КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Расмий билдирүү

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында жергиликтүү эл менен жолугуп, тургундардын 20 дан ашуун суроолоруна жооп берген. Жолугушуу Талас шаарындагы К. Медетбеков атындагы драмтеатрда өтүп 3 саатка жакын созулган. Эскерте кетсек драмтеатрга 500дөй адам батат.

Ошол эле күнү Талас облусунун 2 тургуну Президенттин жолугушуусуна  кире албай калганы тууралуу айрым массалык маалымат каражаттарында жарыяланган. Жарыяланган маалыматтарга ылайык Гүлдари Сманова жана Эльдар Алаков аттуу тургундар кире албай калган. Бул жарандар менен Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым өкүлү Мураталиев  Марат Молдонович  жолугуп,  тиешелүү чечим кабыл аларын билдиребиз. Эгерде, аталган  жарандардын маселесин облустун деңгээлинде чечүү мүмкүн болбогон учурда, алардын кайрылуулары  Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын  тийиштүү бөлүмдөрүнө жөнөтүлөт.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь