КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Быйылкы жылдын аптабы дыйкандарды түшүм жыйноого эрте камындырды

  Быйылкы жылдын аптабы дыйкандарды түшүм жыйноого эрте камындырды. Дегеним, Оро айыл аймагынын Биринчи Май айылынын тургуну Сатыбалдиев Түгөлбай жаз ортолоп эккен төө буурчактын түстүү сортун (американка) чөмөлөлөп, комбайнга салып данын чыгартып жаткан учуру. Иш үстүндө күбө болуп, Түгөлбай агага суроо салганыбызда “Быйылкы жылдын аптабы сугат суунун жылдагыдан көбүрөөк бергенибизге карабай төө буурчакты эрте бышырып жиберди. Былты эки суу менен ушул 2 га жерден үч тонна ашык түшүм алдым эле, быйылкы жылы федерация, СПА жетекчилиги менен суу келүүчү арыктарды тазалап, үч ирет сугарсак да түшүмдү эрте жыйнап жатам.” Бул дыйкандын төө буурчак эккен талаасы Күмүштак өзөнүнөн сугарылгандардын акыркы чектеринде жайгашканынын СПА башчысы Нурлан Жаманкулов белгиледи.

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь