КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Оро айыл өкмөтүндө Талас облусу боюнча ардагерлер кеңешинин жыйыны болуп өттү

Быйылкы «Адеп, ыйман жана маданият жылынын» алкагында жана эгемендүүлүктү утурлай Бакай-Ата районунун Оро айыл өкмөтүндө Талас облусу боюнча ардагерлер кеңешинин жыйыны болуп өттү. Ага КР Өкмөтүнүн Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Чолпон Төрөкулов, Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Канымет Осмонбеков, Талас облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Мүнүр Мамбеталиев жана облустун арйондорундагы ардагерлер кеңештеринин төрагалары, райондук аялдар кеңеши, айылдын аксакалдары катышышты. Жыйында кыргыздын канына сиңген улууну урматтоо менен, кичүүгө ызат көрсөтүүнүн азыркы күндө калк арасында жоголуп бара жатышын, ага кайдыгерлик менен караган улуу муундун өкүлдөрүн келечектин ээси болгон жаштарга үлгү болчу аркеттерди жасоого коомду чакырышты. Жыйыннда айылдагы жакшы жөрөлгөлөр менен бүтүндөй өлкөгө тааныган жаштардын иштерин колдоого алууга, башка аймактарда да ушул ишти жайылтууга үндөштү. Жыйынтыгында чогулуштун атынан жалпы коомчулукка кайрылуу жасашты. Иш-чара сый тамак жана чакан ыр белек менен жыйынтыкталды.

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь