КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Манас районунда эгемендүүлүк майрамы  салтанатуу белгиленди

  31-августунда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүн алган күнүнүн 26-жылдык майрамы Манас районунда жогорку деңгээлде өттү.

  Майрамдык салтанат саат: 9:00до райондук мекемелердин, айыл өкмөттөрдүн кызматкерлеринин жана жашоочулардын парад өтүүсү менен башталды. Алгач  райондук аскер комиссарынын Манас райондук мамлекеттик администрация башчысына рапорт берип, параддын өтүүсүнө уруксат берилди. Парад өтүлгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Гимни жаңырып, алгачкы сөз Манас райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Бектен Дүйшөбаевге берилди.

  Ал өз сөзүндө жалпы райондун элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 26-жылдык майрамы менен куттуктап, элибизде ынтымак, жерибизде тынчтык болуусун каалап өттү. Ушундай эле каалоо тилектерди райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Жумак уулу Сатылган, Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы А. Жалилов, райондук аскер комиссары М. Султанов, райондун ардагери К. Шабданбеков жана башкалар айтып өтүштү. Андан кийин райондун жалпы элине райондук маданият бөлүмү, райондук балдар музыкалык мектебинин кызматкерлери жана окуучулары тарабынан чоң программадагы концерт тартууланды.

  Мындан тышкары, райондук мамлекеттик администрациясынын резервдик фондусунан 10,0 миң сом, айыл өкмөттөр тарабынан 25,0 миң сом акча каражаттары спорт оюндарына бөлүнүп берилди.

  Башкача айтканда, көк-бөрүгө – 20,0 миң сом, тай чабышка – 5000 сом, волейбол оюнуна – 4000 сом, футбол оюнуна- 4,0 миң сом жана шахмат оюнуна – 1000 сом, ордо оюнуна – 1000 сом берилди.

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь