КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Талас облусунда кыскача иш сапары менен болуп кайтты

  Бүгүн, 24-июлда Кыргыз Республикасынын Премьер-Министри Сооронбай Жээнбеков, Талас облусунда   кыскача иш сапары менен   болуп кайтты.  Алгач Өкмөт башчысы, Талас районунун Чат-Базар айылында жайгашкан К. Токтогулов атындагы оорукананы инфекциялык ооруулар  бөлүмүнүн  ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имаратынын абалын менен жакындан таанышып,   маселени  тезирээк чечип берүү  жагын убада кылды.  

  Андан соң,  Өкмөт башчы Талас районуна караштуу Манас айылындагы  «Ак-Сай сервис» машина-трактордук станциясынын  ишмердүүлүгү менен таанышты. Талас районун акими Бакыт Нуржановдун айтымына караганда, акыркы кезде райондо эле ушул сыяктуу он МТС түзүлдү.  «Ак-Сай сервис» – алардын ичинен эң ириси.

  Премьер-министр «Айыл чарбасын каржылоо-5» программасынын алкагында айыл чарбасын колдоого жалпы суммасы 3,6 миллиард  сом болгон,  9 миңден ашык жаранга насыялар берилгенин эске салып, жыл аягына чейин 7 миллиард сомго жеткирүү пландалып жатканын билдирди.

  Өкмөт башчы,  Талас районунун Жон-Арык айылындагы бала бакчанын имаратынан абалы  менен  да жакындан таанышты.

  Мындан тышкары, Сооронбай Жээнбеков Тараз-Талас-Суусамыр автожолунун курулуш участкасын көрдү. Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев,  ушул жылдын 25-августуна чейин Талас шаарындагы ички жолдорду асфальттоо иштери аягына чыгарын белгиледи.

  Жалпысынан алып караганда Өкмөт башчысын курулуш иштеринин өз мөөнөтүндө аткарылышы канаттандырды. Сооронбай Жээнбеков Траснпорт жана жолдор министрине, жол оңдоо иштеринин сапатына өзгөчө көңүл бурууну милдеттендирди.

  Ошондой эл Кара-Буура районундагы Кировка-Каныш-Кыя автожолунун участкасын көрүүдө, Премьер-министр транспорт жана жолдор министрлигине аны реконструкциялоо боюнча деталдык планды иштеп чыгууну тапшырды.

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь