КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Кызыл Ай коому тарабынан “Донор” темасында   тегерек стол  өткөрүлдү

2018-жылдын 23-апрелинде Кызыл Ай коому тарабынан Ж.Субанбеков, М.Орозбеков, Манас атындагы орто мектептеринин мугалимдерине “Донор” темасында   тегерек стол  өткөрүлдү.  

Донордун канына кимдер муктаж? Жана  Донорлуктун пайдасы боюнча кыскача маалымат берилди.  

Канды мезгил –мезгили менен тапшырып туруу, организмдеги темирдин санын көзөмөлдөп турууга шарт түзөт. Ошондой эле арыттуу түрдө  кан тапшыруу, организмдег жашаруу “программасын” иштете баштайт. Эркектер жүрөк-кан тамыр ооруларына сейрек кездешет, ал эми аялдар менопаузанын башталышын бир нече жылдарга артка жылдыра алат. Кан тапшырган адамдар, улам жаңыланып турган кандын эсебинен иммундук системасы, боору, уйку бези, тамак-аш сиңирүү системасы туруктуу иштей баштайт. Статистикага ылайык, донорлор орто эсеп менен өзүнүн башка мекендештеринен бир нече жылга узагыраак жашашат. Демек, кан тапшыруу ден-соолуктун абалын көзөмөлдөөдөн сырткары, эмоционалдык абал менен шартталган.

КАН БЕЛЕК КЫЛУУ-ӨМҮР БЕЛЕК КЫЛУУ МЕНЕН БАРАБАР.

 

 

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь