КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Быйылкы «Адеп, ыйман жана маданият жылынын» алкагында Бакай-Ата районунун Оро айыл аймагында уюштурулуп жаткан «Ыр кесе»

  Быйылкы «Адеп, ыйман жана маданият жылынын» алкагында Бакай-Ата районунун Оро айыл аймагында уюштурулуп жаткан «Ыр кесе» сынагынын айлампасы Оро айыл аймагынан Боо-Терек айыл аймагына өткөн аптанын жума күнүндө өткөрүлүп берилген. Боотеректиктер ыкчам аракеттин натыйжасы менен кечээ 8-август күнү №41-кесиптик лицейдин эс алуу багында кыргыз боз үйүн көтөрүп, айылдын ыр ышкыбоздорун чогултуп кечени уюшкандыкта өткөрүштү. Чубак Сатаев, Тургуналы Нурматов баштаган эл ырчылары чыккан бул айыл келечекте элинин жүгүн аркалоочу, эл алдында өнөрү менен даңазаланчу жаштардан уучу кур эмес экенин далилдешти. Өткөрүлүп жаткан кечени айылдык маданият үйүнө жаңы башчылык кызматына келген Юруслан Жеңиш уулу аракети, айыл өкмөтүнүн башчысынын жана  дарамети, айыл тургундарынын ыктыярдуу салымы менен кызыктуу, ары жагымдуу кече уюштурулду. Ыр кесе иш чарасы ак элечекчен байбичелердин наристени бешикке бөлөөсү менен башталып, ошол жөрөлгөнүн айланасында уюштурулду. Кече соңунда Оро айыл аймагынан алган кезекти Боо-Терек айыл аймагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнө ыр куржунун тапшырды. Бул сынакка Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары А.Шамбетова, райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Б.Төлөбаевдер калыстык кылышса, башка айыл аймактын клуб башчылары жана китепканачылары иш чаранын жүрүшүнө күбө болуп кетишти.

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь