КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-ноябрындагы "Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар" жөнүндөгү  №215 Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 8-августундагы №153 сандуу  “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамынын  аткарылышы боюнча  2018-жылдын 9-айындагы   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы   ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматы

        Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 8-августундагы №153 сандуу “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-ноябрындагы №215 «Бийлик  органдарындагы саясий жана системалык коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык, Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө, райондук мамлекеттик администрацияларында, Талас шаардык өз алдынча башкаруусу-мэрияда коомчулуктун өкүлдөрү жана жеке ишкерлер менен коррупциялык коркунучтарды алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүп, маалымат каражаттары Талас облусундагы   ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын официалдуу интернет-сайтында жарыяланып турат. (talas.gov.kg).

Андан тышкары Талас облустук “Талас Турмушу” газетасына 2018-жылдын 26-мартында № 12-(7894)-(7895) сандарында “Корупцияга каршы күрөшүү күчөдү”, “Коррупциялык схемалар аныкталууда” деген макалалар чагылдырылган.                                                          

Азыркы учурда 2018-жылга карата иш-чара пландары түзүлүп, өкүлчүлүк тараптан көзөмөлгө алынууда.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун 2018-жылдын   13-февралдагы Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен өткөрүлгөн жумушчу жыйынында каралган маселелер тууралуу Талас облусундагы   ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө жана райондук мамлекеттик администрациялардын имараттарында “Коррупцияга каршы күрөш-жалпы элдин талабы!”, “Биз коррупцияга каршыбыз” темаларында дубал гезиттер көрүнүктүү жерлерге илинген. Ошондой эле дубал гезиттерде жарандардын түздөн түз кайрылуусуна ылайык ишеним телефондору көрсөтүлгөн.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан 2018-жылдын иш-чара планынын негизинде райондук билим берүү  мекемелеринин 2018-жылга карата коррупцияга каршы иш-чаралары боюнча

2018-жылдын 1-авгусунда жогорудагы жүргүзүлгөн мониторингдин негизинде  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө Координациялык кеңешме болуп өттү.

Кеңешмеге райондук мамлекеттик администрацияларынын жетекчилери жана Талас шаардык өз алдынча башкаруусунун мэри, ошондой эле Талас облусун жана райондук билим берүү   мекемелеринин жетекчилери  катышты.  Жыйындын аягында коррупцияга каршы күрөшүү иштерин күчөтүү жана иш-чара пландарынын так туура аткарылышын көзөмөлдөө жагы  баардык мекемелеринин жетекчилерине  жүктөлдү. Талас облустук “Талас турмушу” газетасына 2018-жылдын август айында № 32(7914) санына кеңешме тууралуу макала чагылдырылган.

2018-жылдын 30-авгусунда Кара-Бура райондук мамлекеттик администрациясында Талас облусунун коррупцияга каршы Элдик көзөмөл коомдук уюмунун кезектеги жыйыны  болуп өттү.

\Жыйынга  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн жана райондук мамлекеттик администрацияларынан,  укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты. Кыргыз Республикасынын “ККЭК” коомдук бирикмесинин башчысы К.С.Умаров жаңы түзүлгөн коомдун уставы менен тааныштырды.

Андан тышкары мыйзам чегинде тийешелүү органдардын жардамы менен биргелешип иш алып барууну коомдун мүчөлөрүнө сунуштады. 

2018-жылдын 18-июнунда Бакай-Ата маданият үйүнүн кызматкерлери менен бирдикте “Коррупцияга каршы” жана  “Коррупцияга  алып келген укук бузуулар” темасында жыйын өткөрүлдү.

Талас райондук мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен айыл аймактарында коррупцияга каршы иш-чаралары  аткарылууда.                                               Алсак баардык   айыл аймактарында коррупция менен күрөшүү көйгөйлөрүн изилдөө максатында ФАП, айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин арасында  жолугушуу жыйындары  өткөрүлгөн.

\Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-ноябрындагы №215 сандуу “Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жонундо” Жарлыгынын аткарылышы тууралуу коррупцияны алдын алуу боюнча облустагы баардык билим берүү мекемелеринде 2018-жылдын              9- айында    төмөндөгү иштер аткарылды:

Балдардын коопсуздугун жана рекетчиликти болтурбоо, коррупцияны алдын алуу максатында Кара-Буура районунда 13 мектепте, Талас шаарында 6 мектепте, Талас районунда 13 мектепте видео көзөмөл орнотулду.

Ошондой эле камкордук кеңештери ар бир билим берүү мекемелеринде уюштурулуп, иш алып баруу ата-энелерге милдеттендирилди. Билим берүү министрлиги тарабынан ар бир мекеме үчүн бирдей маалымат базасы түзүлүп, окуучулардын жана кызматкерлердин маалыматтары киргизилди. Балдар бакчаларында балдарды электрондук кезекке тургузуу базалар ачылып, кезекке тургузуу иштери жүргүзүлүүдө. Бала бакчаларда жана мектептеги тамак-ашты уюштурууда азык-түлүктү сатып алуу боюнча тендер  аркылуу  ишке ашырылып турат.

Билим беруу мекемелеринин иш-пландарында коррупцияны алдын алуу максатында окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө карата “Мен  коррупцияга каршымын!” темасында   дил баян жазуу, “Коррупция балдардын көзү менен!” , “Мен коррупционер болсом, анда мен...” темасында сүрөт конкурсу, “Таза мамлекет, таза коом!”  класстык сааттар, “Адам укугу жана милдети” аттуу ата-энелер чогулуштары, “Улугу адил болбосо, убара болот эл карып” дилбаян ырлар сынагы , “Биз кылмыштуулукка жана коррупцияга каршыбыз!” акциясын өткөрүү иштери киргизилген.

Талас облустук юстиция башкармалыгы  иш-планынын негизинде 2018-жылдын 23-январында башкы адис Н.Солпиев ТГУ нун 4-курсунун студенттерине «Коррупция- бул коом оорусу» аттуу темада лекция окуган, ал эми Талас облустук юстиция башкармалыгынын башчысы Т.Эралиев тарабынан бул багытта «Коррупция жөнүндө», «Таза Коом коррупциянын алдын алат»  аттуу макалалары шаардык гезит «Жаңы Багыт», райондук «Манас Жарчысы » гезиттеринде жарык көргөн.

Ошондой эле 2018-жылдын 23-марттында Талас шаарынын  жана Талас районунун мамлекеттик нотариустарынын кызматкерлери тарабынан Кадыр уулу А. , Д.Ташманбетовалар «Бай-Түшүм», «Айыл-Банк» финансы мекемелеринин кызматкерлерине коррупциянын кесепеттери жөнүндө жыйындарды өткөрүшкөн.

Мындан тышкары 2018-жылдын 3-октябрында укук коргоо органдарынын катышуусунда коррупциянын алдын алуу жана жемкорлуктун кесепети жана ал үчүн кандай жоопкерчиликтер каралгандыгы тууралуу жыйын болуп өткөн.

Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндөгү” мыйзамын,  аткаруу максатында, Талас облусунун прокуратурсы тарабынан төмөндөгү иш-чаралар аткарылган.

2018-жылдын 9-айында аталган багытта  прокуратура органдары тарабынан  прокурордук текшерүүлөр жүргүзүлүп баардыгы болуп 235 мыйзам бузуучулук фактылары аныкталып, анын ичинен 7 каршылык билдирүү, 60 сунуш, 22 талап келтирилген, 25 административдик өндүрүш иши жана 17 кылмыш иши козголгон, 66 кызматкер тартиптик жана 24кызматкер административдик жоопкерчиликке тартылган.

Ал эми, келтирилген прокурордук актылардын негизинде 2613, 5 миң сом мамлекеттин пайдасына өндүрүлгөн.

Талас райондук ички иштер бөлүмүндө Талас облустук прокуратурасы тарабынан  текшерүүлөр жүргүзүлүп төмөндөгүлөр аныкталган.

Тактап көрсөткөндө, Талас райондук ички иштер бөлүмүнүн башкы бухгалтери, 2017-жылдын март-апрель айларында “Оптима” банктан “Виза” карточкасынан “Эл карт” карточкасына өткөн учурда, мурда иштеп кетишкен  кызматкерлердин карточкаларын өзүнө алып калып жана ал карточкалардын ээлерине тийиштүү жашыруун колду колдонуп, Талас РИИБнин жетекчисинин колу жана печаты коюлбаган жалган ведомосттор аркылуу “Оптима банктын” кызматкеринин жардамы менен банк аркылуу которулган акча каражаттарын алып, өзүнө ыйгарып алган.

Натыйжада, мамлекеттин мыйзам тарабынан корголгон кызыкчылыктар одоно бузулуп  742, 6 миң сомдук материалдык зыян келтирилген.

Талас облустук прокуратурасы тарабынан жогорудагы факты боюнча 2018-жылдын 4-январында КРнын КЖКнын 171-бер. 4-б, 2-п., 221-бер 1-б., 304-бер. 2-бөл., жана 350-бер. 2-бөл. менен №170-18-01 сандуу кылмыш иши козголуп тергөө учурунда   742, 6 миң сомдук келтирилген зыян толугу менен мамлекеттин пайдасына өндүрүлгөн.

2018-жылдын 16-мартында Талас шаардык сотунун өкүмү менен күнөлүү деп табылып 7-жылга эркинен ажыратылган.

Мамлекеттик Улуттук Коопсуздук Комитетинин Талас облусундагы башкармалыгынын коррупцияга каршы бөлүмү тарабынан 2018-жылдын 23-мартында  коррупцияга каршы иш чараларынын алкагында, Талас райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин жамаатында жана 2018-жылдын 13-апрелинде Талас облустук Ч.Мамбетов атындагы биргелешкен ооруканасында коррупциянын алдын-алуу маселелери боюнча түшүндүрүү  жыйыны өткөрүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Кара-Буура жана Манас райондор аралык бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013 жылдын         12-ноябрындагы №215 сандуу “Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткарууда 2018-жылдын 9-айында жүргүзүлгөн ыкчам изилдөө иш аракеттеринин негизинде прокуратура органдары менен бирдикте  коррупциялык мыйзам бузуу фактылары боюнча 9 кылмыш иши козголуп, бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүрүп жатат; (тергөө учурунда 11,2 ? мл.сом өндүрүлгөн).

Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 221-ст.1-б, 306 ст.2-б.1-п. көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен жазык иши козголгон.

Ошондой эле коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча 2018 жылдын 14 мартында Манас райондук мамлекеттик администрациясында жеке ишкерлер жана мамлекеттик органдар катышып тегерек үстөл уюштурулду.

   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызматынын Бакай-Ата, Талас райондору жана Талас шаары боюнча райондор аралык бөлүмү тарабынан коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча 2018-жылдын  9-айында жалпы 8-кылмыш иши козголуп бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүрүп жатат. (тергөө учурунда 19,6 мл.сом. өндүрүлгөн).            

   Жогорудагы фактынын негизинде Талас райондук прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш Кодексинин 221 бер.1б. жана 304 бер. 2 б. 306-бер. 1б. ылайык 09.08.2018жылы №110-18-92 сандуу кылмыш иши козголуп тергөө амалдары жүрүп жатат.

Талас облустук ички  иликтөө кызматкерлери менен  бирдикте облустук жана райондук кызматкерлери арасында коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча профилактикалык иштери жүргүзүлүп турат. Андан тышкары баардык райондук, облустук ички иштер бөлүмдөрүндө  “Коррупцияга жол жок” атуу баннерлер ишеним телефондору көрсөтүлүп, имараттарында илинип турат.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу Фондусунун Талас аймактык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан облустагы медицина кызматкерлерине ММК Кошумча пакети боюнча, мамлекеттик камсыздандыруу программасынын дары менен камсыз  болушу,  ММК Полисин алуу, амбулатордук жана стационардык жардам алуудагы жеңилдиктер жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат.

2018-жылдын 9-айында  Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү» Мыйзамына  ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө 7 кызматтык орунга “Талас Турмушу” гезитине ачык сынак жарыяланып, жыйынтыгында 5 бош административдик мамлекеттик кызмат ордуна адистер кабыл алынган. Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясында 5 бош орунга “Жаңы Багыт” гезитине ачык сынак жарыяланып, 2 бош орунга адистер кабыл алынган. Ошондой эле Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясында 4 бош орунга “Айыл Жарчысы” гезитине жарыя берилип 3 кызмат ордуна конкурстун негизде адистер  кабыл алынган.



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь