КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Спорт – ден соолукка өбөлгө

  Үстүбүдөгү жылдын 10-июлунан 15-июлуна чейин көгүлтүр Ысык-Көл жээгинде «Кыргызстандын бермети» аталыштагы эл аралык спорт мелдеши болуп өттү. Ысык-Көл областынын Чолпон-Ата шаарында өткөн мелдешке Россия Федерациясынын, Таджикистандын жана коңшулаш Казакстан Республикасынын Алма-Ата, Тараз, Шымкент шаарларынан келишкен балбандар катышты. Ал эми аталган мелдеште кыргыз элибиздин намысын өлкөбүздүн бардык областтарынан келген спортчулар коргошту.

  Жалпы 392 спортчу катышкан эл аралык турнирде командалык эсеп менен 1-2-орундарды Ош шаары, 3-орунду Талас областынын курама командасы, 4-орунду Казакстандын Алма-Ата шаарынан келишкен спортчулар, 5-орунду Таджикистан, ал эми 6-орунду Россия Федерациясынын балбандары багындырышып, баалуу белектер менен сыйланышты.

 Талас шаарынан жалпы 2 машыктыруучу, 1 өкүл болуп, 21 спортчу катышты. Булардын ичинен 7 спортчу «Талас-FIGHT» спорттук клубунан, машыктыруучусу Калыс Камчыбеков жана Алик Алиев, «Тойчубек-Ата» спорттук клубунан 4 катышуучу, машыктыруучусу Жыргалбек Музаев, ал эми 9 спортчу «Алихан» спорт клубунун машыгуучулары, машыктыруучусу Рамис Кыдыралиев болушту.

  Рамис Кыдыралиевдин айтымында турнир жогорку деңгээлде өтүп, спортсмендер травмасыз кайтышты. Медициналык тейлөөсү дагы эң жакшы болгон.

  Баса, турнир эларалык УШУ САНЬШОУ,МУАЙ-ТАЙ жана бермандык бокс эрежелерин сактоо менен жүргүзүлдү.



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь