КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Семинар Аскид

  2017-жылдын 28-июлунда Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылындагы Маданият үйүндө райондун аймагындагы айыл өкмөттөрүнүн жооптуу катчылары жана иш алып баруучулары үчүн окутуу-практикалык семинар өткөрүлдү. Семинарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коомдук кабылдамасынын башкы адиси Г.Керимбекова, Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси С.Мамбетов, иш кагаздарды жүргүзүү боюнча башкы адиси С.Кебекбаева жана Бакай-Ата райондук мамлекеттик архив бөлүмүнүн башчысы К.Сатыбаев катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Г.Керимбекова жооптуу катчыларга АСКИД (документтердин аткарылышын көзөмөлдөөнүн автоматташтырылган тутуму)  программасы менен иштөөнү көрсөтүп, катышуучулардын суроолоруна жооп берди. Ошондой эле, семинардын катышуучулары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы №517 токтому менен бекитилген “Кыргыз Респуликасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманын” айрым жоболорун талкуулап, усулдук көрсөтмөлөрдү, суроолорго жооп алышты.              

  Ар  бир  улуттун  баа  жеткис, кылымдарды  карыткан  өнөрү, урп-адаты, каада-салты

бар. Булар  улуттук  маданияттын ажырагыс  бөлүгү.  Кыргыз  эли байыртадан  ыр –күүнү, ооз  эки  айтылуучу  жанрларды  өзгөчө  баалап, укумдан  тукумга, атадан  балага  көөнөргүс  өнөр  катары  аздектеп  багып  келген. Аларды  ата бабабыздан  келе жаткан  улуттук  маданий  мурастар  аркылуу  улуттар  аралык  биримдикти  ынтымак-достукту,  кайраттуулукту  даназалаган. “2017- жыл –Ыйман, адеп  жана  маданият” жылына  карата   айыл  аймактарда  өтүлүүчү  « Ыр - кесе»  кароо-сынагында эл  арасынан  чыккан өнөрпоздорду  тандап, эл  алдына  чыгаруу максатында

  2017-жылдын  29-июлунда  Шадыкан  айыл аймагына караштуу   Түйтө  айылынын  маданият  үйүндө  “Ыр - кесе”   кароо сынагы  уюштурулуп, ага  Шадыкан  айылынын  жана  Түйтө айылынын  өнөрпоздору  катыша  алышты.

  Ыр –кесе  кароо  сынагын  Шопоков  Адилет  Манас эпосунан үзүндү айтты. Андан  кийин ата-бабаларыбыздан  бери  келе  жаткан  кыз  узатуу  аземин  чагылдырып, эки  жашка  бата бериштип, кыз  узатуу  аземинде  ыр-кесе  оюну  уюштурулуп, ыр, бий,

  Комуз  күүлөрү  ойнолду.

  Ыр – кесенин  аягында  шарты  боюнча  ыр  куржуну   Оро  айылы  аймагына  тапшырылды.

 

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь