КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Талас шаарынын көчөлөрү жамаачыланууда

  Тараз-Талас-Суусамыр жолунун реабилитациялоо жумуштары Талас шаарынын Ч. Айтматов көчөсүндө жүрүп жаткандыктан автоунаалар башка жолдор аркылуу жүрүп, асфальт жолдордун уңкул-чуңкулу көбөйдү.

  Албетте, бул шаардыктар гана эмес, жалпы облус үчүн көйгөй жаратты. Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү өткөн жылы Тараз-Талас-Суусамыр жолун реабилитация иштерин жүргүзүп жаткан түркиялык фирмадан 200 тонна асфальт алып, шаардын жолдорун жамаачылоону жасаткан.

  Быйыл ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк Талас шаардык мэриясын карап ишти качан бүтүрөт деп күттү эле, мэриянын шалкыны бош, аракетсиздигин көрүп, облус жетекчиси Д. Кенекеев кайрадан ишти өзү колуна алды. Ошентип, облустун төрт району жана Талас шаарындагы жол тейлөө ишканалары облустун жалгыз борбор шаары Таласка кол кабыш, жасап ашарга келишти. Талас шаардык мэриясы болсо жумушчулардын жатакана, тамак-аш маселесин көтөрдү. Жол тейлөө ишканаларынан 5 ишкана Талас шаарынын бардык көчөлөрүндөгү асфальт чуңкурларын бүтөө жумуштары менен алпурушту. Бирок алардын техникалары даяр болгон менен эң негизгиси асфальт–битум менен камсыз кылуу керек эле. Жума, ишемби күнү ыйгарым укуктуу өкүлдүн 1-орун басары Ч. Төрөкулов түркиялык фирманын асфальт-битум заводунда өзү жүрүп, ишти үзгүлтүксүз жүргүзүүгө көп аракетин жумшады. Түшкө чейин эле борбордук аянтка 20 тонна асфальт- битум жеткирилип, чуңкурларга төшөлдү. Жалпысынан бул күнү 60 тонна асфальт заводдон алынды.  Жумушчулар бир саамга да, чарчап чаалыкпай тынымсыз иштешти. Жасалган аракеттерден улам көкүрөккө көк чайдай тийген ой-чуңкурлардын көпчүлүгү бүтөлүп, терс көрүнүш азая түштү.

  Эми Талас шаардык мэриясы даярга тап болуп, жыл сайын өкүлчүлүктүн көмөгүн карап отура бербей, өздөрү да аракеттерин күчөтүүлөрү зарыл. Алакандай шаарды ирээтке, көрк келбетине келтирүү шаардын ар бир жашоочусунан тартып, жергиликтүү бийлик жетекчилеринин, шаар кеңеш депутаттарынын милдети. Бирок шаар тургундары тазалыкты бекем сактоодо көпчүлүк учурда кайдыгерлик жасашат. Ал эми Талас шаардык бийлиги болсо ар дайым жигердүү аракеттерин жасай албай келет. Ал тууралуу газетабызга такай сын материалдар жарыяланып келүүдө. Талас өнүктүрүү фондусунан Талас шаарына бөлүнгөн 43 млн. сом каражат бар эмеспи, неге ал каражаттын бир кыйласын Талас шаарынын көчөлөрүн асфальттоого болбосун. Эң кейиштүүсү  мурдагы жылы республикалык бюджеттен Талас шаарына бөлүнгөн 43 млн. сом каражатка Бердике баатыр, Совет жана Ж. Мырзалиев атындагы көчөлөргө асфальт кууш төшөлдү. Совет көчөсү этегине чыга асфальтталбады, анткени бир далай асфальт Талас облустук ички иштер башкармасынын имаратынын алдына төшөлүп кетти. Эх, кайдыгерлик дешип шаар тургундары ал жерден күндө баш чайкап өтүшөт.

  Жакында республикалык район борборлору болгон айылдардын ар бирине бюджеттен 13 млн сомдон каражат бөлүндү. Эми кеп, каражатты бүйрөлүк менен үнөмдүү, сарамжалдуу пайдаланып калууда. Жүдөө тарткан район борборлорунун көчөлөрү бир аз болсо да жакшыра түшөт.



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь