КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Таластык 20 жаштагы Аязбек Бекманбетов ырдап, кино тартып, тамадалык кызматты аркалап келет.

Өзүнүн айтымында, Кара-Буура районуна караштуу Көк-Сай айылында туулган. Окуучу кезинде эле Кытай мамлекетине барып, фестивалга катышып келген.
«Мен окуучу кезимде эле маданият тармагына кызыгып, өзүмдү активдүү көрсөтө алдым. Кытайдагы сапарда Үрүмчү, Бээжин, Наньтун жана Шанхай шаарларын кыдырып, кыргыз маданиятын даңазалап көрсөттүк», - деди ал.
Аязбек жогорку окуу жайлардын биринде 2-курста окуп жатат. Азыркы учурда кино жаатында өзүн сыноо үчүн Россиянын Саха шаарында жүрөт.
«Мен бул жакта жеке иштер менен алек болом. Андан сырткары кыргыз «Манас» диоспарасынын жаштар бөлүмүндө мүчө болуп, иштеп жатабыз. Бул жактагы тойлордо тамадалык кылабыз. Өзүмдү сынап, кыска метраждуу тасма да тартып жатам», - деди ал.
Аязбек Бекманбетов 2015-жылы Саха шаарында өткөн «Алтын Майдан» сынагына катышып, 3-орунду ээлеген. 2017-жылы Якутиянын Майя районунда өткөн «Зов земли Олонхо» эл аралык фестивалында ырдап, баш байгени жеңип, Түркияга эс алууга жолдомо алган. Үй-бүлөдө 2 бир туугандын улуусу. Ата-энеси ишкер.



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь