КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Кайыңды айылында социалдык имараттар оңдолууда

  Манас районуна караштуу Кайыңды айыл аймагы райондун борборунан 16 км алыстыкта жайгашкан. Жалпы элдин саны – 4135. Аталган айыл аймактын тургундары бир аз дыйканчылык жана көпчүлүгү малчылык менен алектенишет. Айыл аймактын борбору болгон Арал айылында 300 орундуу маданият үйү жайгашкан. Үстүбүздөгү жылы маданият үйүнүн тегерек четтери атайын темир тосмолор менен тосулуп, жарыктандыруу жаңыланып орнотулду.Аткарылган иштерге айыл өкмөттүн бюджетинин эсебинен 60,0 миң сом сарыпталган.

 

 

 Кайыңды айыл аймагынын Арал, Чеч-Дөбө айылынын элинин көп жылдар бою көйгөйлүү болуп келген бала-бакча салуу маселеси бар эле.Учурда бала-бакча куруу иши АРИС долбоору аркылуу ишке ашырылып, ушул жылдын 1-сентябрына карата 50 орундуу болгон бала-бакча ачылганы турат. АРИС долбоору аркылуу 15,0 млн сом жана өздүк салым 1077000 сомду түзгөн. Жалпы наркы – 16077000 сомду түзөт.

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь