КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Жол оңолсо иш оңолот

  Жолчулардын түмөн түйшүгү бар. «Жол оңолсо иш оңолот» деген элдин жоромолу бекеринен айтылбаган чыгар. Райондогу №47-жол тейлөө ишканасы иштебейт деп канчалык сынга алынганы менен алардын көзгө көрүнбөгөн да көрүнгөн да иштери жүрүп жатат. Айыл ичиндеги жана тоо жолдорун жайы-кышы тейлөө, аларды оңдоп-түзөп туруу алардын милдетине кирет. Жакындан бери райондун жолчулары Кыргыз Республикасынын жол транспортуна эмгек сиңирген кызматкер Эсен Назаралиев башкарган «Жолчу» акционердик коомунун техникалык күчүнө таянып, аймактагы 3 км жолду асфальттап бүтүрүүнү колго алды. Бакай-Ата айылынын Шапак көчөсү менен акимчиликтин алдындагы жол асфальт менен кайрадан жаңыланып төшөлүп жаткан чагы.

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь