КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

“МУГАЛИМ - МӨМӨЛҮҮ ДАРАК”

  Бүгүн Таласта жалпы облустук мугалимдердин кеңешмеси болуп өттү. Өткөн 2016-2017 окуу жылындагы кемчиликтери жана жетишкедиктери талкууланып, жаңы окуу жылга карата тапшырма милдеттер коюлду. 

  Негизи эле, Мугалимдер ар дайым коомдун насаатчылары катары жаш муундарга билим берүүдө жана тарбиялоодо түмөн-түйшүктүү, ошол эле мезгилде сыймыктуу кесип ээси болуп келген. Кандай гана адам болбосун, ал эң ириде мугалимден билим, тарбия алып, акыл чырагын жандырып, турмуштун чоң жолуна аттанаары шексиз.
Ардактуу кесиптин ээси болгон мугалимдерибиздин жаңы окуу жылындагы иштерине ийгилик, чың ден-соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт-таалай каалайбыз.



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь