КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

“ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ БААРДЫК ШАЙЛОО УЧАСТКАЛАРЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИН ШАЙЛООГО ДАЯР”

  Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүнүү жана өткөрүүнү уюштурууга шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү максатында, КРнын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, ошондой эле, райондук мамлекеттик администрациялар жана Талас шаарынын мэриясы тарабынан тийиштүү буйруктар кабыл алынып, штабдар түзүлүп шайлоого даярдык боюнча иштер жүрүүдө.

  КРнын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын, КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Бакытбек Джусупбековдун жана КРнын Өкмөтүнөн Талант Садырбаевдин катышуусунда жыйын өткөрүлүп, шайлоону өткөрүү жана шайлоого карата үгүттөө иштерин жүргүзүү эрежелери тууралуу пикир алмашуу болуп өттү.



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь