КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Манас районунда штабдык машыгуу өткөрүлдү

2018-жылдын 4-майында Манас районунун Жарандык коргонуунун (ЖК) планынын негизинде “ЖК башкаруу органдарынын өзгөчө кырдаалдар учурунда иш-аракеттери” темасындагы штабдык машыгуу өткөрүлдү.  Манас районунун ЖК башчысынын башкаруу пунктунда райондук кызматтардын ЖК башчылары жана айыл аймактардын ЖК башчылары машыгууга тиешелүү буйруктарды алып, иш-чараларды аткарышты.

ЖКнын жана көчүрүү комиссиялардын отурумдары өткөрүлүп, тапшырмалар берилди. Андан соң ЖКнын түзүмдөрү катарга тизилди. 14 ЖК түзүмү жалпы 133 адам, 17 даана техника катышты. Практикалык иш-чаралар Покровка айыл аймагына караштуу Жайылган орто метебинде өтөкрүлдү. Эвакуация болуп доктурга чейинки тез жардам  окучулардын өздүк курамы менен жабыр тартандарга жардам берилди.

Андан соң  райондук ЖК кызмататардын арасынан  өрт очуруу тобу 1/8 , коомдук тартипти сактоо тобу  1/16  жана  байланыш звеносу  1/5 практикалык иш-чараларга  мектептин ОМ машыгууга тартылды.

 

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь