КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Покровка айылынын борбордук көчөлөрүндө ишембиликтер өткөрүлдү

2018-жылдын 1-мартынан 31-майына чейинки жарыяланган үч айлыктын алкагында райондун ар бир аймактарында, ар бир айылдарында ишембиликтер өткөрүлүп келет. Ошого карабастан үстүбүздөгү жылдын 4-апрелинде Манас райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Б. Дүйшөбаев Покровка айыл өкмөт башчысы А.Жалилов жана МРОААжМСЭКБнын башкы дарыгери Ч.Сагындыкова менен биргеликте райондун борбору болгон Покровка айылындагы борбордук көчөлөрдө жайгашкан кафе, ашкана жана баардык соода түйүндөрүнүн ар бирине кирип айланасын таза кармоо, ирээтке келтирүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ар бир сатуучу менен сүйлөшүп чыгышты. Ошондой эле, түшүндүрүүнү туура кабыл алган сатуучулар жана кызмат көрсөтүү менен алектенген ишкерлер, чогулушуп ишембиликтерди өткөрдү.

 

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь