КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

«ЭНЕ – КУТ, ЭНЕ – ЫЙЫК, ЭНЕ - КЫМБАТ»

  Ар бир адам үчүн, Эне - бул ыйыктардын ыйыгы. Энелердин мээрими, көктөн тийген күн сыяктуу. Ал баарыбызга тегиз тиет, баарыбызды мээримине бөлөйт. Энелердин боорукердиги, камкордугу бизди жарык дүйнөгө келгенден баштап ар дайым колдоп, турмушта өз ордубузду табууга көмөктөшүп келет. Бул дүйнөдө эненин жүрөгүнө, мээримине тең келе турган эч нерсе жок.

  Бул жылы Президентибиз Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Талас облусу боюнча 64 энебиз “Баатыр Эне” ордени, 37 эне “Эне даңкы” медалы менен сыйланышты.
  Энелерибизди алган сыйлыктары менен куттуктайм жана өзгөчө түйшүгү көп Сиздердин “жеңилиңиздерди жерден, ооруңуздарды колдон алып” ар дайым жакындан жардам берип, түйшүгүңүздөрдү тең бөлүшүп туруу ар бирибиздин милдетибиз деп билем.
  Ардактуу Энелер, Апалар! Сиздерге кааларым, жашоонун жарыгы, үйдүн куту болуу менен, татыктуу тарбия берген уул-кыздарыңыздардын урмат- сыйына бөлөнүп, бакубат турмушта жашап, бактылуу болушуңуздарга тилектешмин!

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь