КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Президенттик шайлоого  карата окутуулар башталды

  Бакай-Ата  районунда президенттик шайлоого карата   даярдыктар башталды. Райондук мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү алдыда өтүүчү шайлоого карата жер-жерлердеги шайлоо участокторундагы шайлоочуларды жалпы тизмеден тактоочу жана өздүгүн аныктоочу аппараттан өткөрүүчү операторлордун  окутуусун  уюуштурду.

 Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында окууга катышкандарды эки топто окутуу болду. Быйылкы жылдын өзгөчөлүгүнө токтолсок, шайлочулардын эски үлгүдөгү ID-картасы дагы, жаӊы нускадагы баардык маалыматтарыкатылган биомерикалык паспортту штрих коддоорун окуй турган «комбо ридер» аталыштагы жабдуунун жана адамдын бармак издеринен табылбаган учурда көздүн кареги менен издөө мүмкүнчүлүгүнүн кошулушу болду. Өткөн шайлоолордо күндүн суугунда, серверди туура эмес жандырууда пайда болгон мүчүлүштүктөр кайталанбашы үчүн ар бир иш алып баруучу (операторлор) өздөрү экранды, бармак издерин каттоочу, паспортту каттоочу жабдууларды кезеги менен орнотуп серверди жандырышып, шайлоочуну кабыл алуу даярдыктарын өз ара практика жүзүндө көрүштү.

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь