КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Коррупция боюнча маалыматы

Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 8-августундагы №153 сандуу корупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-ноябрындагы №215 «Бийлик  органдарындагы саясий жана системалык коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык, Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө, райондук мамлекеттик администрацияларында, Талас шаардык өз алдынча башкаруусу-мэрияда коомчулуктун өкүлдөрү жана жеке ишкерлер менен коррупциялык коркунучтарды алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүп, маалымат каражаттары Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын официалдуу интернет-сайтында жарыяланып турат. (talas.gov.kg).

Андан тышкары Талас облустук “Талас Турмушу” газетасына 2018-жылдын 26-мартында № 12-(7894)-(7895) сандарында “Корупцияга каршы күрөшүү күчөдү”, “Коррупциялык схемалар аныкталууда” деген макалалар чагылдырылган. 2018-жылдын январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан электрондук дарек аркылуу Кыргыз Республикасынын  Президентинин “2013-жылдын 12-ноябрындагы № 215 Жарлыгынын аткарылышы тууралуу Талас облусунун райондук мамлекеттик администрацияларына жана Талас шаардык өз алдынча башкаруусу-мэриясына коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча  иш-чаралардын пландарын 2018-жылга иштеп чыгуу боюнча аткаруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча усулдук колдонмолор жөнөтүлгөн. Азыркы учурда 2018-жылга карата иш-чара пландары түзүлүп, өкүлчүлүк тараптан көзөмөлгө алынууда.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун 2018-жылдын 13-февралдагы Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен өткөрүлгөн жумушчу жыйынында каралган маселелер тууралуу Талас облусундагы   ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө жана райондук мамлекеттик администрациялардын имараттарында “Коррупцияга каршы күрөш-жалпы элдин талабы!”, “Биз коррупцияга каршыбыз” темаларында дубал гезиттер көрүнүктүү жерлерге илинген. Ошондой эле дубал гезиттерде жарандардын түздөн түз кайрылуусуна ылайык ишеним телефондору көрсөтүлгөн.

2018-жылдын 28-майында Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясында Координациялык кеңешмеси өткөрүлүп, коррупцияны алдын алуу боюнча тиешелүү мекеме-уюмдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жүргүзүлүп жаткан иш аракеттери каралып,  Коордлинациялык кеңешменин жүрүшүндө мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин аукцион аркылуу берүү, аталган жерлерди инвентаризациялоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына караштуу муниципалдык менчикте турган жерлерди тактоо боюнча жана ижара акыларынын өндүрүлүшү тууралуу тиешелүү чечимдер кабыл алынган.

Ошондой эле 2018-жылдын 2-июлунда Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясында дагы бир координациялык кеңешмеси өткөрүлүп, кеңешмеде райондун аймагында жер мыйзамдарын сактоо коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу багытында жүргүзүлүп жаткан иш аракеттердин жыйынтыктары жана жер мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча маселелер каралган.

Талас райондук мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен айыл аймактарында коррупцияга каршы иш-чаралары  аткарылууда. Алсак баардык айыл аймактарында коррупция менен күрөүү көйгөйлөрүн изилдөө максатында ФАП, айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин арасында  жолугушуу жыйындары  өткөрүлгөн.

Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жана аларга белгиленген тарифтер жөнүндө маалыматтар айыл өкмөттүн алдындагы маалымат тактамаларында илинген. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы №855 “Мамлекеттик кызматчынын, ошондой эле анын жакын туугандарынын кирешелери, мүлкү жана милдеттемелери жөнүндө маалыматтарды декларациялоо, жарыялоо жана талдоо маселелери тууралуу”токтомуна ылайык мамлекеттик органдарынын кызматкерлери жана муниципалдык кызматчылардын  жылдык кирешелери жана кыймылсыз мүлктөрү боюнча декларациялары тапшырылып турат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-ноябрындагы №215 сандуу “Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жонундо” Жарлыгынын аткарылышы тууралуу коррупцияны алдын алуу боюнча облустагы баардык билим беруу мекемелеринде 2018-жылдын 1-жарым жылында төмөндөгү иштер аткарылды:

Балдардын коопсуздугун жана рекетчиликти болтурбоо, коррупцияны алдын алуу максатында Кара-Буура районунда 13 мектепте, Талас шаарында 6 мектепте, Талас районунда 13 мектепте видео көзөмөл орнотулду. Ошондой эле камкордук кеңештери ар бир билим берүү мекемелеринде уюштурулуп, иш алып баруу ата-энелерге милдеттендирилди. Билим берүү министрлиги тарабынан ар бир мекеме үчүн бирдей маалымат базасы түзүлүп, окуучулардын жана кызматкерлердин маалыматтары киргизилди. Балдар бакчаларында балдарды электрондук кезекке тургузуу базалар ачылып, кезекке тургузуу иштери жүргүзүлүүдө. Бала бакчаларда жана мектептеги тамак-ашты уюштурууда азык-түлүктү сатып алуу боюнча тендер  аркылуу  ишке ашырылып турат.

Билим беруу мекемелеринин иш-пландарында коррупцияны алдын алуу максатында окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө карата “Мен  коррупцияга каршымын!” темасында   дил баян жазуу, “Коррупция балдардын көзү менен!” , “Мен коррупционер болсом, анда мен...”темасында сүрөт конкурсу, “Таза мамлекет, таза коом!”  класстык сааттар, “Адам укугу жана милдети” аттуу ата-энелер чогулуштары, “Улугу адил болбосо, убара болот эл карып” дилбаян ырлар сынагы , “Биз кылмыштуулукка жана коррупцияга каршыбыз!” акциясын өткөрүү иштери киргизилген.

Талас облустук юстиция башкармалыгы  иш-планынын негизинде 2018-жылдын 23-январында башкы адис Н.Солпиев ТГУ нун 4-курсунун студенттерине «Коррупция- бул коом оорусу» аттуу темада лекция окуган, ал эми Талас облустук юстиция башкармалыгынын башчысы Т.Эралиев тарабынан бул багытта «Коррупция жөнүндө», «Таза Коом коррупциянын алдын алат»  аттуу макалалары шаардык гезит «Жаңы Багыт», райондук «Манас Жарчысы » гезиттеринде жарык көргөн.

Ошондой эле 23-мартта Талас шаарынын  жана Талас районунун мамлекеттик нотариустары Кадыр уулу А. , Д.Ташманбетовалар «Бай-Түшүм», «Айыл -Банк» финансы мекемелеринин кызматкерлерине коррупциянын кесепеттери жөнүндө жыйындарды өткөрүшкөн.

Мисалы: Калк жана ишкердүү чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен түздөн түз өз ара аракеттенген мамлекеттик орган катары Талас облусунун юстиция башкармалыгы өз ишмердүүлүгүн ачык-айкындыгын камсыз кылуу максатында  башкармалыкка тиешелүү мекемелерде т. а. нотариалдык кеңселерде, аппарат маалымат такталарын орнотуп, анда мыйзамдар боюнча жана калкка кызмат көрсөтүүдөгү мамлекеттик алымдардын, акы алып кызмат көрсөтүүнүн тарифтери жана жеңилдиктер тууралуу кеңири маалыматтарды көрүнүктүү жерлерге   илдирип көзөмөлдү күчөтүүдө.

Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндөгү” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2017-жылдын 27-ноябрындагы №66-буйругун аткаруу максатында, Талас облусунун прокуратурсы тарабынан төмөндөгү иш-чаралар аткарылган.

2018-жылдын 1-жарым жылында  аталган багытта  прокуратура органдары тарабынан  прокурордук текшерүүлөр жүргүзүлүп баардыгы болуп 177 мыйзам бузуучулук фактылары аныкталып, анын ичинен 6 каршылык билдирүү , 45 сунуш , 20 талап келтирилген, 12 административдик өндүрүш иши жана 12 кылмыш иши козголгон, 47 кызматкер тартиптик жана 12 кызматкер административдик жоопкерчиликке тартылган.

Ал эми, келтирилген прокурордук актылардын негизинде 891, 6 миң сом мамлекеттин пайдасына өндүрүлгөн.

Талас райондук ички иштер бөлүмүндө Талас облустук прокуратурасы тарабынан  текшерүүлөр жүргүзүлүп төмөндөгүлөр аныкталган.

Тактап көрсөткөндө, Талас РИИБнүн башкы бухгалтери С.Б, 2017-жылдын март-апрель айларында “Оптима” банктан “Виза” карточкасынан “Эл карт” карточкасына өткөн учурда, мурда иштеп кетишкен кызматкерлердин карточкаларын өзүнө алып калып жана ал карточкалардын ээлерине тийиштүү жашыруун колду колдонуп, Талас РИИБнин жетекчисинин колу жана печаты коюлбаган жалган ведомосттор аркылуу “Оптима банктын” кызматкеринин жардамы менен банк аркылуу которулган акча каражаттарын алып, өзүнө ыйгарып алган.

Натыйжада, мамлекеттин мыйзам тарабынан корголгон кызыкчылыктар одоно бузулуп  742, 6 миң сомдук материалдык зыян келтирилген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Кара-Буура жана Манас райондор аралык бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013 жылдын 12-ноябрындагы №215 сандуу “Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткарууда 2018-жылдын 1-жарым жылында жүргүзүлгөн ыкчам изилдөө иш аракеттеринин негизинде прокуратура органдары менен бирдикте  коррупциялык мыйзам бузуу фактылары боюнча 8 кылмыш иши козголуп, бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүрүп жатат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызматынын Бакай-Ата, Талас райондору жана Талас шаары боюнча райондор аралык бөлүмү тарабынан коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча 2018-жылдын 1-жарым жылында жалпы 7-кылмыш иши козголуп бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүрүп жатат. 2018-жылдын 1-жарым жылында  Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү» Мыйзамына  ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө 5 кызматтык орунга “Талас Турмушу” гезитине ачык сынак жарыяланып, жыйынтыгында 4-бош административдик мамлекеттик кызмат ордуна адистер кабыл алынган. Ошондой эле Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясында 4 бош орунга “Айыл Жарчысы” гезитине жарыя берилип 2 кызмат ордуна конкурстун негизде кызматкерлер кабыл алынган.

 

Коррупциянын алдын-алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу башкы адиси Р.Баетов



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь