КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Бейшеке айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Эң мыкты айыл өкмөтү 2016" сынагынан 1-оорунду камсыз кылды

  ТАЛАС ОБЛУСУНУН БЕЙШЕКЕ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН “ЭҢ МЫКТЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ-2016” СЫНАГЫНАН I ОРУН ЭЭЛЕП, 1 500 000 (БИР МИЛЛИОН БЕШ ЖҮЗ МИҢ) СОМ БАЙГЕ ФОНДУНА ЭЭ БОЛДУ.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Өкмөттүн жыйынында Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине дем берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан “Эң мыкты айыл өкмөтү-2016” мамлекеттик сынагынын жеңүүчүлөрүнө байгелер жана Өкмөттүк сыйлыктарды тапшырды.
Эгемендүүлүктү алган жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан сынакта, биринчи жолу Талас облусундагы айыл өкмөт байгелүү I орунду ээлеп, облус намысын татыктуу коргой алды.

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь