КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун-басары Бакай-Ата районуна иш сапары менен келди

  Бугун 3-августта Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун-басары Каденова Зууракан Ажимаматовна өзүнүн кызматкерлери менен Бакай-Ата районуна иш сапары менен келди. Ал алгач Бакай-Ата айылында жайгашкан социалдык-стационардык мекеменин абалы менен таанышуудан баштады. Андагы жашоочулардын, кызматкерлер менен социалдык кызмат алуучулардын иш күндөлүгү жана жашоочуларга берилчү тамак-аштын кундөлүгү, аларды сакталышынан кабардар болду. Андан соң жаңыдан оңдоодон өтүп, колдонулуп жаткан мончого да баш бакты. Иш учурунда мекеменин кемчиликтерин билип, андагы жашоочулар менен дагы маек курууга үлгүрдү.

  Иш сапардын уландысы аталган министрликтин райондогу башкармалыгынын кеңсесинде болуп, андагы учурдагы жагдайлар: жетишкендик менен кемчиликтерине күбө болуп, башкармалыктын башчысынын орун басары белгилигендей, жаңы эмеректерге муктаж экендигине да күбө болуп кайтты.

 Министрдин орун басары менен Касымбаева Сауле, Дуйшеев Акылбек жана Балбаков Актан дагы бул маселелерге күбө болушту. Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык маселелер боюнча секторунун башчысы Джанчыкулов Кадыр жана Бакай-Ата райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Бошкоева Каныкей келген делегацияны жогорудагы маселелер менен тааныштырышты.  



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь