КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөргө жардам берилди

Улуу Рамазан айында битир-садакадан чогулган акча каражаттын 50 пайызы  облустук казыятка төгүлгөн. Элүү пайызы айылдардагы мечиттерге кайтарылып берилип,  айылдагы мечиттердин имамдары өз айылындагы жардамга муктаж адамдарга таратышкан. Облустук казыятка төгүлгөн битир-садаканын 10 пайызы райондун хатибиятына кайтарылып берилген.

Райондук хатибият тарабынан кайтарылган 10 пайыз битир-садакадан кайрымдуулук ациясы өткөрүлду. Кайрымдуулук акциясына райондогу беш айылынан чакырылган жардамга муктаж жарандарга (22 үй-бүлөгө) ар бирине 2000 сомдук азык-түлүк тапшырылды.

 

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь