КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Кара-Буура районунда өрткө каршы машыгуулар өткөрүлдү

2018-жылдын 4-апрель күнү Кара-Буура районунун Чолпонбай айыл аймагынын Чымгент айылынын Жеңи-Жок атындагы орто мектебинде мугалимдердин жана окуучулардын өзгөчө кырдаалдарда жана өрт кырсыгы катталганда эмне кылуу керек” темасында тактикалык машыгуу өткөрүлгөн. Машыгууга 1 өрт өчүрүү жана 1 АКМ чыккан. Өздүк курам 18 анын ичинен 6 офицер катышкан. 483 окуучу эвакуацияланды, 4 окуучу сакталды. Окуучулардын ичинен 3 биргада 6 кишиден  жакшы даярдыгын көрсөтүштү.

Ушул эле күнү Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында жайгашкан Назыр базарында Өрт тактикалык машыгуу өткөрүлдү. Алдын ала макулдашуунун негизинде милиция кызматкерлери, Райондук электр тармактар ишканасы, тез жардам кызматтары тартылып биргеликте өткөрүлдү. Машыгууга 2 күжүрмөн эсеп жана 1 авариядан куткаруу унаа чыккан. Жалпы 18 кызматкер, анын ичинен 6 офицер катышты.

 

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь