КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Бакай-Ата районунда  эки  жаңы светофорлор  орнотулду

  Ак-Дөбө айыл аймагынын борборунда, Суусамыр-Талас-Тараз автотрассасына Акчал уулу Дүйшөн орто мектебинин жана Т.Герцен музейинин жанына жөө жүргүнчүлөрдүн өткөөлү (зебра)  жана светофор коюлду. Бул өзгөчө кан жолдон ары-бери өткөн мектеп окуучуларынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында ишке ашырылды. Сфетофордун өзгөчөлүгү авто транспорт үчүн ар дайым ачык болуп, жөө жүргүнчү жолду кесип өтөөрдө гана жол чырактын атайын баскычын басуу менен жолдогу кыймылды белгилүү убакытка токтотуп, коопсуз абалда аркы өйүзгө өтө алышат.

  Быйылкы 2017-2018-окуу жылынын башталышы менен аталган айыл аймагынын башчысы Ж.Орозбаев өзү баш болуп, Бакай-Ата райондук жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери жана Акчал уулу Дүйшөн орто мектебинин башталгыч класстын окуучуларына класс жетекчилери менен жолдон өтүүдө жол чыракты пайдалануу эрежелерин жеринде көрсөтүп беришти.

  Мындан тышкары  Боо-Терек айыл өкмөтүндө дагы Бейшен Сатыбеков орто мектебинин жанында  да жаңы  светофор орнотулду. Светофорлорду орнотууга жалпысы 803,0 миң сом акча каражаты жумшалды.

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь