КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Учурдун маселеси, Максат жайыт пайдалануучулардын коопсуздугу

СССР державасынын курамы таркай элек учурда коңшу Казак Республикасынын Мерке, Луговой аймактарынын чабандары жайлаган Мадылбек өзөнүнө жаңы көпүрө салуу иштери жүрүп жатат.

Мында алгач казактар аркы өйүзгө өтүү үчүн кууш темир өткөөл жана өзөндүн башынан асма көпүрө аркылуу төрттүлүгүн алып өтүп жайлашкан. Андан соң эгемен мамлекет катары өз алдынча бөлүнгөндөн тарта бул аймак территориялык аймак жагынан Чүй облусунун карамагына өткөн. Негизи Мадылбек өзөнүндө учурда 30-40 куб көлөмдө суу агып, мал кечип өтүүгө мүмкүндүк болбойт. Чабандар жайлоого өтүү үчүн суу кирген кезде ар бир каттамына акы төлөп жандык, бодо, кыл куйрук малдарды жүк ташуучу унаа менен алып өтүп келишкен. Өткөн жылы Суусамыр дарыясындагы узун «Казак» көпүрөсү капиталдык оңдоодон өтүп, жанаша курулган көпүрө учурда пайдаланылбай турат. Ошол пайдаланбай турган көпүрөнү облустук мекеменин техникаларынын жана Бакай-Ата райондук ЖЭП-47 ишканасынын атайын техникаларынын жардамы менен Мадылбек өзөнүнө 25 метр узундуктагы көпүрө салуу иштери жүрүүдө. Бул иш негизинен Бакай-Ата районунун Бакай-Ата, Оро айыл аймактары жайлаган Шыралжын жайлоосунда кен изилдөө иштерине байланыштуу жергиликтүү калктын суранычынын негизинде КР Өкмөтүнүн Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев Чүй облусунун губернатору менен макулдашып, Бакай-Ата району үчүн Мадылбек өзөнүнөн 20 миң га жайкы жайыт алып берген. Эми ошол жайлоого чыккан чабандардын коопсуздугу үчүн аталган 25 метр узундуктагы көрүрө салынуу аракетинде. Бул салынып жаткан көпүрө менен бүтүндөй Талас өрөөнү өтүүгө мүмкүндүк болот. Себеби, аталган коктуда болжолу 50 миң га жайыт бар.

Ал эми жайыт пайдалануучулардын эсеби менен 1 гектар аянтка 2 кой эсептелсе, кеп болуп жаткан жайытка 40 миң баш жандык жайлоого болот.

Аталган көпүрөнү салуу зарылчылыгы деген суроого Өзгөрүш айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Токобаев Саткыналы төмөнкүчө чечмелеп берди:

- Бул көпүрө Бакай-Ата жана Талас районунун чабандары үчүн абдан керектүү, себеби, Мадылбек суусу кирген учурда малды аркы өйүзгө алып өтүүдө жүк ташуучу унааларды жалдап, кыйынчылык жаратчу. Быйыл губернатордун жардамы менен мурда казак чабандары пайдаланчу жайыт Бакай-Ата району үчүн бөлүнүп берилип жатат. Эми бул көпүрөнүн максаты, мындан бери дегенде 10000 жандык, 3000 жылкы, 2000 бодо мал өтүп аркы өйүздө жайлайт. Жакынкы жайыттарга жайлаган мал үчүн бул жакка келип жайласа, суудан өтүп алган чабандар Мадылбектин төрүнө чейин отурукташып, Суусамыр жайлосундагы тардык менен оордукка жеңилдик болот. Бакай-Ата районунун жайыт пайдалануучуларынын баарысы жапатырмак жардамдашып жүрөбүз. Буйруса бул көпүрө салынып калса чабандар үчүн жеңилдик болот.

Мында 5 күндөн бери жайыт пайдалануучулардан башка райондук агрардык бөлүмү, ветеринардык жана фитосанитардык бөлүмүнүн башчысы, жол тейлөө ишканасынын жетекчилиги, район акими баш болуп элдин кызыкчылыгы үчүн иш алып барууда. Ал эми техникага кеткен чыгымды айыл өкмттөрүнүн, айыл кеңештеринин, жайыт пайдалануучулардын колдоосу жана жалпы эле район элинин ынтымактуу салымы менен күйүүчү май, иштеп жаткан кызматчылардын тамак ашы камсыздалган. Чабандар алыскы жайлоолорго камынып жаткан учурга жана суунун көбөйүү алдында тургандыгына байланыштуу ыкчам аракет менен облус губернатору тарабынан 25-майга чейин көпүрөнү салып бүткөрүү тапшырмасы берилген.

Миң-Булак айыл аймагынын жайыт комитети Шайсалы Турдубаевдин айтымында, Талас облусу боюнча 37 жайыт комитети бар, Мадылбек өзөнүнө өтүү үчүн суунун башына барып кечүүдөн тобокелчилик менен өткөндө айрым учурда жаш малдар, майда жандыктар сууга агып кетип жайыт пайдалануучуларды чыгымга учураткан. Мындан башка айрым чабандар жүк ташуучу унаа менен аркы өйүзгө өтүүдө ар бир каттамы миң сомдон төлөнүп, чабандын чөнтөгүнө зыян алып келчи. Көпүрө салынып бүтсө, аталган көйгөйлөр жоюлуп, жеңилдиктерди билдирүү менен Бакайаталык чабандарды бул жакка чакыруу аракетин көрүлөрүн маалымдады.

Жайлоо тардыгын чечип, чабандардын коопсуздугун камсыздап жаткан облус жетекчисине Бакай-Ата районунун акими жана жайыт пайдалануучулары жалпы элдин атынан ыраазычылык билдирет.

 

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь