КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Май айынын үчүнчү жекшембисинде майрамдалчу энелер күнү

Май айынын үчүнчү жекшембисинде майрамдалчу энелер күнү 21-май күнү Бакай-Ата райондук маданият үйүндө өткөрүлдү. Ага айыл аймактардагы «баатыр эне», «эне даңкы» наамын алган энелер жана «эне» атын татыктуу алып жүргөн бактылуу айымдар күбө болушту. Алгач Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Ч.Төрөкуловдун атынан орун басары А.Шамбетова жана мекеме уюм жетекчилеринин атынан – «Кыргызпочтасы» райондук бөлүмүнүн башчысы Э.Качиевдердин куттуктоо сөзүнөн кийин «Бакай-Ата – Мурас» коомдук бирикмеси тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды. Кеп арасында «Талас айымдары» коомдук бирикмеси тарабынан Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Айжамал Шамбетовага, Сандыбаева Кынабүгө, Мусабаева Чынарага, Смаилова Алмаканга, «Наристе» балдар бакчасынын мүдүрү Баратбаева Бактыгүлгө жана Өзгөрүш айыл аймагынын башчысы Айгүл Батырбековага Толгонайдын элеси түшүрүлгөн «Кутман айым» төш белгиси тапшырылды.

Учурда район боюнча 1992-жылдан бери карай жалпы 800 жакын «Баатыр эне» жана «Эне даңкы» наамын алган энелер бар. Быйылкы жылга карата 7 «Баатыр эне» жана 19 «Эне даңкы» сыйлыгын алуучуларга облус жетекчилиги тарабынан ыйгарылмакчы.

Иш чара эстрада жылдызы, КР Эмгек сиңирген артисти Дилшат Кангелдиеванын «Эл журтума сунуп шаңдуу үнүмдү, Эргип ырдам энелердин күнүндө» аттуу концерти менен коштолду.

 

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь