КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

 Козучак айылында жаңы мектептин  ачылуу аземи болуп өттү

  1- сентябрда Талас районунун  Козучак айылында  жаңыдан курулуп бүткөн  орто мектептин ачылуу аземи болуп өттү. Салтанаттуу иш чарага, Кыргыз  Республикасынын Маданият жана маалымат  министри  Түгөлбай Казаков жана   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр  Кенекеев катышты.

Ыйгарым укуктуу  Өкүл  мугалимдер менен окуучуларды  майрамы менен куттуктап:  “мектебиңиздер ак жолтой болуп, келечекте ушул мектептен кыргыз элине кызмат кылган улуу инсандар чыксын деген” аруу тилегин билдирди.

  Маалыматка ылайык: Козучак айылындагы 225  орундуу Мамбетов атындагы орто мектептин толук бүтүрүүгө  жалпысынан  70 миллион сом каражат сарпталган.  Мындан тышкары, быйылкы жылы Манас районунун Май айылындагы Кочкорбаев атындагы 320 орундуу, Карабуура районуна караштуу Кара-Буура айылындагы Умарбеков атындагы 225  орундуу мектептердин курулуш  иштери аяктоо алдында турат.

 

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь