КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Айдаралиев айыл аймагындагы Талас дарясынынын башындагы Солто жана Жаңы-Арык каналдарынын бөлүнгөн жеринде айыл тургундагы менен жолугушуу болуду

Талас районунун Айдаралиев айыл аймагында жайгашкан, Талас дарясынынын башындагы Солто жана Жаңы-Арык каналдарынын бөлүнгөн жеринде айыл тургундагы, дыйкандар менен жолугушуу болуп, ага райондун Акими, тиешелүү айыл өкмөттөр жана айыл башчылар, Облустук жана райондук суу чарба башкармалыгынын өкүлдөрү, суу пайдалануучулар катышты.
Жолугушуу учурунда, дыйкандарыбыз жана суу пайдалануучулар, быйылкы жылы сугат суусу жетиштүү болгондугун билдиришти.
Айыл тургундары жер астындагы суунун деңгээли мезгил-мезгили менен көтөрүлүп, турак-жай жана огороддоруна кооптонууларды жаратып жаткандыгын айтып кайрылгандыктан, КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги аркылуу, жалпы сметасы 16 млн. сом болгон жабык дренаж куруу маселесин чечип берүү жагы каралып жатат.



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь