КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Шекер элдик театры

2018-жылдын 26-апрелинде Шекер айыл аймагында “Күркүрөө” маданият үйүнүн кызматкерлери жана Шекер элдик театры тарабынан Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата Ч.Айтматовдун “Биринчи мугалим” “Толгонай” “Ак кеме” , чыгармаларынан үзүндүлөр коюлду. 

Поэзия коштолгон кечеге  Бишкек шаарынан акын  Гүлсүн Кабылбекова, Талас облусунун аксакалдар кеңешинин төрагасы, Талас турмушу газетасынан редактору  Козубеков , Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынан акимдин орун басары С.Карбозованын жана  китепканачылардын катышуусунда өткөрүлдү. 

Жыйынтыгында “Шекер” элдик театрынын катышуучуларына “Найын апа урпактары”  тобунун  катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн “Төш белгиси” тапшырылды. 

 

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь