КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

6-апрель күнү Кызыл-Адыр айылындагы “Баатырлар аллеясында”  гүлдөр коюлуп, куран окулду.

2018-жылдын 6-апрель күнү Кызыл-Адыр айылындагы “Баатырлар аллеясында” айыл аймак башчыларынын, мекеме-уюм жетекчилеринин, Апрель баатырларынын жана коомчулуктун катышуусунда Апрель революциясына курулган эстеликке гүлдөр коюлуп, куран окулду. Куттуктоо сөздөрүн райондун акими Б.Сыдыкназаров жана мекеме-уюм жетекчилери айтып кетишти.

9-апрелинде Кызыл-Адыр айылындагы кичи футбол аянтында 2010-жылы революция күндөрү кайтыш болгон Апрель Революциянын Батырлары райондун Бакыян айылынын тургуну Үсөн уулу Дастанга жана Арчагул айылынын тургуну Сатыбалдиев Бекболсундун элесине арналган айыл аймактардын, мекеме-уюмдардын командалардын катышуусунда кичи футбол, волейбол, теннис, шахмат боюнча мелдештер уюштурулду.

Мелдешти башкы демөөрчүсү болуп, Кара-Буура райондук мамлекеттик администрация жана райондун мекеме-уюмдары 40,0 миң сом, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү 10,0 миң сом бөлүп беришти.

Жеңүүчүлөрү акчалай сыйлыктары, дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулган дипломдору менен сыйланышты.

 

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь