КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Ыр кесе байырлуу Бакай-Атада

  Быйылкы маданият жылынын алкагы менен өткөрүлүп жаткан «Ыр кесе» эстафетасы Бакай-Ата айыл өкмөтүнө келди. Мында таланттуу ырчылардан тарта, мурда башка кесиптин ээси болуп эс алууда жүргөн инсандар айыл элине ыр маанай тартуулашты. Ал жерде төбөсү бүткүл Кыргызстанга таанылган Сагынбек Момбеков, легендарлуу парламенттин депутаты Кубандык Бердалиев, жаңыдан музыка дүйнөсүнө чыйыр салган Эмил кызы Айданек жана кыргыздын көөнөргүс казынасы болгон күүлөрүндө катыра кол ойноткон Сабыр Камчыбековдор элге жагымдуу маанай тартууласа, кесиби боюнча медайым, учурда эс алуудагы Ырыс апа болсо тунук үнү менен көпчүлүктү таңдандырды.

  «Колумдагы кесенин кызыл ала гүлү бар, жанымдагы Ак-Дөбө айыл аймагы кезегин ала турган түрү бар»- деп Бакай-Ата айыл аймак башчысы Доулбеков Нурлан, кеситеши Жамал Орозбаевге ыр куржунун өткөрүп, өз кезегин узатты.

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь