КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Өзгөчө кырдаалдарды жана Өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча Координациялык кеңештин отуруму

2018-жылдын 18-апрелинде Манас райондук администрациясынын кичи жыйындар залында “Өрт жана өзгөчө кырдаалдар коопсуздугун сактоо, өрткө каршы гидранттарды жана жасалма суу көлмөлөрдү оңдоп түзөө иштери боюнча” координациялык кеңешме өткөрүлдү. Кеңешмеге райондук мамлекеттик администрация башчысы Б.Дүйшөбаев, биринчи орун басары З.Курманалиев, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондогу бөлүмүнүн жетекчиси У.Сыдыков жана айыл өкмөт башчылары, жасалма көлмөлөр жайгашкан мектептин жетекчилери, бала-бакчалардын жетекчилери, ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун жетекчисинин орун басары катышты. Өткөрүлгөн координациялык кеңешмеде тиешелүү чечимдер кабыл алынып, тапшырмалар берилди.



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь