КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Шадыкан БСР

Шадыкан айыл аймагында тазалоого муктаж болгон суу топтоочу жайды жазгы элдик жыйында айтылып, облус башчысы жеринде таанышып, ал иш жүзүнө ашкан. Бүгүн механикалык тазалоо иши соңуна чыгып, жээктери бийиктелди. Бул суу топтоочу жай 1980-жылдардын башында 25 миң куб метр өлчөмдө курулуп, бүгүнкү убакка дейре тазаланган эмес болчу. Натыйжада, тазалангандан кийин сыйымдуулугу болжолу дагы 10 миң куб метрге көбөйгөнүн адистер белгтлешүүдө. Аны менен кошо суу топтоочу жайга келген арыктардын жээгиндеги тал-теректер кол менен тазаланды. Адистердин эсеби менен болжолу 2,5 млн сомдук жумушту аз каражат жумшоо менен ишке ашырышты. Жыйынтыгында облус башчысы да иштин бүтүшүнө күбө болуп кайтты. Бул айыл аймакта 7 суу топтоочу жай бар.

 

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь