КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Талас облусунун борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгынын 26 жылдык майрамы салтанаттуу белгиленди

  Талас облусунун борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгынын 26 жылдык майрамы салтанаттуу белгиленди.  Салтанатка Кыргыз  Республикасынын  маданият жана  маалымат  министри  Түгөлбай Казаков, Казакстан Республикасынын  Жамбул  облусунун  акиминин 1- орун басары Маден Мусаев  конок катары катышты.  Талас  облусунун жалпы тургундарын  эгемендүүлүк майрамы менен  куттуктаган Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү  Дайыр Кенеккеев,  Талас облусунун  2016-жылы жана быйылкы жылдын сегиз айында жетишкен ийгиликтерине  кыскача тооктолуп өттү.   иш чаранын жүрүшүндө   Талас облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо тармактарына салым кошкон жарандарга  Талас облусунун “Чыгаан атуулу”, “Ардактуу атуулу” наамдары, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын “Ардак грамотасы”, жана “Ыраазычылык каты” тапшырылды.
  Майрамдык иш-чара катышуучуларына шаңдуу маанайда ыр-күлкү тартууланып, салтанат концерттик программа менен коштолду.

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь