосу жайгашкан Талас жергесинен таралып жүрүп отурат эмеспи.

   Элибиздин  көлөмү жанакөркөмдүг үжагынан дүйнөдө теңдеши болбогон эпосунда  Талас жергесинин даңкы таш жара баяндалышы бекеринен эмес.  Талас өрөөнү ошол көөнө мезгилдердеги мамлекеттердин башкаруу сатратегияларында   өзгөчө маанилүү аймак болгонун тарыхый фактылардан   улам баамдалат, байкалат.   “Таарынсаң  Таласка бар” деген кыргыз элинин лакаб кебинин төркүнү мына ошол көөнө мезгилдерде  мамлекеттик  башкаруу  маселелеринин чордону  Талас болгонун маалымдап турбасын деген ой келет.

   Угуз хандын  тушунда күн чыгышта Тын океандан тартып күн батышта Оролго чейин, Түндүк Кытай, Иран, Шам, Мисир, Индостанга чейин алган  Хун мамлекети  б.з.ч. 1 кылымынын ортосунун тарта ыдырап, түштүк жана түндүк  хундарга  бөлүнөт. Түштүк  хундардын   башчысы  Хуханье Кытайга кызмат кылууга ыктайт.  Намыскөй Чжи- Чжи  Кытайга кызмат кылуудан баш тартып,  түндүк хундардын жана аларга тектеш көчмөн уруулардын  башын кошуп,  Алтайга , Чыгыш Казакстанга,андан Теңир Тоого көчүп келип, ордосун Таласта, Чат-Базар  айылынын аймагы ченде жайгаштырат. (А. Н. Бернштам, «Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана»,  1 том, Бишкек, 1997-ж.,  87-бет. «Талас- Рух ордо», 2004-ж.,  7-8-б.)

   Бул мезгилде Таласты кучагына камтыган Кангүй малекетинин башчысы менен Чжи-Чжинин тил табышы буга мүмкүндүк берген. Тарыхта  элдердин улуу журт которуусунун башталышы саналган  бул жүрүштө Чжи Чжини  биринчи колдогондор энесайлык кыргыздар болгон. Түндүк хундар бирикмесинин курамында энесайлык кыргыздардын  алгачкы тобу  Теңир-Тоого мына ошондо  келишкен делет.   ( А.Н. Бернштам « Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана»,  Бишкек, 1998-ж., 1 том,  488-498-б.,  2 том,  395-399-б., 522-523-б. ) Тарыхчынын пикиринде  ошондон тартып он беш кылым бою,  тарыхый кырдаалдарга   жараша,  энесайлык кыргыздардын улам бир толкуну  Теңир -Того көчүп келип турушкан.

   Түндүк хундардын кангүйлөр менен ымалалашып кубаттанып баратышынан чоочулаган  Кытай өкүмдары  40 миң колун Таласка аттандырат. Б.з.ч. 36 жылы  Талас дарыясынын боюнда  кытайлар менен көчмөндөрдүн  айыгышкан чоң согушу жүрөт.  Эр жүрөк Чжи-Чжи  кандуу кармашта жаанын огу тийип кансырап   душмандын колуна түшөт.  Башчысынан айрылган көчмөндөр тоо таянып чегинишет. Кытай колбашчысы Чжи-Чжинин башын кестирип алып артка кайтат.  Хундар  менен кытайлардын ортосундагы Талас согушу туурасында  Кытай тарыхчысы  Баньгу б.з. 27 жылы « Улуу хан тарыхы» деген эмгегинде жазып калтырган.

   Б.з. 1-1У кылымдарында Евразия мейкиндигинде элдердин  улуу журт которуусун жараткан  хундардын Батышка  согуштук жүрүштөрүнүн  бир башаты Талас болгондугу айтылат. Хундардын   кылкылдаган колунун кандуу жапырыгынан  үркүп чегинген согушчан гот урууларынын  ( германдар ) Римге басып киришинен  империя солкулдаган.   Хундардын  башчысы  Ругил б.з.  433- жылы өлүп, анын ордуна бийлик башына Атылла келет. Атылланын колу менен Рим империясынын, вестгот, саксон, бургун, франк элдеринин бириктирилген колу Каталоун  жеринде кармашышып, эки тарап тең чоң жоготууга учураган. Б.з. 451 -жылы болгон бул кызыл кыргында 160 миңден ашык адам өлгөн .

   Атылла  колу менен  б. з. 452-жылы Алпы  тоолорун ашып түшүп, Римдин Италиясынын чегин басып кирет. Жолдо кезиккен  аскердик күчтөрдүн баарын талкалап жүрүп отуруп, Рим шаарын камоого аларда   айласы кеткен император Валентиян111чү  кымбат баалуу мүлктөрдөн турган  эбегейсиз көп тартуу менен папа Лео 1чини Атылланын алдына  жиберет. Зор мамлекеттин улуу  адамы  кадырлап алдынан чыкканына муюган Атылла  тартууну кабыл алып, жер жайнаган колун артка кайтарып кеткен.  Европа көчмөндөрдүн  кыйратуусунан   аман калат.   Атылла б.з.  453-454-жылдары  өзү ашык болгон гот  сулуу аялга үйлөнүү үлпөтүнүн түнүндө ошол эле «ашыгы» тарабынан уу берип өлтүрүлөт. Атылланын империясы четинен ыдырап кыйрай баштаганда  хундардын бир бөлүгү артка качып келген жери Талас болгондугу тарых булактарында эскерилет.

   Көчмөн уруулардан куралган Атылланын  кылкылдаган колунун арасында кыргыз жоокерлеринин   да болгону талашсыз. ( Кыргызды хундан тараткан тарыхчылар да  бар. Хундардын кыргыз тилинде сүйлөгөнүн Кожош Мусаев «Эркин Тоо» гезитинин 1998-ж., 19-августагы санында жарыялаган «Улуу кыргыз тарыхы» макаласында жазган).  Атылланын чечени, төлгөчүсү Кара Төлөк болуптур. («Манаста» да айтылат эмеспи- «Төлгөчү Кара Төлөгү» деп). Атылла өлөрүндө төлгөчү Кара Төлөгүн Балканга  чакыртып алып, акыркы керээзин айтыптыр: «Баатыры миң болсо, бийи бир болсо-эл болот, бийи миң болсо, баатыры бир болсо – эл бузулат. Муну тукумубуз унутпасын!».  Кара Төлөк шүдүңгүтүн (төөнүн желмаянын элибиз шүдүңгүт дейт)  минип алып,  өлгөндөн калган жоокерлерди  баштап мекенге кайтып келип, Теңир-Тоо, Алтай, Эне-Сайды аралап көчмөн боордошторуна:

«Балкан, Балкан, Балкан  тоо,

Балкан того мен чыксам,

Башында бар айры тоо,

Айры тоого мен чыксам,

Көлдө жаткан көп өрдөк,

Ылаачын тийсе бөлүнөт.

Ылаачындай шумкарым,

Атылкандан айрылып,

Элди кайдан табамын?

Эл карааны көрүнбөйт,

Тамакты кайдан ичемин?

Кийимди кайдан киемин?

Элди кайдан табамын,

Журтту кайдан табамын?..»-

деп,  Атылланын  арман-күү аралаш керээзин ырдап айткан экен. ( К. Жусупов, «Байыркынын издери», Бишкек, 2001-ж.,  176-б.).   Дастан Сарыгуловдун пикиринде,   кыргыздын комуз  күүлөрүнүн  эзелкиси «Шүдүңгүт»  күүсү  Атылла  кан  Римди чаап, жоокерлери кайрылып Мекенине  келгенине  арналган. ( Д. Сарыгулов, « Турмуш көчү»,  1чи китеп,  2001-ж.,  89-б.)

  Кийинки кылымдарда Талас жергеси Түрк,  Батыш Түрк, Түргөш,Карлук хандыктарынын, Саманийлердин бийлигинин, Караханиддер  хандыгынын,  Кара кытай бийлигинин астында болгон.

  Тарыхый булактарда Батыш Түрк каганы Ышбаранын  ордосу Талас дарыясынын жогорку агымында жайгашкандыгы айтылат.  Ышбара Миң-Булак деген жерде жайкы чеп шаарын салдырган. Бул жер азыркы Боо-Терек айылынын орду болгон деп божомолдонот.

   Борбордук Азиядагы таасирди талашкан Арабдар менен Кытайлардын 751-жылдагы согушу Талас суусуна жакын жердеги (Чоң –Капканын оозу) Атлах шаарынын тушунда болгондугу маалым.  Бул чоң согушта  жергиликтүү каркул, чигил, ягма уруулары  арабдарга оогондон улам кытайлар кыргын таап, жеңилишкен.  ( Б. Солтоноев, «Кызыл кыргыз тарыхы»,  Бишкек, 1993-ж.,  44-б.)

   Саманийлердин тушунда , аларды кулатып бийликке келген Караханиддердин  мезгилинде, тарыхый булактарда,  Талас өрөөнү шаарлардын жылдызы деп аталган.  Таластагы шаарлар бийик дубалдар менен курчалып, кооз колонналары, мунаралары, сепилдери менен көркүнө чыгып турган. Атлах (Жоон-Дөбө шаар чалдыбары), Шелжи (Чоңкапка суу сактагычынын астында калган шаар чалдыбары), Күл (Орловка шаар чалдыбары), Сус (Чалдыбар шаар чалдыбары), Текабкет ( Ак-Дөбө шаар чалдыбары)  шаарларында күмүш, коргошун кендери иштелип,  тыйын чыгарылган, кол өнөрчүлүк, багбанчылык өнүккөн.

   Археологиялык казууларда Текабкет шаары негизинен азыркы Талас шаарынын ордунда жайгашкандыгы  аныкталган.  Борбордук бөлүгү Талас суусунун күңгөй бетинде жайгашкан. Элибиз бүгүн ал жерди Ак-Дөбө деп атайт.

   Археологдордун  баамында Текабкет тегерете курчалган эки чеп дубалдан турган. Биринчи чеп дубал 200 гектар аянтты ээлеп, шаардын борбордук бөлүгүн курчаган. Бул чоң сепилдин ичинде ак сөөктөрдүн, соодагерлердин турак-жайлары жайгашкан. Калган карапайым калк сепилдин  тышындагы турак жайларда турушкан. Шаар эли көбөйүп, курулуш жайлар кеңейгенде, экинчи сепил тургузулган. Аянты 1500 гектарга жетип, Талас дарыясынын  өйүз- бүйүз жээктерин ээлеген.  (Б. Береналиев,  « Талас -XV кылымдагы шаар». Талас областтык «Ленин Туусу» газетасы). Текабкет шаары монгол-татарлардын кыяпандуу баскынчылык чабуулдарынан  талкаланган.  Ошентсе да анда ХУ кылымга чейин  тиричилик өкүм сүрүп турган.

   Моңгол   ооматынын   мезгилинде, Чыңгыз хандын укум-тукумдары (Үгөдөй жана Чагатай улустары) бийлик талашын 1269-жылы Талас суусунун боюнда өткөн курултайда чечишкен. Анын натыйжасында жаңы Хайду мамлекети түзүлгөн. Хайду малекети бир кылымдай өкүм сүрүп туруп, 1370 –жылы  Моголдор жана Мавреннахр (Тимурилер) хандыктарына  бөлүнүп, Теңир-Тоо аймагы Моголдор  хандыгынын  курамына караган.  ХУ кылымдын аягында  ХУ1 кылымдын башында Теңир- Тоодо  кыргыз  эли сан жагынан   басымдуулукка ээ болот. Мына ошондон кийин кыргыз эли  монгол баскынчыларына каршы тынымсыз күрөш жүргүзүү аркылуу аларды Теңир-Тоонун аймагынан Чыгыш Түркестанга сүрүп чыгарууга   жетишет.  Бул күрөштөрдү   уюштурууда жана жетектөөдө    мекенчил, тайманбас  Мухамбет баатыр (Тагай бий ) чоң роль ойногон.  Элибиздин  мекенчилдик сезими оттой жанган  мына ушул мезгил туурасында жазылган тарыхый булактарда  « Кыргыздар – Моголстандын жапайы арстандары» деп  белгилешкен.

   Кыргыз эли ХУ-ХУ11 кылымдарда дээрлик 250 жыл бою Чыңгыз хандын улуу ордосун кайтадан  тирөөнү  көксөп чыгышкан Жунгар – ойрот хандыктарынын баскынчылыгына каршы баатырдык менен күрөшкөн. 1638-жылы  Аштарханий Абдышүкүр жетектеген  кыргыз-казактардын 38 миң колу  Талас өрөөнүндө калмактар менен салгылашып, жеңилүүгө дуушар болушат. Калмактардын чапкынынан казак кайың саап, кыргыз Гиссар, Көлөпкө чейин тентиген.

   Элди-жерди коргоп, калмак баскынчыларына каршы  күрөшүүдө кыргыз баатырларынын аксакалы, пири  саналган Эр Солтоной  бөтөнчө эрдиктерди көрсөткөн.  Анын колунан  согуш өнөрүн үйрөнгөн  Бердике, Атаке, Итим, Шабек, Садыр баатырлар 1758-жылы калмактарды кыргыз жеринен  сүрүп чыгарууга жетекчилик кылышып,  эбегейсиз эрдиктерди көрсөтүшкөн.  Таластын элин түштүктөн  чогултуп, ата-бабасынын  жерине баштап келип жайгаштырууда Кенже уулу Итим бийдин эмгеги чоң болгон. (Б. Солтоноев, «Кызыл кыргыз тарыхы», Бишкек, 1993-ж., 1 том, 150-б.)

   Борбордук Азияда ХУ111 кылымдын аягынан тарта Кокон хандыгы  күч ала баштаган.Түштүк, түндүк кыргыздарынын Кокон хандыгына каршы  көтөрүлгөн учурлары көп болгон.  Таластыктар кокондуктарга каршы бир нече ирет көтөрүлгөн.  Ошол эле учурда кыргыз бектери  Кокон хандыгынын бийлик саясатын активдүү  аралашып,  бийлик баскычтарында жогорку даражалуу орундарды ээлеп турушкан.  Ушундан улам Кыяс Молдокасымов баш болгон бир катар тарыхчыларыбыз Кокон хандыгы, мамлекет катары, кыргыз элине да тиешелүү болгон деген пикирди айтышат.

   Таластык Асперди датканын кыздары – Кудаяр хандын апасы  хаким Жаркынайым, анын бир тууган сиңдиси Зыйнат датка хан ордодогу өтө таасирлүү адамдардан болушкан. Кыргыздын түштүгүн, түндүгүн бийлеп турушкан бектердин  ишине  алдыртадан чоң колдоолорду көрсөтүшкөн.  Хан ордодо Жаркынайымдын ак өргөөсү дамамат  тигилүү бойдон турган. Бийлик талаштан бир туугандар биринин башын бири жутууга даяр болуп,  хан тактысына бири келип бири кетип жаткан калаабалуу учурларда да Жаркынайымдын ак өргөөсү бүгүбөгөн. Ордодо ага бөтөнчө урматоо менен мамиле жасашкан. Анын акыл-насаатына кулак төшөшкөн. Жаркынайымдын көзү өткөндөн кийин да анын ак өргөөсүн ордунан козгоого эч ким дааган эмес.  Кызы Нарчучук өлгөндөн кийин  барып  хан ордодогу ак өргөө бүгүлгөн.  ( Абазбеков Нурмамбет, «Асберди датка», Бишкек, 2005-жыл).

   Өткөн тарыхыбыз – өткөн ата-бабабыздын элеси, каны-жаны, руху.  Өткөнүбүз болгон үчүн- бүгүнкүбүз бар, демек,  келечегибиз бар. Нечендеген кыйсыпырлуу, албуут тарыхый кыйырларда Ата-Журтун  көздүн карегиндей  коргоп,   Ала-Тоосунун  койнунда  ак калпак элин аман-эсен сактап келген  даанышман, эр жүрөк,  баатыр  бабаларыбыздын арбагына ар дайым башыбызды ийип таазим кылып жүрүүгө милдеттүүбүз.

Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь