КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кадрлардын ички резервинде турган адамдардын арасында конкурс өткөрүү жөнүндө

БУЙРУК

РАСПОРЯЖЕНИЕ

10.09.2018-жыл №144-к Талас шаары

Ыйгарым  укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кадрлардын ички  резервинде турган адамдардын арасында  конкурс өткөрүү   жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын 18-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ички кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндө жобого жана Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-июлундагы №506 токтомуменен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө жобого  ылайык

 

БУЙРУК  КЫЛАМ:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын    кадрлардын ички  резервинде турган адамдардын    арасында  уюштуруу-инспектордук иштер жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн  башкы адисинин бош административдик кызмат ордуна конкурс өткөрүлсүн.
  2. Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын веб-сайтта жайгаштыруу жана электрондук почта аркылуу ички кадрлар резервине киргизилген адамдарга конкурс өткөрүү жөнүндө маалыматты билдирүү комиссиянын катчысына   М. Досалиевге тапшырылсын.
  3. Буйруктун аткарылышын   көзөмөлдөө   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  Талас  облусундагы  ыйгарым укуктуу   өкүлүнүн аппарат жетекчи Ы. Кулушевге  жүктөлсүн.

 

 

 

 

Ыйгарым укуктуу өкүл                                                                                М. Мураталиев                                                                                  

 

 

Макулдашылды:

 

 

 

Аппарат жетекчи                                                                                                                        Ы. Кулушев

 

 

 

 

                                                                                                           

Таркатылды: жалпы бөлүмгө   жана     укуктук камсыздоо жана кадрлар секторуна бир нускадан.



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь